Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Эки паспорт: алдамчылыкпы же аргасыздыкпы?


Мыйзамсыз паспорт алгандардын дээрлик көпүлүгүн Орусиянын "кара тизмесинен" качуу үчүн паспортун кайра жасаткан мигранттар түзөт.
Мыйзамсыз паспорт алгандардын дээрлик көпүлүгүн Орусиянын "кара тизмесинен" качуу үчүн паспортун кайра жасаткан мигранттар түзөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын биометрикалык маалымат топтоо жараянында эки паспорту бар жарандардын саны миңдеп саналары маалым болду.

Кызматтын төрага орун басары Дастан Догоев эки паспорту барлардын көпчүлүгүн документин жоготуп, жаңы паспорт алгандан кийин кайра эскисин таап алгандар түзөрүн айтты.

- Эки паспорту барлар биздин бир канча маалымат топтомдорун салыштырып жатканда чыгып калууда. Мисалы, биз берилген паспорт базасын, Соцфонддун жеке идентификациялык номерлерди берүү базасын жана өзүбүздүн архивдик топтомдорду салыштырып жатканда көп чыгып жатат. Бирок бул иштер толук бүтө элек. Такталып жатат. Бул жерде жарандар түрдүү шарттарда кош паспорттуу болуп калышкан. Көпчүлүгүн эски паспортун жоготуп, жаңысын алган соң бир канча мезгилден кийин эскисин таап алгандар түзөт. Алардын арасында эки паспортун тең колдонуп жүргөндөр бар. Бирок бул паспорт ээлеринин көбү идентификациялык номурларын өзгөртүшкөн эмес.

Ал ортодо ички иштер министри Мелис Турганбаев 21-апрелде парламенттеги комитет жыйынында алдын ала эсептөөлөргө таянып, мыйзамсыз берилген паспорттордун саны 30 миңге жеткенин билдирди.

Турганбаев паспортту оңду-солду берүүгө биринчи кезекте Мамлекеттик каттоо кызматы жана Соцфонд күнөөлүү экенин, жыл башынан бери мыйзамсыз паспортторго байланыштуу алты миң учур аныкталып, кылмыш ишин козгогонун маалымдады.

Домодедово аэропорту
Домодедово аэропорту

Министрликтин маалымат борборунун башчысы Бакыт Сейитов кылмыш иликтөө иштери уланып жатканын, учурда үч шектүү адам колго түшкөнүн ачыктады. Сейитов мыйзамсыз паспорт алгандардын дээрлик көпчүлүгүн Орусиянын "кара тизмесинен" качуу үчүн паспортун кайра жасаткан мигранттар түзөт дейт.

- Бир топ кишилер кармалган. Алардын үйлөрүн тинтүүгө алганда мөөрлөр, дагы башка документтер, буюмдар табылган. Азыр мыйзамсыз паспорттордун саны 30 миңге чукул болуп калды. Алардын көпчүлүгү мигранттар. Депортация же "кара тизмеге" кирген биздин жарандар адегенде аты-жөнүн алмаштырып көрүшөт. Ал да болбосо Соцфонддун бөлүмдөрүндө миң долларга идентификациялык номерин өзгөртүшүп, таптакыр башка адам болуп Орусияга кетип жаткандар.

Адегенде жарандар аты-жөнүн өзгөртүү менен чектелип келген болсо, 2014-жылдан баштап кылмыш деп эсептелген жеке идентификациялык номурун (ИНН) өзгөртүү фактылары күч алган.

"Аргасыздан алдадым..."

Учурда Санкт-Петербург шаарында иштеп жаткан Айнура сиңдиси жеке номурун аргасыздан өзгөрткөнүн айтат. Антпесе "кара тизменин" айынан бул жактагы маянасы жогору жумушунан куру калмак.

- Сиңдим былтыр август айында Кыргызстанга учуп жатканда "кара тизмеге" түшүп калды. Кыргызстанда аты-жөнүн өзгөртүп учуп келсе, аэропорттон эле кайра артка кайтарышкан. Машине менен барууга аракет кылды, анда да аныктап алышты. Акыры номер өзгөртүүгө туура келди. Бул жакта иши жакшы эле. Айлыгы дурус. Ошондуктан ушул жолго бардык.

Дагы бир кыргызстандык мигрант Динара Москва шаарынан байланышка чыкты. Анын айтымында, учурда мигранттар биометрикалык маалымат берүүдөн оолактоодо. Аларды жараянда таптакыр өзгөртө алгыс маалыматтар кооптондуруп жатат.

- Бармактардын изин түшүрбөсө, өтүп кетсе болот экен. Эгер манжалар базага кирип калса, анда болду, таптакыр кире албай калат экенсиң. Москвада ушундай деп айтып жатышат. Жакында бир аяшым келди, "манжаларды базага киргизбегенге аракет кылгыла" деди.

Ички иштер министрлиги өткөн айда 2012-2013-2014-жылдар аралыгында мыйзамсыз берилген жети миңге чукул паспорт ээлеринин аты-жөнү жазылган тизмени коомчулукка жарыялап, жарандар өзү келип түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Ошондой эле тизмедеги жарандар эртеби-кечпи Кыргызстандын аймагынан чыккан мезгилде кармаларын же башка шарттарда аныкталып каларын эскертти.

Буга чейин Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилгени боюнча бир нече чуу чыккан.

Кыргыз паспортун бозгундагы казак оппозиционери Аблязов, "кылмыш дүйнөсүнүн лөгү" делген грузиялык Барбакадзе жана Түркияда киши колдуу болгон тажик оппозициячысы Куваттов алып жүргөнү маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG