Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны жарым миллионго чукулдаса, кыргыз атуулдугунан расмий баш тарткандардын саны 20 миңди гана түзөт. Эки тарап кош жарандуулукту тааныбаганы менен иш жүзүндө эки өлкөнүн паспортторун алып жүргөн кыргыз мигранттары аз эмес.

1991-жылдан бери миңдеген кыргызстандык чет өлкөнүн паспортун алганы менен кыргыз жарандыгынан расмий түрдө чыккандардын саны алдаганча аз. Бул маалыматты президенттин алдындагы Жарандык маселелер боюнча комиссиянын эксперти Александра Пискур “Азаттыкка” тастыктады:

- Адамды Кыргызстандын жарандыгынан президенттин жардыгы менен гана чыгарууга болот. Орусия Кыргызстандын 400 миң жараны орус атуулдугун алганын билдирип келет. Эгер Жарандык маселелер боюнча комиссия түзүлгөн 1995-жылдан берки документтерди карасак, жарандыктан баш тарткандардын саны бүгүнкү күнгө чейин 20 миң гана адамды түзөт.

Эгер бир эле Орусиянын жарандыгын кеминде жарым миллиондой кыргызстандык алса, кыргыз атуулдугунан расмий баш тарткандардын саны эмне үчүн мынчалык аз? Калган кыргыз мигранттары бейрасмий түрдө эки өлкөнүн тең жарандары болуп эсептелеби?

Жардык жок, жарандык жоюлбайт

“Жарандык жөнүндө” мыйзамга ылайык, чет өлкөдө кыргызстандык кандай макамда жүрбөсүн, анын кыргыз жарандыгы сактала берет. Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин бөлүм башчысы Сагынбек Кочкорбаев түшүндүрмө берди:

- “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин 2-пунктунда “кыргыз жаранынын башка жарандыкты алуусу анын Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна алып келбейт” деп жазылган. Башка жарандыкты алган учурда же башка жерде туруктуу жашоого турганда да эч качан Кыргызстандын жарандыгынан ажырабайт. Өздөрү президенттин атына арыз менен кайрылганда гана, ал арыз канааттандырылып, президенттин жардыгы чыкканда гана жарандыгы токтотулат. Башка учурлар мыйзамда каралган эмес.

2012-жылы мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин жардыгы менен биротоло кыргыз жарандыгынан ажырагандар да Кыргызстанга кайтып келгенден кийин атуулдугун оңой эле калыбына келтире алат:

- Эмгек мигранттары кайра мекенине кайтып келгенден кийин чет мамлекеттин жарандыгынан жеринен чыкпай туруп эле, бул жерге келип, арыз жазат. Мен Орусиянын же башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартам, Кыргызстандын жарандыгын берүүңүздү өтүнөм деп кат түрүндө арыз жазып берет. Керектүү документтерди топтоп туруп эле, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн түрдө ала берет, - деди Сагынбек Кочкорбаев.

Иш жүзүндө кош жарандуулукпу?

Конституцияда “мыйзамдарга жана Кыргызстан кабыл алган эл аралык келишимдерге ылайык кыргыз жаранынын башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү таанылат” деп жазылган. Натыйжада Кыргызстан кош жарандыкты расмий кабыл албаса да, өз атуулдарына келишимдер бар өлкөлөрдүн жарандыгын алууга тоскоолдук жаратпайт.

Бирок Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандык тууралуу макулдашуу жок. Орусиянын Федералдык миграция кызматы орус паспортуна ээ болом деген кыргызстандык мыйзам боюнча баштапкы жарандыгынан баш тартуусун керектигин “Азаттыкка” билдирди. Бишкектеги Орус элчилигинин маалыматы боюнча, ал үчүн адамдын Кыргызстандагы каттоосунан чыкканын күбөлөндүргөн документ жетиштүү.

Бирок каттоодон чыгуу жарандыкты жоготту дегенди билдирбейт деди Элди каттоо департаментинин төрага орун басары Назгүл Абакаева:

- Орус тарап Кыргызстандан каттоодон чыгууну гана талап кылат. Анткени жаран Орусияда туруктуу жашашы керек. Орус тарап да адамдын жарандыгы бар же жок экенине анчейин көңүл бурбайт. Бир жаран Кыргызстандагы катоосунан чыкса, жарандыгын жоготпойт.

Натыйжада Орусия атуулдугун алган кыргызстандыктардын колунда кыргыз паспорту жана жарандыгы сакталып кала берет. Мындай учурлар көп экенин Москвадагы кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Нурлан Кобенов билдирди:

- Биздин жаран деп каттоодо жүрө берет. Көбүнчө ушундай болуп жатат. Орусиянын да, Кыргызстандын да паспорту менен жүрө беришет. Паспорттун мөөнөтү бүтмөйүнчө...

Бирок колунда орус паспорту туруп, мөөнөтү өткөн кыргыз паспортун жаңысына алмаштырам дегендер үчүн мыйзамдын өзүнчө талабы бар. Элди каттоо департаментинин маалыматы боюнча, ал жарандар Орусиядан каттоодон чыгып, кайра Кыргызстанга каттоого турушу керек. Андан соң кыргыз паспортун жаңырта алат.

Бирок Орусиядан каттоодон чыкпай туруп, бир маалда эки өлкөнүн жарандыгын, паспортун сактап калгандар бар.

Айла качып кутулбайт...

Кыргызстандык Иса (аты өз өтүнүчү менен өзгөртүлдү) Орусияда жети жыл иштеп, орус жарандыгын алып, үй-бүлөлүү болгондон кийин мекенине кайтып келген. Кыргыз паспортунун мөөнөтү эбак өтүп кеткендиктен, Кыргызстандан орус паспорту менен жумуш таба албай кыйналган. Азыр эми орус жарандыгы болгонуна карабастан, тааныштарынын жардамы менен кыргыз паспортун алганы жатат. Ал үчүн өзү жашап кеткен айыл өкмөтүнөн жашайт деген тил кат алуу жетиштүү болгон:

- Кыргыз паспортун алуу үчүн Орусиянын жарандыгын тапшыргыла деп жатышат. Бирок мен кайра Орусияга кетип калышым мүмкүн. Бул жакта жумуш жакшы болбогондуктан жазда дагы кетем деп жатам. Эки жарандыкты ушунтип алып жатам.

Ар кыл айла-амал менен Исага окшоп иш жүзүндө эки өлкөнүн жарандыгына жана паспортуна ээ болуп жүргөндөр аз эмес.

Орусиядагы кыргыз мигранты

Орусиядагы кыргыз мигранты

Натыйжада Орусиянын да, Кыргызстандын мыйзамдары да жарандык алууда жана берүүдө адамдын мурдагы атуулдуган биротоло ажырашын талап кылбайт. Эки өлкө үчүн тең жарандык берүүдөгү негизи талаптардын бири - бул каттоодон чыгуу. Орус жарандыгын алган кыргыз мигранты Орусияда жүрөбү же Кыргызстанга келип мыйзамдуу, мыйзамсыз жолдор менен паспортун кайра жаңыртып алабы, президенттин буйругу чыкмайынча бейрасмий түрдө эки өлкөнүн жараны бойдон кала берет.

Де-фактодон де-юреге...

Андыктан “Жарандык жөнүндө” мыйзамдын автору, экс-депутат Кубанычбек Исабеков Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы бул алаканы мыйзамдаштырып коюу керек дейт:

- Кыргызстанда аскердик кызмат өтөп кеткен жигиттер, Орусия жарандыгын алганда кайрадан армияга чакырылып жатат. Бул жерде алардын укугу бузулуп жатат. Пенсияга эрте чыга тургандар пенсияга чыга албай жатышат. Ошондуктан биз Орусия менен кош жарандуулукка барышыбыз керек. Салыктарды төөлөөдө эки жолу салык кармалып калгандар болуп жатат.

Кыргызстандын жалпы канча жараны Орусиядан башка дагы кайсы өлкөлөрдүн жарандыгын алганы так белгисиз. 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен 611 жаран расмий түрдө атуулдуктан баш тарткан. Алар Орусиядан тышкары Малайзия, Түркмөнстан, Беларус, Германия өңдүү өлкөлөргө кеткени кабарланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG