Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Жол кырсыгынан ажал тапкандар азайган жок


Былтыр Кыргызстанда 7,5 миңге жакын жол кырсыгы катталган.
Былтыр Кыргызстанда 7,5 миңге жакын жол кырсыгы катталган.

Соңку жылдары Кыргызстанда жол кырсыгы жана андан каза болгон адамдардын саны болуп көрбөгөндөй өстү.

Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунда 4-декабрда жол кырсыгы жана анын кесепеттери, азайтуу чаралары талкууланды. Анда бул көйгөй менен иштеген атайын орган болушу керектиги айтылды.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жол кырсыктардын дээрлик 80 пайызы айдоочулардын айынан болот. Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын өкүлү Муктар Сандыбаевдин айтымында, унаа саны кескин көбөйүп, айрыкча тажрыйбасы аз айдоочулар жол коопсуздугуна жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатат:

- Кыргызстанда унаалардын саны бир миллиондон ашып кетти. Машинени жаңыдан гана айдай баштаган улан-кыздардын да саны көбөйдү. Алардын жол эрежелери тууралуу сабаты да талапка жооп бербейт. Үрөй учурган, жол кырсыктарында жаштардын каза болуп жатканын көрүп зээниң кейийт. Мунун баары адамдардын жоопкерсиздигинен болуп жатат. Экинчиден, оң рулдуу унаалар кырсыкка көп кабылууда.

Былтыр Кыргызстанда 7,5 миңге жакын жол кырсыгы катталган. Андан 1200дөй адам каза таап, дагы 10 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Нарынбек Молдобаевдин пикиринде, жол кырсыгын азайтууга багытталган мыйзамдар жакшы иштебей жатат.

- Биз мыйзамдарды жакшы эле кабыл алып берип жатабыз. Мисалы, айыппулду көбөйтүү боюнча, айрым унааларга лицензия берүү тууралуу, айдоочулук күбөлүктү үйүндө отуруп эле алууга каршы дегендей көп эле мыйзамдарды кабыл алып бердик. Бирок биз эч кандай оңолууну көрө алган жокпуз. Жол кырсыктарынан өлүм-житим көп болуп жатат. Оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салууну сунуштап келатабыз. Мына, шаарда эл ташыган кичи унааларга лицензияны мэрия берет. Бирок аларды МАИ кызматкерлери тартипке сала албай жатат. 15-16 жаштагы уландар таксист болуп эл ташып жатат. Эл ташып жүргөн айдоочулар ичип алып кармалып жатат.

Чынара Касмамбетова
Чынара Касмамбетова

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова жылына миңден ашуун адам ажал тапкан жол кырсыктары боюнча маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек деп эсептейт. Алтургай эмдиги жылды жол коопсуздугун сактоо жылы деп жарыялоону сунуштоодо:

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасы боюнча жол кырсыктарынын саны жагынан биз Казакстандан кийинки экинчи орунда турганыбыз абдан өкүнүчтүү. Президент болобу, өкмөт болобу буга көңүл бурушу керек. Мисалы, Кыргызстанда былтыр 17 миң адам мас абалында унаа айдап кармалса, ошонун бирөө гана Жогорку Сотко чейин жетип, жаза колдонулган экен. Калгандары эмне болгону бүдөмүк.

Чынара Касмамбетова жол кырсыктары боюнча бир орган жооптуу болушу керектигин кошумчалады:

- Мындай орган бизде бар. Бул өкмөттүк комиссия деп аталат. Бирок ал комиссиянын иштөө тартиби, жол-жобосу өтө начар. Ал жакта катчылык деп коюшат, анда эки гана адам отурат. Бирок аларга акча төлөнбөй калат, отура турган жери да чечилген эмес, мындан улам иши ырааттуу жүрбөйт. Ошол комиссияны күчтөндүрүп, ишин жолго коюш керек. Күнүгө иштегидей кылуу зарыл. Көп резонанстуу жол кырсыктары эмне болуп аяктаганын биз укпай калып жатабыз. Чечилбей калган учурлары көп болууда. Ушундай маселелердин баарын күнүгө көтөрүү керек. Бул өтө татаал маселеге айланып кетти.

Бишкек-Нарын жолундагы кырсык
Бишкек-Нарын жолундагы кырсык

Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде 45 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Анда 10 миңден ашуун адам ажал тапкан, 61 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында, быйыл август айынан тарта жолдо эреже бузгандарга жаза катаалдады. Ага ылайык, мас абалында унаа айдагандар 20 миң сомго чейин айыппул төлөйт, же үч жыл айдоочулук укуктан ажырайт.

Ал арада Жогорку Кеңеш 4-декабрда оң рулдуу автоунааларды ташууга тыюу салган мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды. Коомчулукта бул маселе боюнча эки ача пикир бар. Мыйзам долбоорду даярдагандар болсо бул дагы жол кырсыгын азайтуу чарасы экенин жүйө кылып келишет.

XS
SM
MD
LG