Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Калыстар калыстыктан тайганда...


Грек-рим күрөшүнөн 71 кг. салмакта 1/2 финалда Саид Абдевали (Иран) жана Жинг Жихйун (Түштүк Корея) күрөшүүдө. Башкы калыс Ашида Такару (Жапония). 30-сентябрь 2014-ж. Инчхон.
Грек-рим күрөшүнөн 71 кг. салмакта 1/2 финалда Саид Абдевали (Иран) жана Жинг Жихйун (Түштүк Корея) күрөшүүдө. Башкы калыс Ашида Такару (Жапония). 30-сентябрь 2014-ж. Инчхон.

​ Ушул күндөрү Түштүк Кореяда өтүп жаткан 17-Азия оюндары аяктап баратат. Өткөн эки жумада кыргызстандык спортчулар спорттун 21 түрү боюнча мелдештерге катышып, эки күмүш, төрт коло медалга ээ болушту. Айрым эксперттердин айтымында, калыстардын кыргыз спортчуларына калыс эмес мамилеси байгелердин аз болуп калышынын негизги себептеринен болду.

Ушул кезге чейин кыргыз спортчулары ушу, дзюдо, кылыч чабышуу, футбол, сууда сүзүү, оор атлетика, байдарка жана каноэде жарышууда байгеге илинген жок.

Үмүт кылган бокс, грек-рим күрөшүнөн да күтүлгөндөй медал топтой алышпады.

Спортчулардын байгеге жетпей калышына мелдеш калыстары жолтоо болгонун Кыргызстандын спорт адистери айтууда. Ага негиз катары биринчи кезекте бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиевдин мелдештен четтеп калышы айтылып жатат.

52 килограмм салмактагы мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалда пакистандык Васеем Мухаммад менен беттешип, кашынын үстү жарылып кеткени үчүн мелдештен четтеп калган.

Бул көрүнүшкө кыргыз тарап нааразылык билдирип, калыстарга кат жолдоп, акыйкат чечим кабыл алууну өтүнгөн. Бирок алгачкы чечим күчүндө калып, Азат Үсөналиев байге үчүн күч сынашууларын токтоткон.

Бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов бул беттеште башкы калыс Азатты таймаштан негизсиз четтетти деген пикирде.

- Калыс туура эмес кылды. Төрт жылдан бери иштеген эмгегибиз талаага кетип калгандай болду. Элдин баары көрдү. Эми калыстын чечимине баш ийүүгө аргасызбыз. Анткени байге үчүн таймаштар уланып жатат. Азат алтын медалга башкы талапкер болчу. Мисалы, финалга өзбекстандык боксчу чыкты. Азат өзбек мушкерин буга чейин үч жолу уткан. 99 пайыз байге алат деп үмүт кылганбыз”,- деди Бекболотов.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз курамасынан Каныбек Жолчубеков менен Азат Бейшебеков жарым финалда корей балбандарынан жеңилип калышкан. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Канат Бегалиев Коомдук Биринчи каналга берген маегинде калыстар жергиликтүү балбандарга атайылап жеңишти алып берип койду деп айтып чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк күрөш ассоциациялар федерациясынын (FILA) эл аралык даражадагы калысы Саитдин Азизбаев кыргыз балбандарынын күч сынашуусун баалоодо катачылыкка жол берилгенин байкаган.

- Балбандарыбыздын күч сынашуусуна калыстар туура баа берген жок. Эл аралык даражадагы калыс катары кемчиликтерге жол берилгенин белгилеп кете алам. Кыргыз балбандары дүйнөдө мыкты курамалардын катарына кирет. Дүйнөлүк күрөш державаларынын арасында алардын ээлеген татыктуу орду бар”,- деген пикирин айтты Саитдин Азизбаев.

Азия оюндарындагы мелдеш калыстарына нааразы пикирин бир гана кыргызстандыктар эмес Иран жана Индиянын өкүлдөрү да билдирүүдө. Грек-рим күрөшүнөн ирандык Саид Абдевали 71 кг. салмакта жарым финалда түштүк кореялык Жинг Жихйун менен күрөшкөн кезде калыстар жеңишти корей балбанына ыйгарышкан.

Бул окуядан кийин ирандык күйөрмандар, социалдык тармактарда 17-Азия оюндарындагы судьялардын акыйкатсыз чечимдерин ашкерелеген видео, сүрөт баяндарды Фейсбукта ачылган атайын баракчага жайгаштырып, дүйнө коомчулугун ага көңүл бурууга үндөштү.

Бокс боюнча кыз-келиндер арасында 60 кг. салмак даражасында индиялык Сарита Деви байге тапшыруу аземинде ага ыйгарылган коло байгени тагынбай койгонун Hindustan Times басылмасы жазып чыкты.

"Сарита жарым финалда түштүк кореялык Парк Жи На менен беттешкенде жеңүүчү болмок. Таймашта Сарита атаандашына арбын сокку узатып, күчтүүлүгүн көрсөткөн. Бирок жеңиштин кореялыкка ыйгарылганы индиялык күйөрмандарды капа кылды” деп жазылган аталган басылмада.

Ошол эле учурда төрт жолу Азиянын, бир жолу дүйнөнүн чемпиондугун уткан индиялык Сарита Девинин коло байгени тагынуудан баш тартканына карата Эл аралык бокс федерациясы чара колдонорун кабарлоодо.

Учурда Азия оюндарынын жүрүшүнө назар салып жүргөн казакстандык спорттук журналист Нургазы Сасаев социалдык тармактар аркылуу болгон баарлашууда:

- Калыстарга катуу иренжип, нааразы болгон эч кимди байкабадым. Таза жеңгенде эч ким жеңишти тартып албайт го”, - деген пикири менен бөлүштү.

Азия оюндарынан кыргыз спортчуларынын эсебинде учурда алты байге бар.

Кыргызстандык спортчулар арасынан велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөштөн Эламан Догдурбек уулу, Айсулуу Тыныбекова, грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев жана мушкер Турат Осмонов коло байгенин ээси болду. 19-сентябрда башталган Азия оюндары 4-октябрда аяктайт. Кореянын Инчхон шаарына Азия оюндарына катышып, өз өлкөсүнүн намысын коргоо үчүн Кыргызстандан спорттун 21 түрү боюнча 115 спортчу барган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG