Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Украинадагы соңку окуялардан улам Кремль Орусия жарандыгын алууну жеңилдеткен мыйзам долбоорду шашылыш даярдап кирди. Бул мыйзам КМШ өлкөлөрүнө, Борбор Азия чөлкөмүнө кандай таасир этиши мүмкүн? Кыргызстан, Казакстандын бийликтери адамдык ресурсун, эмгек ресурсун коргош үчүн кандай кадамдарга барышы керек? Ушундай суроолор тегерегиндеги талкууга Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Казакстандан саясат таануучу, коомдук ишмер Амиржан Косанов жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева катышты.

Орусия жарандыгын алууну жеңилдетүү демилгесин Мамлекеттик Думадагы фракциялар колдоп, өз сунуштарын киргизүүдө. Бул кандай мыйзам долбоор экенин Мамлекеттик Думанын вице-спикери Александр Жуков жергиликтүү телеканалга берген интервьюсунда тактай кетти:

- Орусия өкмөтүндө азыр жаңы мыйзам долбоору даярдалып, ал дээрлик жактырылды десек болот. Ага ылайык, Орусиянын жарандыгы орус тилинде сүйлөгөн, же орус тили биринчи тили деп эсептелген жана ата-теги мурдагы Советтер Союзунда жашаган бардык адамдарга берилиши керек. Атайын комиссия түзүлүп, ал талапкерлердин орус тилин билүү деңгээлин жана ата-бабасы чын эле Советтер Союзунун аймагында жашаганын текшерет. Бул комиссиядан өткөндөргө адегенде туруктуу жашоочу макамы берилип, андан кийин жарандык ыйгарылат.

Азаттык: Мамлекеттик Думанын вице-спикери бул жаңы мыйзам долбоор этникалык орустарга, же украиндерге эмес, бардык мурдагы СССРдин аймагында жашаган адамдарга тийиштүү экенин жана канча талапкер кайрылса, баарын караштырып, алардын санынан коркпой, комиссиядан өткөндөрдүн талабын четке кагууга орус бийликтеринин укугу жок экенин белгиледи. Орусия өзүнүн демографиялык, саясий, экономикалык келечегин ойлоп ушундай кадамга барууда. Буга чейин Кыргызстандан көчүп кеткен 516 миңден ашуун адам Орусия жарандыгын алышыптыр. Эми жаңы мыйзам кабыл алынса, дагы ушунча, же андан көп кыргызстандыктар Орусиянын жараны болуп албайбы?

Өмүрбек Текебаев: Орусиянын миграциялык саясаты буга чейин туруктуу болгон эмес. Кээ бир убактарда демографиялык, экономикалык муктаждыгынан улам мурдагы СССРдин жарандарынын баарына Орусиянын паспорту жеңилдетилген түрдө берилет деп келди. Ошол эле маалда кээ бир өлкөлөрдү өгөйлөп, ал эми башкаларын – анын ичинде Кыргызстан, Беларуска өзгөчө жеңил шарттарды түзүп берген учурлар болду. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандын жүз миңдеген жарандары Орусиянын паспортун алууга үлгүрүштү. Кайра кээ бир учурларда ар кандай себептерден улам, анын ичинде саясий себептерден улам миграциялык саясатын катаалданткан учурлары болду. Демонстративдик түрдө мигранттарды түрө кыдырып текшерип-кармап, массалык түрдө Орусиядан чыгарып, же чыгарганга аракет кылган мезгил да болду. Тажикстан, Кыргызстандын өкмөттөрүнүн өтүнүчү менен кайра мигранттарга кээде жеңилдик бере койот. Мунун баары Орусиянын өзүндө бир калыптанган миграциялык саясат, стратегия жоктугун, бул маселени Москва саясий курал катары колдонуп келатканын көргөзөт. Абхазия, Түштүк Осетия, азыр Крымда болуп аткан окуялар Орусия жарандык маселесин качан болбосун саясий максатта пайдаланууга даяр деген кооптонууларды күчөттү. Кыргызстан үчүн мындай кооптонуу канчалык реалдуу деген суроо өзүнчө чоң маселе.

Азаттык: Орусиядагы бул жаңы мыйзам долбоор айрыкча бул өлкө менен чектеш, орус тилдүү калкы Кыргызстандагыдан кыйла көп Казакстан үчүн кооптуудай сезилет. Амиржан мырза, Казакстанда бул жаңылык кандай кабылданды?

Амиржан Косанов: Арийне, Казакстанда көпчүлүк эл бул жаңылыкты жагымсыз кабар катары кабыл алды. Анткени азыркы учурда Кремль орус тилдүү азаматтарды Орусияга жаран катары кабыл алабыз деп жарыялап, өзүнүн неоимпериялык саясатын дагы бир ирет далилдеп отурат.
Бул маселени Орусия саясий курал катары пайдаланып атат деген Өмүрбек мырзанын пикирине кошулам. Бул жерде Кремль орус тилдүү адамдарга жаны ачып өзүнө тартып жаткан жери жок. Бул – Орусиянын өз геосаясий кызыкчылыктарын андан ары кеңейтүү, анан ошондой жарандары аркылуу эгемендүү Кыргызстан, Казакстан жана башка мамлекеттерге келечекте сес көрсөтүү аракети. Эгерде сиздер биздин саясат менен келишпесеңиздер, биздин эл аралык аренадагы позициябызды колдобой, же болбосо Евразиялык Биримдик, Бажы Биримдиги өңдүү шаркеттерге кирбесеңер, бизде мына кошумча курал бар, баланча миллион, же миң азаматыбыз бар деп колдонушу мүмкүн. Казакстандын мыйзамдары кош жарандыкка жол бербейт. Ушул жерден бир суроону койгум келет: маселен, Кытай Нью-Йорктогу, же Сан-Францискодогу China Townда (Кытай шаарчалары) жашагандардын мүдөөсүн колдойбуз, аларга жарандык беребиз десе Орусия кандай кабыл алмак? Америка эмне кылмак? Ошондуктан менин оюмча, Орусия азыр пост-украиндик синдромго алдырып, өзүнө бир тууган славян элинин достугунан айрылып, казактар айткандай, “шашкан өрдөк арты менен сүзөт” болуп атат. Москва шашкалактап, бардык мурдагы советтик жумурияттарга коркунуч туудурган жагдайды түзүп жатканын ачык айтуубуз керек.

Азаттык: Москвадагы КМШ өлкөлөрү институтунун Борбор Азия, Казакстан боюнча бөлүм башчысы Андрей Грозин Орусия мурдагы советтик жумурияттардан жүз миңдеген адамдарды өзүнүн жараны кылууга эмне үчүн кызыкдар болуп атканын “Азаттык” радиосуна төмөнкүдөй түшүндүрдү:

Андрей Грозин: Орус коомундагы мигранттардан чочулоо сезимине карабастан, кошумча адамдык ресурс, кошумча жумушчу күч болмоюнча, экономикада олуттуу жылыштарды күтүүгө болбостугун баары түшүнөт. Калк картайып баратат, демографтар 2020-жылдары элдин санында, курамында чоң көйгөйлөр пайда болорун канкакшап келатышат. Ошондой демографиялык аңгектерди толтуруш үчүн мигранттарды кабыл алуу керек. Менин көз карашымда, андай мигранттарды Орусия Түштүк Азия, же Африкадан алгандан көрө өзү менен кылымдар бою тарыхый, маданий байланышта болгон аймактардан кабыл алганы оң.

Азаттык: Ошентип, Грозин айткандай, Орусия жакынкы жылдарда өлкөгө жумушчу күчүн, керек болсо жаңы адамдык ресурсту толтурууга мажбур болот. Антпесе демографиясы, экономикасы чоң проблемаларга, көйгөйгө кабылышы мүмкүн. Андай адамдык ресурсту, жаңы калкты мурдагы советтик өлкөлөрдөн издөөгө киришти. Ал эми Кыргызстан, Казакстанга окшогон өлкөлөргө адамдык ресурс керек болсо өзүлөрүнө жетишпей турган учур. Айымкандан сурайлычы, соңку беш, же үч жыл ичинде тенденция кандай болуп атат? Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны уламдан улам көбөйүп баратабы? Алгысы келгендердин жалпы саны канча, маалыматыңыз барбы?

Айымкан Кулукеева: Сиздин сурооңузга статистикалык маалыматтар менен жооп берейин. 2009-2011-жылдары орто эсеп менен жылына 30-40 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алыптыр.
Ал эми 2012-2013-жылдары андай адамдардын саны азайып, орто эсеп менен 20 миңдин тегерегиндеги мекендешибиз Орусиянын паспортуна ээ болгон. Бирок бул статистиканы карап алып, Орусия жарандыгын алгысы келгендер азайды деп түшүнгөн туура эмес. Бул статистикага Орусия мигранттарга карата саясатын катаалдантып, 2011-жылы октябрда Кыргызстандын жарандарына жеңилдетилген системасын жойгону таасир эткен. Андан бери төрт тараптуу келишимдин негизинде бериле баштады. Мурда эки тараптуу келишимге ылайык, кыргызстандыктар Орусия жарандыгына арыз бергенден тарта 3 ай ичинде паспорт алалса, эми төрт тараптуу келишимдин негизинде бул жараян эки жылга чейин созулууда. Ушундан улам соңку эки жылы жарандык алгандар азая түштү. Иш жүзүндө бүгүнкү күндө Орусиянын паспортун алгысы келгендердин катары азайган жок. Каалоочулар абдан көп, анын себептерин өзүңөр билесиздер. Иш издеп келген мигранттар ар кандай текшерүү, жумушка орношуудагы тоскоолдуктардан качып, Орусия жарандыгын алууга абдан куштар. Ушул күндөрү да паспорт алат элек деп жүгүрүп жүргөндөр аз эмес, соңку жаңылыкты угуп алып, “демек, биз Орусия жарандыгын оңоюраак алып калат турбайбызбы. Качан, кайда кайрылабыз?” деп бизге телефон чалып, кат жазып аткандар аябай көп.

Азаттык: Макул, Орусия жарандыгын алгысы келгендерди кыргыз бийлиги токтото албаса керек. Алар Орусияда жумуш таап, жакшыраак айлык алып, бала-бакырасын татыктуу баккысы келет. Бул укуктан эч ким ажырата албаса керек. Ошентсе да, Кыргызстан өз калкын, демография, экономика жагынан улуттук кызыкчылыктарын кантип коргошу керек? Кандай механизмдери бар?

Өмүрбек Текебаев: Биз жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Орусияда иштеп жашап жүргөн, ошол жактын жарандыгын алган мекендештердин бул жактагы укуктарын толук камсыздап берели деп жатабыз. Бул бир жагынан Орусия жарандыгын алууга тоскоол болбостон, тескерисинче, түрткү боло турган жагдай. Эми биздин жарандар Орусиянын паспортторун ала берсе, келечекте Москва биздин ички иштерге кийлигишип, эгемендигибизге коркунуч келтирет деген теориялык жактан кооптуу угулганы менен, турмуш жүзүндө андай коркунуч азырынча реалдуу эмес. Мындай коркунуч Латвия, Беларус, Украинада болушу мүмкүн. Биз үчүн андай коркунуч жок. Москва Украинадагы этникалык орустарды, орус тилдүүлөрдү коргоого мажбур. Аларды коргобосо Украина жактан Орусия чоң геосаясий утулушка учурайт. Украинадагы кызыкчылыктарын коргош үчүн Орусия кыска убакыт ичинде эле 50 миллиард рублдей финансылык чыгымга туш болду. Америка орус экономикасы мындан да чоң зыянга учурайт деп кысым көргөзүүдө. Менимче, Орусия жакынкы 5-10 жыл бою Украинадагы окуялардын кесепетин тартып, “экинчи майдан” ачып, Украинадагыдай экспансиялык оюндарын башка да өлкөгө жайылтууга чамасы да келбейт болуш керек деп ойлойм.

Азаттык: Айымкандан сурайлычы, Орусиянын жарандыгын алган мекендештердин көбү биротоло баш-оту менен ошол жактын кишиси болуп калабы? Же убактылуу эле жашоо ыңгайынан улам паспорт алып, келечекте кайра Кыргызстанга кетишеби?

Айымкан Кулукеева: Ооба, биз күн сайын көптөгөн мекендештер менен жолугуп, мигранттардын арыз-муңун угуп, маектешип турабыз. Көпчүлүгү биз менен сүйлөшүп калганда, 90-95%ы кийин баары бир Кыргызстанга кайтып барууну көздөшөөрүн айтышат. Баарыбыз эле түшүнүп турабыз да, көпчүлүк мигранттар экономикалык кыйынчылыктардан улам бутубузга туруп алалы, үй-жай алып алалы деп иштегени келишет. Бир-эки жылга келип, 10-2- жылдан бери кайталбай калып калгандар да бар. Андан да узак жылдар жашап аткандар жок эмес. Көпчүлүк мекендештер пенсияга чыгып алып кетет элем дешет. Орусияда Кыргызстанга салыштырмалуу пенсия бир топ эле жогору да.



Азаттык: Мисалы, чын эле Орусияда жаңы мыйзам кабыл алынып, орусча жакшы сүйлөп-жазган, керек болсо Орусияда убагында билим алган Кыргызстандагы эң мыкты билимдүү, акылдуу бөлүгү орус паспортун алууга укук, мүмкүкчүлүк алды дейли. Келечекте Москва азыркы Украинадагыдай болуп өз жарандарыбызды коргоп атабыз деп Кыргызстанга аскерлерин киргизбейби? Азыр эле Канттагы аскердик базаны кеңейтүү аракетин баштап атат.

Өмүрбек Текебаев: Келечекте теориялык жактан ар кандай нерселер болушу мүмкүн. Ал эми азыркы реалдуулукту алсак, Кыргызстанда орус тилдүүлөр жыл өткөн сайын азайып баратат. Этникалык орустардын көпчүлүгү улгайган курактагылар. Ал эми Орусиянын паспорту бар кыргыздар алар жардам сурап Москваны чакырбайт, тескерисинче өзүлөрү барышат ал жакка.

Азаттык: Жогорку Кеңеште Канттагы базаны кеңейтүү пландарына көз караш кандай болуп атат?

Өмүрбек Текебаев: Кыргызстанда өзүңүз билесиз, сурамжылоолор көргөзгөндөй калктын 70%ынан ашыгы Орусияны негизги өнөктөш, дос мамлекет деп эсептейт. Ошондуктан элдин жарымынан көбү андай идеяга каршы болбойт. Ал эми калктын пикири депутаттардын кабыл алган чечимдерине, жасаган билдирүүлөрүнө катуу таасир этет. Андыктан парламентте Канттагы базанын кеңейишине каршы позиция колдоо таппай калат деп ойлойм.

Азаттык: Ошентсе да, келечекте калкынын кайсы бир бөлүгү орус паспортун алып, ошол жактын сөзүн сүйлөп калбасын десе, Кыргызстан, Казакстан кандай кадамдарга барышы керек?

Амиржан Косанов: Албетте, эгерде Орусия жарандыгын жеңилдетилген түрдө таратып, андай ишти 7000 чакырымдан ашуун чек арасы бар Казакстанда да жайылтса, ага казак коомчулугу тикесинен тик каршы турушу керек. Москва бир жагынан Евразиялык Шаркет, Бажы Биримдиги деп интеграция, жакындашуу саясатын алдыга коюп жатканы менен, так ушул жакындашуу жараянына Путин кайра өзү «душман» болуп чыгууда. Анткени азыркы Украинага карата саясаты, башка да Беларус, Казакстандын бизнес кызыкчылыктарына каршы саясаты калк арасында нааразылык, каршылык туудурууда. Орусия бийликтеринин «биз орус тилдүүлөрдү коргошубуз керек» деп жасап жаткан аракеттери керек болсо Казакстандын келечегине, көз карандысыздыгына да коркунуч туудурушу мүмкүн экенин биздин бийликтер ачык айтышы керек. Астанада отургандар аны айта албаса, казак коому аны ачык эле айтат.

Талкуунун толук мазмунун тиркемедеги аудио файлдан уга аласыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG