Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Суктандырган жана кооптондурган Кытай


Кытайдын башкаруучу Коммунисттик партиясынын курултайы өлкөнүн жаңы саясий жетекчилигин бекитип, алдыңкы он жылдагы ички-тышкы саясатынын багыттарын аныктайт.

Дүйнө жүзү кулак түрүп турган Кытайдагы жетекчиликтин алмашышы Борбор Азия аймагына, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?

Өткөн жыйырма жыл аралыгында дүйнөдөгү эң башкы насыя алуучудан эң ири насыя берүүчүгө айланган Кытай экономикасынын сыры эмнеде?

Кыргызстанга эмне берет?

Кытайда жогорку мамлекеттик жана партиялык кызматтагылардын жаш өзгөчөлүгүнө карата чектөө катуу сакталат. Мына ошондуктан Кытай Коммунисттик партиясынын саясий бюросунун тогуз мүчөсүнүн жетөө кызматын тапшырып, пенсияга чыгыш керек.

Мамлекетти жетектөөгө Кытайдын башкаруучу партиясынын бешинчи мууну келмекчи. Мамлекеттин жана башкаруучу партиянын башчылыгына 2002-жылы келген Ху Цзинтаонун учурунда Кытай экономикасы жылына он пайыздык өсүштү камсыздай алды.

Курултайдын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао 2020-жылга карата Кытайдын ички дүң продуктусу эки эсе өсөөрүн убада кылды. Ал мындай көрсөткүч жаңы экономикалык саясатты ишке ашыруунун негизинде камсыздала турганын айтты.

Жети күнгө созула турган курултайдын жүрүшүндө Кытайдын ички-тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары аныкталмакчы. Андыктан Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов анда кабыл алына турган чечимдер Кытайдын чек аралаш коңшулары үчүн да маанилүү деп эсептейт:

- Кытайда бийлик алмашуу болгондо анын саясатында адатта кескин түрдө өзгөрүү болбойт. Анткени кийин келген бийлик мурункусунун саясатын улантуу Кытай үчүн салттуу нерсе. Бирок эми азыр Кытай дүйнөдө экинчи экономика деген абалга келген учурда жаш жана прагматикалык ой жүгүрткөн жаңы муун бийликке келатат. Алардын дымагы жана ой жүгүртүүсү көтөрүлүп, жаңыча кырдаал түзүлүп жатат. Мындай шартта биз алардын мындан аркы тышкы саясаты жана тышкы экономикалык мамилелери кандай боло турганын талдап, кылдат байкоо салып турушубуз керек. Анан ошого жараша биз өзүбүздүн тышкы саясатыбыздын өзгөчөлүктөрүн аныктап, тактап алышыбыз зарыл.

Мындан жыйырма жыл мурун эле оор абалдагы Кытайдын экономикалык кубаттуу өлкөгө айланышы анын эл аралык деңгээлдеги ролун жогорулатты. Ал кийинки он жылда эң башкы насыя алуучу өлкөдөн Бразилия, Испания сыяктуу ири мамлекеттерге чоң өлчөмдө каражат карыз берген ири насыя берүүчүгө айланды. Ошол эле кезде Hurun Report басылмасынын маалыматы боюнча Кытайда 251 миллиардер жана эки жарым миллионго жакын миллионер адам жашайт.

Кытай соңку он жылда Орусияга, Казакстанга жана Тажикстанга ири өлчөмдө инвестиция салды. Кытайда өндүрүлгөн товарлардын соода маркасы дүйнө жүзүн каптагандыктан аны “дүйнөлүк фабрика” деп да каймана атап жүрүшөт.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Уран Ботобеков Кыргызстан Кытайдын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн кенен пайдаланса болмок деген ойдо:

- Кытай рыноктук мамиле менен пландуу экономиканы айкалыштырып, дүйнөнү таң калтыра турган чоң секирик жасай алды. Мындай аракет аларда дагы да уланып, Кытайдын экономикалык кубаттуулугу дагы күчөйт деген божомол бар. Кыргызстан Кытайдан тажрыйба катары ала турган нерселер аябай эле көп. Азыркы абалда Кытайдын мына ошол мүмкүнчүлүгүн туура пайдалануу аркылуу Кыргызстан өзүнүн экономикасын турукташтырып алса болот эле. Кытайдан демографиялык экспансия боюнча коркунуч бар экенин жокко чыгарууга болбойт. Бирок андан ири көлөмдөгү инвестиция тартуудан чочулабаш керек.

Арзан күч, келечексиз өсүш

Ошол эле кезде Кытайдын экономикасы тездик менен өнүгүп жатканына карабастан БУУнун өнүгүү программасынын маалыматы боюнча анда жашаган калктын он үч пайызга чукулу өтө жакыр абалда күн өткөрөт. Ал эми орто катмар катары саналган шаардык тургундардын бир жылдык кирешеси 3,5 миң долларды түзөт.

2011-жылдагы көрсөткүч боюнча андагы жумушсуздуктун деңгээли 13 пайызга барабар. Мына ошондуктан айрым экономисттер Кытайдын экономикасынын өсүшү арзан жумушчу күчүнө жана арзан энергия булагына байланыштуу деген жүйөнү карманышат. Адам укугун одоно бузуу менен катуу авторитардык тартиптин негизинде камсыздалган экономикалык өсүштүн келечеги жок дешет алар.

Экономист-талдоочу Мейманбек Абдылдаев Кытайдын экономикалык модели Кыргызстан үчүн үлгү боло албай турганын белгиледи:

- Кытай экономикасынын гиганттык кубаты калкынын санынын көптүгүндө жана эмгектин арзан бааланганында эле болуп жатпайбы. Бирок ошого карабастан кирешени жан башына бөлүү боюнча Кытай дүйнөдө төмөнкү орунда эле турат. Ал эми алдыңкы технология боюнча ал бир топ эле артта калган да. Болгону мына ошол технологияны жана товарлардын үлгүсүн көчүрүп, жапырт чыгаруу менен гана алдыда турат. Анан калса ал жактагы тартиптин катуулугу аз чыгым менен көп киреше табууну көздөгөн инвесторлор үчүн чоң кепилдик болду. Болбосо ал жакка жылына 60 миллиард долларлык инвестиция кирбейт болчу. Биз үчүн Кытай экономикасынын модели үлгү боло албайт. Биз башка өнүккөн мамлекеттерден үйрөнүп, ошолордон көп тажрыйба алышыбыз керек.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү ал жактын статистикалык маалыматы боюнча 2009-жылга чейин 10 миллиард долларды түзгөн. Соңку мезгилдеги каржылык капсалаңдан кийин анын көлөмү бир аз азайганы менен Кыргызстан аркылуу өткөн товарлардын көлөмү жогору бойдон калууда. Бирок талдоочулар Кыргызстан Кытай товарларын импорттоого гана ыңгайлашып, ата-мекендик өндүрүш дээрлик талкаланып баратканын белгилешти.

Ошондой эле эксперттер Кытай Кыргызстанды теңата экономикалык өнөктөшкө караганда чийки зат базасы катары кабыл алган тенденция күчөгөнүн байкашкан. Мейманбек Абдылдаев Кыргызстан жакынкы мезгилде чара көрбөсө, Кытай экономикасынын туткунунда калабы деп кооптонот:

- Алардын товарларына чек койуу өтө татаал. Алардыкы арзан. Анан калса биз ал жактан ала турган гана эмес, мурда өзүбүздө кеңири өнүккөн товарларды деле ташып келип жатабыз. Ал жактан керек болсо алма, эт сыяктуу кадимки тамак-аш азыктарынан бери ташып жеп калдык. Муну менен биз ата-мекендик өндүрүштү гана эмес, айыл чарбасын да иштен чыгарабыз. Ушинтип отурсак биздин экономиканын келечеги болбойт.

Ошол эле кезде талдоочулар Кытайдын экономикалык экспансия саясаты өзүнүн чек аралаш коңшуларынын колун байлап, көз карандылыкка алып келиши мүмкүн деп чочулашат. Бирок инвестицияга муктаж болуп турган Борбор Азия аймагындагы мамлекеттер Кытайдын экономикалык кызматташуу боюнча сунуштарынан баш тарта албай келе жатканы белгиленди.

Мындан сырткары Кытай жарандарынын агымы күчөп, демографиялык экспансия коркунучу калкынын саны аз Кыргызстан сыяктуу майда коңшуларды чочутуп турган учур.

XS
SM
MD
LG