Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

КМШ мамлекеттериндеги орус тилдүүлөргө Орусиянын жарандыгын берүүнү жеңилдетүү боюнча федералдык миграция кызматынын мыйзам долбоорун орус өкмөтүнүн атайын комиссиясы жактырды.

Эгер бул документ өкмөттүн жалпы отурумунда да колдоо таап, Мамлекеттик Дума мыйзамды кабыл алса, анда мурдагы СССР курамындагы мамлекеттерде жашаган орус тилдүүлөр Орусиянын жарандыгын өзү каалаган учурда, кыска убакытта ала алат.

Кыргызстанда Орусия жарандыгын алууну каалагандар көппү?

Кыргызстандык саясат талдоочулар Орусиянын бул аракетин соңку саясий кырдаалдан пайдаланып, геосаясий кызыкчылыктарды ишке ашыруу катары сыпаттоодо.

Артем Смирнов Бишкек шаарынын тургуну. Ал 2007-жылдан бери Орусиянын жарандыгын алуу аракетинде жүрөт. 2011-жылы Орусия атуулдук берүү жараянын катаалданткан соң кыргыз жараны бойдон калууну чечкен. Бирок туугандарынын баары Москвага көчүп кеткендиктен, атуулдукту алмаштыруу аракетин кайра баштады.

Документ иштери менен чуркап жүргөн Артемду Бишкектеги Орусия элчилигинин жанынан жолуктурдук:

- Менин билгеним боюнча, азыр орус жарандыгын алыш кыйын. Ал жакта кеминде 3 жыл жашашың керек. Ошентсе да аракет кылып жатамын. Бишкектеги элчиликке келип, юристтер менен кеңештим. Чын айтсам, көп эле тааныштарым Москвага, же башка шаарларга кетип, оңой эле жарандык алып алышкан.Тааныш-билишсиз жүргөндөр мен сыяктуу кыйналат окшойт.

Артем Орусияда башка мамлекеттердеги этникалык орустарга атуулдук берүүнү жеңилдетүү демилгеси тууралуу уга элек.

Токмок шаарынын 55 жаштагы тургуну Елена Алехинанын болсо сунушталып жаткан мыйзам долбоорунан кабары бар. Бирок ал жүз пайыздык жеңилдетүү берилген учурда да жарандыгын алмаштырууну каалабайт:

- Анткени, мен кыргызстандыкмын. Мага Орусиянын жарандыгын алуунун зарылчылыгы жок. Менин балдарым Москвага барып, ал жактан атуулдук алышкан. Бирок азыр Кыргызстанда жашап жатышат. Себеби ал жактагы жашоо деле оңой эместигин көрүштү. Мекенге сагыныч болдубу, айтор кайра келип алышты. Бир тууган эжем Орусияда жашап жатат. Ага конокко барып турам. Ата-энем Кыргызстанда эле жашап, өтүштү. Ошондуктан менин да бул жерден кетким келбейт.

Демографиялык саясаттын кызыкчылыгы

Орусия КМШ өлкөлөрүнөн келгендер үчүн жарандык алууну 2007-жылы оңойлотуп, 2011-жылы кайра катаалданткан. Тагыраак айтканда, соңку үч жыл бою орус жергесинде жашагандарга гана жарандык берүү жагы каралган.

Федералдык миграция кызматынын сунушу менен быйыл атуулдук берүүнү кайра жөнөкөйлөтүү мүмкүн болуп турат. Бирок орус тилдүүлөргө гана. Жарандык алуу жараянынын убактысы маалым эмес.

25-февралда Мамлекеттик Думанын депутаттары Крымдагы орус тилдүүлөргө жарандык берүүгө макул болушкан. Анын артынан эле Федералдык миграция кызматы КМШ мамлекеттериндеги орус тилдүүлөргө да паспорт берүүнү жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Жыпар Жекшеев мунун саясий өңүтү бар экенин айтат. Анын оюнда, бул Украинага байланыштуу кырдаалдан улам шашылыш түрдө ишке ашырылып жаткан кадам:

- Украинадагы соңку кырдаалдан улам ал жактагы орус тилдүүлөр Орусияга ыктай баштабадыбы. Орус өкмөтү өзүнүн саясий максатына ылайык, абалдан пайдаланып жатат. Бул жерде негизинен демографиялык саясаттын кызыкчылыгы болууда. Соңку жылдары Орусияда демографиялык өсүш болбой жатат. Калктын саны негизинен мигранттардын эсебинен көбөйүүдө деген статистикалык маалыматтар бар.

Ар бир мамлекет экономикалык, саясий жана демографиялык маселесин өзүнө ыңгайлуу шартта чечет. Ошондой мүмкүнчүлүк азыр Орусияда болуп жатат.

Жыпар Жекшеевдин пикиринде, федералдык миграция кызматы сунуштаган мыйзам долбоору ишке ашса, Кыргызстандагы орус тилдүү кишилердин Москваны көздөй агымы күчөшү мүмкүн.

Коомчулук арасында, бул демилгени терс кабыл алгандар да бар. Жарандык алуу этникалык орустарга жана орус тилдүүлөргө гана жеңилдетилгени социалдык тармактарда орус өкмөтүндө улутчулукдук маанай күч алышы катары да сыпатталууда.

Москвадагы кыргыз элчилигинин федералдык миграция кызматына таянып берген маалыматына ылайык, 1992-жылдан 2014-жылга чейин 516 455 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын маалыматында 1995-жылдан бери 27 584 киши кыргыз жарандыгынан чыкканы жазылат.

Баса, азыр 3-4 жыл муруңкуга салыштырмалуу орус элчилигине жарандык алуу маселеси менен кайрылгандар аз экенин элчиликтин атын атоону каалабаган кызматкери билдирди. Ал муну жарандык алуу жараяны үч жыл мурун татаалдашканына байланыштырды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG