Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Акталган үч депутат парламентке келди


Бишкек шаар соту актаган үч депутат маалымат жыйынында. Бишкек, 19-июнь, 2013.
Бишкек шаар соту актаган үч депутат маалымат жыйынында. Бишкек, 19-июнь, 2013.

Бишкек шаар соту актаган үч депутат шаршембиде Жогорку Кеңештин жыйынына катышты.

Дээрлик 9 ай камакта отурган соң өз ишине, парламентке келген Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовду кесиптештери куттуктап жатышты. “Ата-Журт” фракциясынын сунушу боюнча аларга парламент жыйынында атайын сөз берилди.

Анда Камчыбек Ташиев шаардык соттун чечимин адилет деп атап, бул чечимден соң Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгү бар экенине ынанганын жарыялады:

- Биздин мамлекетте мыйзам үстөмдүгү бар экен. Эгерде мыйзамдын үстөмдүгү болбой, саясий себеп менен камап жиберебиз десе, ал деле болмок. Бирок мамлекетибизде демократиянын бар экенине, укуктук мамлекет экенине жана президентибиздин соттолсо соттолсун, акталса акталсын деген позициясынан улам мыйзамдуу чыгарылган чечимге баарыбыз макул болушубуз керек.

Ал эми Садыр Жапаров болсо Кумтөр кениндеги мыйзамсыз аракеттерди ашкерелегени үчүн саясий буйруктун негизинде камакка алынганын билдирип, мындан ары да “Центерра Голд” компаниясы менен келишимди бузууга болгон аракетин жумшаарын убада кылды

- Камалып калганыбыздын себеби Кумтөр маселесине байланыштуу экенин коомчулук жакшы билет. Бул маселе 1997-жылдан тарта ушул күнгө чейин чечилбей келет. Ушуга байланыштуу мен бийликти басып алайын деп эмес, бул маселеге коомчулуктун көңүлүн бурайын деп митинг уюштургам.

Анткен менен социал-демократчы депутат Ирина Карамушкина “Ата-Журттун” депутаттарынын толугу менен акталганы жөнүндө сөз кылуу эртелигин, жогорку баскычтагы соттун чечимин күтүү керектегин айтып чыкты:

- Президент Алмазбек Атамбаев сотторго кийлигишпей, басым жасабаганы үчүн көз карандысыз чечим чыгып отурат. Эгер мурдагы бийликтин тушунда болсо мындай кадамдар үчүн 20 жылга кесип салмак. Бүгүн бул депутаттарды баатыр болгондун ордуна, жөнөкөй болууга чакырат элем. Анткени силердин актыгыңар толук далилденип, бул маселеге чекит коюла элек.

Түштөн кийин камактан бошотулган депутаттар атайын маалымат жыйынын уюштуруп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Анда Камчыбек Ташиев 3-октябрдагы митинг учурунда бир катар осол аракеттерге жол бергенин моюндап, бирок бийлик муну өз пайдасына колдонгонун билдирди:

-Туура, бизден да айрым мүчүлүштүктөр кеткен. Ошондой жагдай түзүлүп калды. Муну биз мойнубузга алабыз. Бирок аны менен камап койбош керек болчу.

Ташиев шаардык сотто бийлик менен эч кандай соодалашуу болбогонун, бул маселеде президенттин сот чечимин күткүлө деген позициясы туура болгонун билдирди. Муну менен катар Жогорку Сот шаардык соттун чечимин четке какса да, мыйзамсыз кадамдарга барбай турганын жар салды.

Ал ортодо Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун бул өкүмү боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыз даярдап жатканын билдирүүдө. Башкы прокуратуранын өкүлү Иляс Арзымбаевдин айтымында, учурда шаардык соттун өкүмү прокуратурага келип түшө элек:

- Учурда бул чечим бизге келе элек. Эртең бизге берилиши керек. Андан соң аны изилдеп карап чыгып, Жогорку Сотко кайрылабыз.

Март айында депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен Бишкектин Биринчи май райондук соту 1-1,5 жылга кесилген. Бирок андан жогорку баскычтагы шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды бошотту.

Жогорку Кеңештин үч депутаты былтыр 3-октябрда Бишкектеги митингден кийин Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо, бийликти күчкө салып тартып алуу, же бийликти күч менен кармап туруу деген айыптар менен камалган.

Тасмада: Акталган депутаттар парламентте

Ташиев: Мыйзам үстөмдүгү бар экен
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG