Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Малайзия учагы тышкы соккудан кыйраган


Кыйраган "Боинг 777" учагынын сыныгы. Грабове, 22-июль, 2014-жыл.
Кыйраган "Боинг 777" учагынын сыныгы. Грабове, 22-июль, 2014-жыл.

Малайзиянын өкмөтү алардын жүргүнчү учагынын Чыгыш Украинада кыйрашы боюнча иликтөөнүн баштапкы тыянагын кубаттады.

Нидерландиянын Коопсуздук кеңеши кечээ жарыяланган отчетто учак тышкы соккунун аркасында кулаганы көрсөтүлгөн. Бирок ага кандайдыр бир ракета тийгени жөнүндө айтылган эмес.

Малайзиянын премьер-министри Нажиф Раззак нидерланд тараптын кечээ жарыяланган отчетун дароо эле кубаттады.

Өз билдирүүсүндө иликтөөнүн баштапкы тыянактары учак “жер-аба” үлгүсүндөгү ракета менен атып түшүрүлгөн деген “катуу шек саноого” түртүп жатканын, мунун чын-бышыгына жетүү үчүн иликтөө улантылуусу зарылдыгын белгиледи.

Малайзиянын транспорт министри Лио Тионг Лай болсо баштапкы отчет жарыялангандан кийин Путражайдагы басма сөз жыйында сүйлөдү:

- Тергөө “Малазия аба жолдорунун” экипажы учууну ишке ашырууга талаптагыдай даяр болгонун, учак да абада жүргүдөй шартта болгонун ырастады. Биз дагы жазылып калган маалыматтарды, үндөрдү анализдешибиз керек. Учактын сыныктарын да экспертизадан өткөрүү талап кылынат. Биздин колубузда ошондой эле кырсык курмандыктарына: жүргүнчүлөргө жана экипаж мүчөлөрүнө жүргүзүлгөн патологиялык экспертизанын тыянагы болушу да шарт. Кылмышка жоопкерлерди жазага тарткыдай ишенимдүү жыйынтыктарга ээ болуш үчүн али бир катар маалыматтарды иликтөө зарыл.

Учак эмнеден кыйраганынын аныгына жетүү үчүн дагы иликтөө талап кылынарын нидерланд тарап да айтууда.

Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы Тйиббе Йаустра кечээ Гаагадан Рейтердин кабарчысына:

- Биздин башкы тыянагыбыз - MH 17 рейси абадан учакка сырттан жогорку энергиялуу объекттер келтирген зыяндын натыйжасында кыйраганы. Акыркы тыянакты чыгарганыбызга чейин дагы бир жылдай убакыт талап кылынат. Бул бизде азыр учакка сырттан тийген жогорку энергиялуу объекттер боюнча аныктама бар дегенди билдирет. Бирок бул объекттердин мүнөзү болочок иликтөөлөрдүн предмети болушу керек,- деп билдирди.

Америкалык Wall Street Journal басылмасы Нидерландиянын баштапкы баяндамасын утурлай, анда учак “жер-аба” үлгүсүндөгү ракета менен атылганы ачык көргөзүлөрүн жазган эле. Бирок баяндамада ыктымал ракетанын түрү жана ал атылган жер тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Быйыл 17-июлда Чыгыш Украинанын ошол кезде орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн Топез шаарынын жанынан Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жаткан жүргүнчү учак кыйраганда, 298 киши мерт болгон. Алардын 196сы Нидерландиянын жарандары эле.

Расмий Киев менен Батыш өлкөлөрү учакты орусиячыл жикчилдер Украинанын аскерий учагы менен алмаштырып атып алды деген турумду карманышкан. Украин бийликтери жикчилдер Орусиядан алган “Бук” ракеталык системасын колдонушканын белгилеп, мунун далили катары жикчилдердин ич-ара сүйлөшүүсү жазылган аудиотасманы да чыгарган.

Жикчилдер жана аларды колдогон Москва болсо кыйроо үчүн жоопкерчиликти тескерисинче украин бийликтерине жүктөгөн.

Жикчилдердин өкүлдөрү атүгүл малайзиялык жүргүнчү учакты Украинанын аскерий учагы атып алды деп ырастаган.

Кыйраган учактын талаада жаткан сыныгы. 26-июль, 2014-жыл.
Кыйраган учактын талаада жаткан сыныгы. 26-июль, 2014-жыл.

​Жикчилдер адегеде эл аралык иликтөөчүлөр учак кулаган жерди кең-кесири кароосуна дароо жол берген эмес. Алар учак кулаган аймакка кырсыктан бир нече күндөн кийин гана киргизилген.

Кыйроо курмандыктарынын сөөктөрү жергиликтүү куткаруу кызматтары тарабынан чогултулуп, украин күчтөрү менен жикчилдер ортосундагы уруштар үч аптадан кийин иликтөө иштери жеринде жүргүзүлүүсүн биротоло токтоткон.

Нидерланд тарап азыр кеминде 13 кишинин сөөгү табыла электигин, учактын фюзеляжынын сыныктарын иликтөө үчүн аны өз карамагына алалбай жатканын айтууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG