Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Кыргызстан "кара тизмеден" чыгууга камынууда


Нарын аэропортундагы учак. 16-июль, 2013-жыл
Нарын аэропортундагы учак. 16-июль, 2013-жыл

Кыргызстан 2014-жылга карата авиакомпанияларын Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу аракетин көрүүдө.

Ал ортодо эксперттер өлкөдө коопсуздук талаптарына жооп бербеген авиокомпаниялардын катары өскөнүн белгилеп жатышат.

"Кара тизме" кайгайы

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эркин Исаковдун “Азаттыкка” айтымында, Кыргызстанда Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуунун негизги шарттары аткарылууда. Мыйзамдык-укуктук база жаңыланып, авиация адистеринин квалификациялары жогорулатылган. Муну менен катар айрым авиакомпаниялар жаңы учактарды сатып алышууда. Бул ирет авиакомпаниялар өздөрүнүн атынан кара тизмеден чыгуу боюнча Евробиримдикке кайрылганы жатышат.

- Мыйзамдардын жана учактардын жаңыланышы менен келерки жылы кара тизмеден чыгабыз деп үмүттөнөбүз. Бул ирет өзүнө ишенген, даярбыз деген авиакомпаниялар өздөрү да “кара тизмеден” чыгуу боюнча Еврокомиссияга арыз жазышат. Ал жактан келген аудит текшерип чыгып, анан чечим чыгарат. Кыргызстанда катталган 20га жакын авиакомпаниянын алтоо жүргүнчүлөрдү ташыйт. Биринчи кезекте ошолор “кара тизмеден” чыгууга кызыкдар болушу керек.

Европа Биримдиги Кыргызстандын жарандык авиация агенттигин баш кылып, авиакомпаниялардын бардыгына мыйзамдык базасы жана учактардын коопсуздукту сактоо талаптары эл аралык стандартка дал келбейт деген негизде өз аймагында учуусуна 2006-жылы тыюу салган. Тиешелүү органдар аракеттер көрүлүп жатат деген менен Кыргызстан жети жылдан бери “кара тизмеден” чыга албай келет. Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары Бишкектен Лондон, Бирмингем, Франкфурт, Мүнхен, Ганновер, Гамбург, Штутгарт жана Амстердам өңдүү шаарларга түз учуп турган.

2006-жылдан бери бери Кыргызстанда катталган 37 авиакомпаниянын теңинен көбү талапка жооп бербегендиктен жабылган болчу. Азыр алардын саны кайрадан көбөйүп, 20га жетти. Булардын ичинен экөө гана, “Эйр Кыргызстан” жана “Эйр Манас” “кара тизмеден” чыгууга дээрлик даяр экени айтылууда.

Ал эми Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов азыр бир катар авиациалык эрежелер иштелип чыкканын белгиледи:

- Мурда коюлган талаптарга ылайык, 20 авиациялык эрежелерди иштеп чыктык, тартипке келтирдик. Эмки жылга атайын аудитор чакырып, даяр болгон компанияларды чыгаруунун үстүнөн иш алып барабыз.

Эксперттердин баамында, авиакомпанияларды көзөмөлдөп, аларды текшерген Жарандык авиация агенттигинин өзү “кара тизмеде” турган шартта калгандарын чыгаруу оңой-олтоң болбойт. Негизинен бул тармак эң кирешелүүлөрдүн катарына кирет. Ошол жагынан алганда Кыргызстан “кара тизмеге” кирип, бир топ кирешеден кур калууда.

Ал ортодо эксперттер өлкөдө коопсуздук талаптарына жооп бербеген авиакомпаниялардын катары кайрадан өсүп жатканын белгилешүүдө.

- Жарандык авиация департаментинде коррупция кайрадан күч алып, чет элдик компанияларды кыргыз жарандарынын атына каттай коюп, авиакомпаниялардын санын өстүрүп жатат. Еврокомиссия 2006-жылы да ушундай жагдайларды байкап туруп “кара тизмеге” киргизген. Учактарды ижарага алып келип эле жаңысын сатып алдык деп элди алдап, көз будамайлаган коррупциялык схемалар гүлдөп кетти, - дейт мурдагы депутат Бегалы Наргозуев.

Кыргызстанда салыштырмалуу авиакомпанияларды каттоо жеңил, бул багытта мыйзамдар да жумшагыраак. Ошол себептенби, Казакстан, Монголия, Орусия жана Түркия сыяктуу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда авиакомпаниялардын саны көп. Жарандык авиация агенттиги эми компаниялардын тизмесин кыйла кыскартып, коопсуздук талаптарын күчөтүүнү максат кылууда.

2014-жылы Кыргызстанга Эл аралык жарандык авиациянын инспекторлору келгени жатат. Алар аталган агенттиктин ишин жана өлкөдө катталган авиакомпанияларды текшерет. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү кыргызстандык компаниялардын ишинен кынтык тапса келерки жылы да “кара тизмеден” чыкпай калышыбыз мүмкүн.

- Мен эч нерсе жасалган жок деп айта албайм. Бирок “кара тизмеден” чыгууга жетиштүү чара көрүлгөн жок, - дейт “Кыргызтрансавиа” компаниясынын вице-президенти Таалайбек Окенов.

"Кара тизме" саясий чечимби?

Кыргызстанда мурдагы "кара тизмедеги” "Феникси авиаэйшн" авиакомпаниясы үчкө бөлүнүп, "Макс авиа", "Интал авиа" жана "Исток авиа" болуп кайрадан катталган. Ал эми 2009-жылдагы текшерүүдө Чикаго конвенциясында көрсөтүлгөн коопсуздукту сактоо эрежелери сакталган эмес делип жабылган “Итек Эйр” компаниясы кийин “Эйр Бишкек” деген ат менен ачылганы айтылып келет. Бирок аталган компаниянын жетекчилиги муну четке какты. Эксперттер болсо мына ушундай атын ооштуруп, жаңысын ача коймой көрүнүштөрдөн эл аралык чөйрөдө Кыргызстандын имиджи түшүп жатканын белгилешүүдө.

Анткен менен Кыргызстандагы көпчүлүк компаниялардын кызыккан рыногу Европа эмес деген пикирин “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын вице-президенти Кайрат Итибаев билдирди. Анын пикиринде, “кара тизме” саясий чечим болгон. Учуу коопсуздугу Кыргызстандан начар өлкөлөр деле Еврокомиссиянын "кара тизмесине” илинген эмес.

Кырсыкка учураган учак, Ош. 29-декабрь, 2011-жыл
Кырсыкка учураган учак, Ош. 29-декабрь, 2011-жыл
- Биринчиден, “Эйр Кыргызстан” жана башка авиакомпаниялардын кызыккан рыногу Европа эмес. Анткени жүргүнчүлөр анчалык көп эмес. Жалпысынан айтканда, биздин авиакомпаниялар жакынкы КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Орусияга учууга кызыкдарбыз, ошол жакта көбүнчө иштеп жатабыз. Мындан сырткары, Түштүк Чыгыш Азия, Корея, Кытай, Малайзия жана Араб өлкөлөрү бизге кызык. Экинчиден, имидж маселесинде “кара тизме” бул саясий чечим. Бул Европага эле таандык тизме. Алар өздөрүнө кызыксыз, кичине жана анча-мынча ишеним көрсөтпөгөн мамлекеттерди ушул тизмеге киргизип койгон.

Өткөн жылы да Брюсселде Еврокомиссияга кирген мамлекеттердин аймагында учууга тыюу салган тизмеси жаңыртылып жарыяланган. Бул тизмеге 21 өлкөдөн 279 компания илинген. Алар: Ооганстан, Ангола, Бенин, Конго жана Конго демократиялык республикасы, Жибути, Индонезиянын алты компаниясынан башкасы, Филиппин, Сан Томе, Судан, Замбия жана башкалар. Мына ушулардын катарында Кыргызстан, кошуна өлкөлөрдөн Казакстан да бар. Адистердин айтымында, Кыргызстандын учуу коопсуздугу 78-79 пайызды түзөт. Ал эми дүйнөдө учуу коопсуздугунун орточо көрсөткүчү 61% деп көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG