Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Муканова: Инвестициялык климат начарлады


Акыркы жылдары Кыргызстанга Кытайдан келген инвесторлор көбөйдү. Сүрөттө кытай компаниясында иштеген жумушчулар.
Акыркы жылдары Кыргызстанга Кытайдан келген инвесторлор көбөйдү. Сүрөттө кытай компаниясында иштеген жумушчулар.

Кыргызстанга инвестиция алып келип, бизнес жүргүзүп жаткан ишкерлердин абалы тууралуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин жетекчиси Нурипа Муканова “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө Кыргызстанга инвестиция алып келип, мыйзам чегинде иштеп, ишкана ачып, мекендештерин жумуш орундары менен камсыз кылып жаткан ишкерлердин абалына кандай баа берет элеңиз?

Нурипа Муканова: Инвестиция өлкөбүзгө жакшы келбей жатат. Убагында ачылган мекемелер көп учурда жабылып калууда. Жакында эле экономика министри Темир Сариев айткандай, инвестициялык климат 60 пайызга кыскарып, начарлап кетти.

“Азаттык”: Буга эмне себеп болууда?

Нурипа Муканова: Себептери көп. Биринчиден, бул жакка келген инвесторлор өзүн корголгондой сезбейт. Коопсуздук маселеси курч. Инвестицияны алып келгенден кийин аны ачык, мыйзамдуу иштете алабы, же жокпу – бул да чоң көйгөй. Себеби, программалар боюнча өлкөгө келген инвесторлорду, жергиликтүүлөрдү мамлекет коргош керек, алардын капиталына кепилдик бериш керек. Бирок проблемалары башталганда кимге кайрылуу керектиги, мамлекеттик деңгээлде ким аларга чечип берери белгисиз.

“Азаттык”: Проблемалар башталганда деп айтып калдыңыз. Ал кандай проблемалар?

Нурипа Муканова: Алар биздин мыйзамдарды жакшы билишпейт да. Ошон үчүн кандай иштеп, эмне кылыш керектигин билишпейт. Экинчиден, коррупция чоң көйгөйгө айланды. Ал бизнеске чоң тоскоол болуп жатат. Себеби баарына белгилүү болгондой, биздин экономиканын 60% көмүскөдө. Алар мыйзамсыз иштеп жатышат. Анан албетте булардын коопсуздугу чоң маселеге айланат.

“Азаттык”: “Каралар” деген түшүнүк турмушубузга терең кирип барат. Мамлекет бүгүнкү күндө ушундай көрүнүштөн ишкерлерди коргоп кала тургандайбы, же андай камкордукту, жардамды сезбейсиздерби?

Нурипа Муканова: Биз бул жаатта анализ жасаган эмеспиз. Логикалык жактан ойлоп көрсөк, коррупция болуп атса, мамлекеттик орган тарабынан коопсуздук маселе чечилбей жатса, бизнести бул жакка алып келгенден кийин көмүскө иштеп жатса, алардын кызыкчылыктарын, укуктарын кимдир бирөө коргош керек да. Ошон үчүн алар калканч издейт. Мамлекеттик органдарда ошондой калканч болуп бере тургандар бар. Анан ошолордун колдоосу менен алар ишин алып барышат. Эмне үчүн көмүскө экономика чоң көйгөйгө айланды? Себеби биздин мыйзамдарда “крыша” деген түшүнүк жок болгону менен, жашообузга сиңип калды.

“Азаттык”: Текшерүүлөр негизсиз токтотулду деп өкмөт айтып келет. Чын эле ошондой болуп калдыбы?

Нурипа Муканова: Мамлекеттик органдардын пландуу жана пландуу эмес текшерүүлөрүнө Экономика министрлиги уруксат берет. Ошол жагы токтоду. Бирок бүт тартип коргоо органдарынын функциясында текшерүү укугу бар. Аны эч ким токтото албайт.

XS
SM
MD
LG