Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Абдулла Юсупов деген ким?


Өзүн Кыргызстандагы өзбек жамаатынын өкүлү деп тааныштырган Абдулла Юсупов маалымат жыйында, Бишкек. 27-январь, 2011-жыл.
Өзүн Кыргызстандагы өзбек жамаатынын өкүлү деп тааныштырган Абдулла Юсупов маалымат жыйында, Бишкек. 27-январь, 2011-жыл.

Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековдун кылмыш иши сотко өттү.

Түрмө жетекчиси апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов катышкан тасмага байланыштуу 29-ноябрда камакка алынган. Ал тасмада Юсупов абакта чогуу отургандар менен чогуу тамак жеп отурганы тартылган. Соттолгондордун арасында өмүр бою эркинен ажыратылган адам да болгон.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Юсуповго байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчисин сындап кайрылуу тараткан эле.

Чуулгандуу тасмалар менен аты чыккан Абдулла Юсупов деген ким?

Абдулла Юсупов тартылган соңку видео сентябрь айында интернетке чыккан. Анда Юсупов аны менен кошо абакта отурган Дастан Оморов, өмүр бою эркинен ажыратылган Улан Кожоев жана башка эки адам менен бир камерада жайыл дасторкондо тамак жеп, Айт майрамы менен бири-бирин шатыра куттукташканы, телефондон кимдир бирөөлөр менен сүйлөшкөндөрү уюлдук телефонго ачык эле тартылган.

​Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор Майрамбек Акматалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул тасмага байланыштуу кылмыш иш козголуп, иликтөө октябрь айында эле башталган:

- Юсуповдун макамы – соттолуучу. Булар: Юсупов, Оморов баш болгон төрт соттолуучу Жаза аткаруу кодексинин 12-беренесине ылайык, 2012-жылы сентябрда өмүрүбүзгө коркунуч келди деп арыз жазып, андан тыянак чыгарылып, өзүнчө камерада кармалып турган. Ал эми тасмадагы Кожоев өмүрүнүн акырына чейин кесилген адам. Анын макамы ПЛС (пожизненное лишение свободы - өмүр бою эркинен ажыратылган) деп аталат. Мындай адамдар коомдон бөлүнүп, “локалкада” кармалат. Анан тасмада көрүнүп тургандай “плсник” менен соттолуучулар бир камерада отуруп, тамак ичип жатышат. Ошонун баарын текшерип чыгып, №1 тергөө абагынын жетекчилери одоно мыйзам бузгандыгы үчүн иш козгогонбуз.

Өзбек тектүү, кыргызчаны суудай сүйлөгөн, сөзмөр, жарашыктуу кийинген 31 жаштагы Абдулла Юсупов Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну. Кылмыш иштерине байланыштуу өмүр таржымалын иликтеген милициянын оперативдүү кызматкерлеринин билдиришинче, анын аты 2004-жылы парламенттик шайлоодон кийин чыга баштаган.

Ошол кезде Сузак-Базар-Коргон округдарынан талапкер Замирбек Мураталиев дагы бир талапкер Абдумуталип Хакимовдон утулуп калган. Утулган талапкер сотко кайрылып, анын таламын талашып митинг өткөргөндөрдүн, Жогорку Сотко чейин келгендердин башында Юсупов турган.

2005-жылы март ыңкылабы маалында Юсупов Бакиевдер тарапка өткөн. Атын жарыялабоону өтүнгөн Сузак райондук милициясынын оперативдүү кызматкери Юсуповго ага каршы кылмыш иштер ошол ыңкылаптан көп өтпөй эле козголгонун “Азаттыкка” айтып берди:

- Бул Бишкекте Бакиевдердин адамдарына кошулуп кетет. Ошолор менен кошо митингде жүрүп, “мына, өзбек тектүүлөр да Бакиевди колдойт” деп чыга баштайт. Анан ыңкылап болгондон үч-төрт ай өткөн соң Сузакка костюм-шым кийип келе баштайт. “Мен Бакиевдин штабынан келдим” дейт. Бул жактагы маселелерди чече баштайт. Курманбек Бакиевге түз кирерин айтып, элдин арыз-муңун уга баштайт.


Кийинчерээк ошол арыз-муңун айткандардан Юсупов акча алдап кеткени белгилүү болгон:

- Биринчи жолу “көз боёмочулук” боюнча 2006-жылы бул Сузакта камакка алынган. Ага арыз жазгандар кайра арыздарын кайтарып алып, айтор кайра бошонуп чыгат. Ошол боюнча Бишкекте жүрөт. Жаныш Бакиевдин баласы Искендер Бакиев менен жүрөт. 2010-жылы революция болгондо бул дароо берки тарапка өтүп кетет. Аны мага өзү айтып берген. 2010-жылы Сузакка качып келгенде биз камаганбыз. Анткени “алдамчылык” фактылары менен кармалбай жүргөн эле. Анан биз мыйзамсыз тапанча алып жүргөн факты боюнча аны камап “көз боёмочулук” боюнча жалпы 9 факт менен ишти июнь айларында сотко айдаганбыз.

Бул фактылар боюнча Юсупов шарттуу кесилген. 2011-жылы болсо Юсупов мурдагы муфтий Мураталы Жумановду уурдап, токмоктогон деген айып менен камалып, соттолгон.

АбдуллаЮсуповдун аты 2012-жылы августта дүңгүрөдү. Ал НТС телеканалына интервью берип, “атамекенчи” депутаттарды, тактап айтканда Өмүрбек Текебаевди, Болот Шерди, Туратбек Мадылбековду жана Райкан Төлөгөновду апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча айыптаган. Бакиевдердин мүлкүн ташып чыгууга буйрук берген деп жар салган:

- Эски бийликтен жаңы бийликке өтүп жаткан абалда Бакиевдердин мал-мүлктөрү, ошондой эле мыйзамсыз ээлеп алган жерлерди сатып-сатып кетип калбашы үчүн, бизге "бардык нерсени алып калышыбыз керек, кайра мамлекетке өткөрүп беришибиз керек" деген тапшырма берилген болчу. Көрсө бизге тонотуптур. Биз элдик кошуун болчубуз да, коргоп атабыз деп жүрө бериптирбиз. Ал жерде 30га жакын объектти алганбыз.

Ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул факт боюнча мекемелер аралык комиссия түзгөн, ал кызматтан кеткенден кийин Юсуповдун көрсөтмөлөрүн депутаттык комиссия иликтеген.

Териштирүү маалында түрмөдө отурган Юсуповго НТС телеканалынын журналисттери Бабановдун көрсөтмөсү менен киргени маалым болгон. “Атамекенчилер” мурунку өкмөт башчыны Юсуповду колдонуп, каралап жатат деп айыптап чыккан. Бабанов дооматты четке каккан. Юсупов аттарын атаган депуттардын бирөө дагы аны жакындан тааныбай турганын билдирген. Депутаттык комиссия "талап-тоноочулукка Мадылбеков менен Төлөгөновдун кыйыр түрдө тиешеси бар" деп бүтүм чыгарган, бирок мындай тыянак талаш жараткан.

Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев
Быйыл жазында талап-тоноочулук боюнча кылмыш иши кайра жанданган. Буга Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин президент Алмазбек Атамбаевге жазган маалымдамасы негиз болгон. Анда “атамекенчилердин” иши боюнча жаңы жагдайлар табылганы айтылган. Мындан улам Башкы прокуратура ишти кайра тергөөнү Рысалиевдин өзүнө тапшырган.

Азыр деле Зарылбек Рысалиев менен Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын кармашы токтой элек. Абдулла Юсупов катышкан соңку видео боюнча №1 тергөө абагынын жетекчиси кармалгандан кийин “атамекенчилер” "Марс Жусупбеков башчысы Рысалиевдин көрсөтмөсүн аткарды" деп айтып чыгышкан. Аталган фракциядан депутат Туратбек Мадылбеков буга байланыштуу мындай деди:

- Бүгүнкү күндө Зарылбек Рысалиев Юсуповдун “барымтасында” турат. Анткени Зарылбек Рысалиевдин бардык тапшырмасын аткарып, айтканын айткандай деп, тергөөдө болобу, прессада болобу баарын жасап келген. Эми тескери процесс болушу мүмкүн.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев бул боюнча "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты:

- Эми алардын ар бир айткандарына эле жооп беремби? Алар эми андай нерсени каалагандай кылып, ылайыкташтырып берет да. Талап-тоноо боюнча иликтөөнү бүткөнбүз, прокуратурага бергенбиз. Ошолор карап жатат го, көрөбүз го эми калганын.

Апрель окуяларынан кийин мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык мал-мүлк таланып-тонолгон. Бирок ушул күнгө мародерчулук кылгандар кимдер экени, кандай байлык алынганы так аныктала элек. Байкоочулардын баамында, бул фактыларды иликтөө өтө саясатташып кетти жана кайсы бир күчтөрдүн компроматтар согушуна айланды.
XS
SM
MD
LG