Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

Мамлекеттик каттоо кызматы жана Социалдык фонд тарабынан 7 миңден ашуун паспорт жана идентификациялык номерлер мыйзамсыз берилгени айтылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам изилдөө иштеринин жыйынтыгында 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы жана Социалдык фонд тарабынан 7 миңден ашуун жалпы атуулдук паспорт жана идентификациялык номер мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Бүгүнкү күндө бул фактка байланыштуу “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

- Мыйзамсыз негизде паспорт алган 500дөн ашуун жаранды текшердик. Алардын ичинен эки адам республикада издөөдө жүргөндөр, ондон ашууну мурда сот жоопкерчилигине тартылгандар болуп чыкты. Алар паспортту мыйзамсыз алып, Кыргызстандан чыгып кетүүнү көздөшкөн. Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы материалдарды топтоп, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, азыр тергөө ишин жүргүзүп жатат.

Паспорт алуу үчүн милдеттүү түрдө толтурулчу баракча

Паспорт алуу үчүн милдеттүү түрдө толтурулчу баракча

Мамлекеттик каттоо кызматынын чукул мөөнөттө документ берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Нусупов УКМК тараткан маалыматты жөн гана жалаа катары кабылдап жатканын айтып, былтыркы жылкы паспорттор өлкө жарандарына мыйзам чегинде берилгенин билдирди:

- Мыйзамсыз деп жатышат, бирок мыйзамсыз деп айтуу үчүн соттун гана укугу бар да. Булар эмненин негизинде бизге жалаа жаап жатканына түшүнбөй жатам. Көптөгөн юристтер менен сүйлөштүм. Паспорттор мыйзамдуу берилгендигин баары эле айтып жатышат. Алар айткандарын далилдеп, мына деп көрсөтүшү керек да. Бүгүнкү күндө биздин мыйзам соттолгон адамга да паспорт берет. Ал эмес, түрмөдө отурган кишилер паспорт алганга укуктуу. Өзүңөр билесиңер Батукаевге да түрмөдө отурган жеринен паспорт берилген.

Максат Нусуповдун айтымында, мыйзамсыз паспорт алды делген жарандардын басымдуу бөлүгүн Орусияга же башка сырт жактарга жумуш издеп кетип жаткан карапайым эле жарандар түзөт. Алар кара тизменин айынан фамилияларын котортуп, кайра паспорт алууга муктаж болуп калууда. Бирок атын котортуп, кайра жаңы документ алуу - бул мыйзам алкагында эле ишке аша турган процесс экендигин белгилейт Нусупов.

- Фамилиясын, Соцфонддон номурун которуу жөнөкөй жарандарга кереги жок. Мунун баары ошол бала-чакасын, ата-энесин багайын деп кетип жаткан карапайым жарандардын тизмеси. Кара тизме деген Кыргызстандыкы эмес, бул Орусияныкы. Ага эмнеге биздин укук коргоо органдары көңүл буруп жатышканы мага түшүнүксүз.

Мыйзамсыз паспорт алгандардын ичинен эки адам республикада издөөдө жүргөндөр, ондон ашууну мурда сот жоопкерчилигине тартылгандар болуп чыкты.

Соцфонд тарабынан жарандарга берилчү жеке номур талапка ылайык бир эле жолу берилиши керек, бирок бүгүнкү күндө чындыгында экинчи жолу жаңы номур алып калган учурлар кездешерин белгилейт аталган мекеменин басма сөз катчысы Нурбек Кайсарбаев.

Жарандар аты-жөнүн котортуп келген учурда алардын мурдагы жеке номуру базадан көрүнбөй калгандыктан, кайрадан жаңы номур берүүгө туура келет.

- Жарандар аты-жөнүн, фамилиясын же туулган датасын өзгөртүп келип жатышпайбы. Биз компьютерден аты-жөнүн тергенде номуру жок чыгууда, анан биз милдеттүү түрдө номур берип калабыз. Ошондо ал кишиде эки номур болуп калып жатат. Негизи алардын аты-жөнүн өзгөрткөнү тууралуу справка келсе жакшы болмок. Анан биз ошого жараша иш жүргүзмөкпүз. Бизге андай маалымкат келбейт. Анан бизде маалымат жок болгон соң биз мыйзам боюнча номур беришибиз керек. Ошол жактан Соцфондду күнөөлөп жатышат. Бирок жакында Мамлекеттик каттоо кызматынан жарандардын фамилиясын өзгөрткөнү тууралуу билдирме келе баштады. Ошого жараша биз иштей баштадык.

Бул маселе Кыргызстан эгемендикти алып өз жарандарына паспорт бере баштагандан тарта эле келе жаткандыгын белгилейт мурдагы Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген Эрлан Сапарбаев. Анын көз карашында бул проблеманы чечүүнүн бирден бир жолу - Улутук бирдиктүү маалымат системасын түзүү болуп саналат.

- Соцфонд, Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка органдар ортосунда шайкештелген маалымат системасы болбосо, ошондой көрүнүштөр чыга берет. Бир жылда ошондой 7000 паспорт берилип кетиши ыктымал. Себеби Соцфонд менен Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасы бири-бирине абдан эле туура келчү эмес.

Кыргызстан боюнча былтыр 2014-жыл ичи 495 миң 375 паспорт берилген. Алардын 300 миң 675 ички ID-паспорту, 194 миң 670 жалпы жарандык паспорт түзгөн.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG