Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:16

Жанузаков: Кытай тилин үйрөнүү зарыл


Болот Жанузаков
Болот Жанузаков

Жогорку Кеңеш депутаттарынын Кытай экспансиясы тууралуу кооптонуулары боюнча “Кытай маданиятынын борборунун” жетекчиси, коомдук ишмер Болот Жанузаков “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда Кытайдын мыйзамсыз жүргөн жарандары көбөйүп, жылма экспансия күч алганын айтып чыгышты. Сиз мындай пикирлерге кошуласызбы?

- Чындыгын айтканда, депутаттар бул маселени көтөрүүдөн мурда өздөрү талдап, текшерип, байкап туруп жалпы элге алып чыкса жакшы болоор эле. Ушул маселени көзөмөлгө алуу, тактоо жана жылма экспансияга жол бербөө мүмкүнчүлүгү депутаттардын өзүндө турат. Дүйнө жүзүндөгү бүт эле мамлекеттер чет өлкөлүк инвестицияларды тартып, коңшу мамлекеттер менен ымала түзүп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, өзүнүн чечилбей жаткан маселелерин, өзгөчө экономика маселесин чечип келишет.

Бүгүнкү күндө биздин өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз болбогондуктан, өз күчүбүз жетпегенден кийин Кытайдан да, Орусиядан да, Түркиядан да инвесторлорду таап, өз экономикабызды өстүрүшүбүз керек. Өзүбүздүн өсүп-өнүгүшүбүздү мындай жол менен камсыздоо - бул мыйзамдуу эле көрүнүш.

- Ошол эле учурда Кыргызстанда кытай тилин мектептерде да үйрөтө башташты, борборлор ачылып жатат. Керек болсо Кытайдын телеканалдарын көргөндөр бар. Мунун баары кытайлашуу жараянынан кабар бербейби?

- Жок, бул кыргыздын келечек муунун өстүрөлү гана дегенибиз. Кытайдын экономикасынын гүлдөп өсүшү, Кытайдын бүт дүйнөдөгү беделинин көтөрүлүшү кытай тилин үйрөнүү зарылдыгын көрсөтүп турбайбы. Биз англис, немис, корей тилин окуп жатабыз. Эмне үчүн кытай тилин окуганга болбосун? Буга көңүл бурбасак болбойт.

Анын үстүнө кытай менен кыргыздын ортосунда байыртадан бери келе жаткан өзгөчө мамиле бар. Бул – коңшулаш эки элдин ортосундагы байланыш. Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдык тарыхы бар экендигин Кытайдын жазма тарыхынан алып тааныганбыз.

- Сиз кытай менен кыргыздын ортосундагы өзгөчө байланыш бар дедиңиз. Мисалы, кызыңызды кытай улутундагы жаранга берет белеңиз?

- Ал кызымдын өзүнүн эрки. Берем же бербейм деп кантип өзүмдүн кызым үчүн айта алам? Менин кызым Кытайда, Бээжинден окуп, быйыл бүтүп келди. Азыр Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо жаңыдан иштей баштады.

- Демек сиз каршы болбойсуз..?

- Мен каршы эмесмин. Негизи ар бир долбоорду ишке киргизээр алдында, ага келишим түзүлөт. Ал жерде долбоордо Кытайдан канча жаран же башка жарандар иштери жазылат.

- Бейрасмий маалыматтар боюнча миңдеген кытайлар Кыргызстанга келип жатканы айтылып келет. Улуттук коопсуздук эмне болот? Алар кантип көзөмөлгө алынат?

- Бул көзөмөлдү жүргүзө турган өзүнчө мамлекеттик органдар бар. Ал мамлекеттик кызмат өзүнүн ишин так жана түз алып барса, бул биздин коопсуздугубуздун кепилдиги болот. Чет өлкөдөн келген адамдардын биздин мыйзамдарды сыйлап, аларды так аткарууга милдеттүү кылыш – бул биздин мамлекеттик органдардын иши. Ошол эле мыйзамды сыйлатуу, эрежелердин аткарылышын талап кылып алуу ошол эле депутаттардын негизги иши.

XS
SM
MD
LG