Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Кыргыз жана кытай өкмөттөрү Кыргызстанда кытай тилин өнүктүрүү боюнча ар кандай билим берүү мекемелерди ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бишкектин 69-мектебинин окуучулары англис жана немис тилдеринен тышкары кытай тилин да үйрөнүшөт. Бул мектеп - Кыргызстанда өзүнүн окуучуларына кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бергендердин бири.

Мектепте кытай тили адегенде кошумча сабак катары окутулуп, 2005-жылдан баштап программага киргизилген. Директордун орун басары Атыркүл Рыскелдиеванын айтымында, окуучулар тилди 5-класстан баштап үйрөнүшүүдө:

- Борбор Азия боюнча эӊ биринчи Конфуций класстары биздин 69-мектеп-гимназиясында 2011-2012-окуу жылында ачылды. Компьютерлерди жана эмеректерди Кытай сатып берди. Башкы планыбыз - Конфуций институту менен келечекте чогуу иш алып баруу. Бүгүнкү күндө 1-класска келгенде деле ошол кытай класстарын көбүрөөк талап кылып жатышат.

Кытай класстардагы окуучулар англис тилин да окушат. Бирок негизинен чыгыш тилине басым жасалып, бир аптада кеминде беш сабак болот. Тилди жергиликтүү университеттердин Кытай бөлүмдөрүн аяктаган бүтүрүүчүлөрү үйрөтөт. Дүйнөдө таанымал Конфуций институту мектеп менен кызматташтыктын алкагында мугалимдер менен окуучулардын чеберчилигин өнүктүрүү үчүн Кытайга барып турушат.

"Кытай көпүрөсү" сынагынын жеӊүүчүсү, кытай тилинин беш деӊгээлинин төртүн өздөштүргөн Майрам Бердибекова:

- Негизи кытай тили татаал. Үйрөнүш үчүн дайыма изденип, китеп окуп туруш керек. 10-15 күнгө токтотуп койсоӊ унутуп каласыӊ. Менин окуганыма беш жыл болуп калды. 5-класста баштагам, азыр 10го көчтүм. Беш жылдын ичинде анча-мынча билип, түшүнүп калдым. Башында кызыгып, кандай болот экен деп, анча деле маани берчү эмесмин. Кийинки жылдары изденип, кызыгып кетип, акыркы эки-үч жылдары берилип окуп атам.

Кызматташтыктын жемиши

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча кытай тили шаардагы бир нече мектепте англис, немис, француз тилдери менен бирдей деңгээлде окутулат.

Мындан тышкары учурда шаарда кытай-кыргыз аралаш мектебин куруу камылгасы да көрүлүп жаткан кез. Аталган башкармалыктын анализ жана мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Хадича Арапчикееванын айтымында, бул аракет билим берүү жаатында Кыргызстан менен Кытайдын макулдашуусуна ылайык жасалууда.

- Аны куруу боюнча ортончу Жалда эки гектардан ашык жер тилке бөлүнгөн. Куруу иштери азырынча баштала элек, андан тышкары окуу программасы кандай болору да аныктала элек. Бирок биз божомолдогондой, башында мектеп кыргыз тилинде болуп, кытай тили тереӊдетилген түрдө чет тил катары берилип, кийин толук кытай тилдүү болуп калышы мүмкүн.

Мындан тышкары азыр эки өлкөнүн тиешелүү тармактары ортосунда тутумуна университет, мектеп жана балдар бакчасы кирген билим берүү борборун куруу пландары да талкууланууда.

Өкмөттүн билим берүү жана илим секторунун эксперти Абдылда Матамаровдун "Азаттыкка" айтканына караганда, бул маселе Кытайдын Шинжаӊ мамлекеттик университетинин делегациясы менен вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Гүлнара Асымбекованын 27-августтагы жолугушуусу учурунда да сөз болду.

Тилин билип, дилин үйрөнүп...

Кытай тилиндеги адистикке Бишкек гуманитардык университети баштаган бир топ жогорку окуу жайлары даярдайт. Алардын бири - Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин Кыргыз-кытай факультетинде бул адистикке окуп жаткандардын саны 2000ге чейин жетти. Факультеттин башчысы Болот Токтобаев:

- Бүтүрүүчүлөрдүн баары иш табышты. Билесиӊер, бизде кытай фирмалар бар, болбой баратса "Таатанда" иштешет, Казакстандан мунай компанияларга алып кетишти. Буйруса Кытайда да он чакты бала иштейт. Бүтүрүүчүлөрдүн саны 54 болсо, 50гө жакыны иш тапты.

Ошентип бүгүн түрк, англис тилдүү мектептердин, жогорку окуу жайлардын катарын кытай тилиндеги билим берүү мекемелери да толуктап жатат. Мындай кубулушту ааламдашуунун бир көрүнүшү катары колдогондор да, ага каршы чыккандар да аз эмес. Маселен, Билим берүү боюнча эксперт Мээрим Кадырова.

- Кытай тарабынан Кыргызстанга ачык болбосо да, тымызын экспансия иштери жүрүп жатат. Ошон үчүн абайлашыбыз керек. Кытай тилин билүү – кошумча плюс, мунун эч кандай жамандыгы жок. Канчалык көп тил билсеӊ, ошончо акылдуу жана күчтүү болосуң. Бирок ошол эле учурда калкыбыз өзүнүн маданиятын, тилин сактап калыш үчүн башкалардын тилине, маданиятына абайлап караш керек.

"Азаттык" менен маегинде өкмөттүн жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстанда иштеп жаткан чет тилдик билим берүү мекемелер жана келечектеги долбоорлор мамлекеттик стандарттарга тийиштигин көзөмөлдөп, текшерип турарын айтышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG