Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Балалыкка балта чапкан бачабаздар көбөйдү


Бишкекте жарандык активисттер кол топтоп, наристелерди зордуктаган адамдарды катаал жазага тартуу керектигине коомчулуктун жана өкмөттүн көңүлүн бурганы жатышат.

Жарандык активисттер өткөн аптада 3 жашар кызды өз атасы зордуктаган окуядан соң бачабаздыкка жазаны күчөтүү талабы менен кол топтой баштады.

Бул демилгени көтөргөндөрдүн бири Атыр Абдрахматованын айтымында, жогорудагы окуя бачабаздыкка жазаны күчөтүүгө мезгил жеткенин далилдеди:

- Жыл өткөн сайын эле Кыргызстанда наристелерди зордуктаган окуялар көбөйүп баратат. Мисалы былтыр эле Арча-Бешик конушунда 8 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүп кетти. Мына кечээки окуяны алалы. 3 жаштагы кызын зордуктап, сабап, бетин бычак менен 12 жолу тилиптир. Мындай окуяларды айта берсек, узун сабак сөз. Бирок бул ишке баргандардын кандай жазага тартылганы тууралуу эч маалымат жок. Ошондуктан муну токтотушубуз керек.

Абдрахматова айтып жаткан үрөй учурган окуя 25-апрелде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда болду. Шаардык милициянын маалыматында, бул конуштун тургуну 29 жаштагы Үсөн Сакатаев аттуу жаран мас абалында өзүнүн 3 жаштагы кызын сабап, зордуктаган деп шектелүүдө. Өз атасы кордоп, эки кабыргасы сынып, жүзү бычак менен тилинген наристе учурда Бишкектеги №3 балдар ооруканасында дарыланууда.

Аталган ооруканадан “Азаттыкка” билдиришкендей, беш күндөн бери реанимацияда жаткан кыз шейшембиде эсине келди. Бирок абалы оор бойдон калууда. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, өз кызын зордуктады деп шектелген Сакатаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Ошентип, үрөй учурган окуя бачабаздыкка жазаны күчөтүү боюнча талкууларга кайрадан жол ачты. Ички иштер министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда балдарды зордуктоо же педофилия көрүнүштөрү көбөйүүдө. Аталган министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун айтымында, жыл башынан бери эле мындай мүнөздөгү 30дан ашык кылмыш катталган:

- 2012-жылы жашы жете элек өспүрүмдөргө карата сексуалдык мүнөздө 151 кылмыш катталган. Бул кылмыштардын 148и ашкере болуп, 3 кылмыштын гана бети ачылбай калган. Ал эми быйылкы жылдын үч айында мындай мүнөздөгү 34 кылмыш катталды. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын көбөйүп жатат. Мунун себебин, социалдык маселелер, балдарга көп көңүл бурулбагандык жана аракечтиктен көрүп жатабыз.

Мындай көрүнүштөргө каршы туруу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары бачабаздыкка баргандарды химиялык жол менен кастрациялоо же бычууну караган мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Аталган долбоор өткөн жумада парламентте экинчи окууда кабыл алынып, майдын аягына чейин үчүнчү окууда каралган турат.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешов бачабаздарды химиялык жол менен бычуу аркылуу бул көрүнүштү азайтууга болот деген пикирде:

- Албетте, мындан жыйынтык болот. Себеби, бизде өлүм жазасына тыюу салынгандыктан бачабаздык кылгандарды ата албайбыз, күч колдонуп бычуу да мыйзамдарга каршы келет. Ошондуктан, жалпы дүйнөдө колдонулган химиялык жол менен кастрациялоону сунуштап жатабыз. Бул жаза кандайча ишке ашат? Бачабаздыкка баргандар түрмөгө кесилип, чыгаарына алты ай калганда атайын ийне сайылат. Мындай жол менен кылмышкерлерди көзөмөлгө алып турууга болот.

Анткен менен айрым жарандык активисттер химиялык кастрация аркылуу бачабаздыктын азаярына ишенбейт. Алардын бири Балдардын укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова:

- Биз химиялык кастрация педофилия кылмыштарын азайтарына көзүбүз жетпей жатат. Себеби, педофилия бул - психологиялык оору. Аны ийне сайуу менен эле токтотуп коюуга болбойт. Ошондуктан “ийне сайдык, эми мындай ишке барбайт” деп эркиндикке чыгарып жибербей, жаза мөөнөтүн узартуу керек деп ойлойбуз.

Ошол эле кезде айрым укук коргоочулар Кыргызстанда мындай мыйзам кабыл алынса, сот адилеттиги толук орнобогондуктан күнөөсүз адам да жазага тартылып калышы мүмкүндүгүн белгилешет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG