Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:36

Германия миңдеген мигрантты артка кайтарат


Мюнхенде мигранттар үчүн уюштурулган жай. Сентябрь, 2015-жыл.
Мюнхенде мигранттар үчүн уюштурулган жай. Сентябрь, 2015-жыл.

Германия түмөндөгөн мигранттарды артка кайтарууну көздөөдө. Өкмөттүн жарыясына караганда, алар Ооганстандан жана Балкан өлкөлөрүнөн келип, Германиядан башпаанек алууну көздөгөндөр.

Немис бийликтери мындай чарага качкындар кризисинен улам өкмөткө коомдук колдоонун деңгээли акыркы үч жылдагы эң төмөн чекке түшкөн учурда барууда.

Өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн соңку сөздөрүнө караганда, алар мигранттардын тыйылбаган агымын жөнгө салуу боюнча турумун катаалдаштырууга барышчудай.

Өлкөнүн ички иштер министри Томас де Мезьер Берлинде, 28-октябрдагы басма сөз жыйында Германияга буга чейин эле кирип алган жана али келип жаткан мигранттардын эки агымын өзгөчө бөлүп көргөзүп, алар айтка кайтарыла турганын убада кылды:

- Ушул айда жана жыл бою Ооганстан мигранттар чыккан өлкөлөрдүн тизмесинде экинчи орунду ээледи. Мындай болбошу керек. Биз ооган өкмөтү менен макулбуз, биз муну каалабайбыз. Ооганстандан орто катмардагылар барган сайын мигранттар катарын толуктап, саны артууда. Алардын көбү Кабулдан. Биз ооган өкмөтү менен ортоңку класс жана жаштар өлкөдө калуу менен аны кайра курушу керек дегенине макулбуз. Бизге Ооганстандан качкын катары келип жаткан адамдардын баарында Германияда атүгүл “толеранттуулук” макамы менен да калуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер алар алдыдагы апталарда, айларда артка кайтара турган мигранттардын экинчи катмары катары Балкан өлкөлөрүнөн чыккандарды атады.

Министр белгилегендей, качкын макамын берүү өтүнүчү четке кагылган миңдеген балкандыктарга эми өлкөдөн кетүүгө туура келет.

Балкандыктар дегенде Косово, Македония, Албания, Босния- Герцеговина сыяктуу өлкөлөр эске алынууда.

Евробиримдикке Балкан өлкөлөрү аркылуу кирген мигранттардын көбү Германияга жетүүгө умтулушат.
Евробиримдикке Балкан өлкөлөрү аркылуу кирген мигранттардын көбү Германияга жетүүгө умтулушат.

Евробиримдикке кирип алган мигранттардын көбү Германияга агылышын немис экономикасынын кубаттуулугу жана социалдык жактан качкындар үчүн берешендиги менен түшүндүрүлөт.

ДПА агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, быйыл январь-сентябрь ичи Германияга 577 миң качкын жана мигрант кирди. Алардын 164 миңи сентябрь айында келишти. Октябрь айында канча киши киргенинин так эсеби азырынча чыга элек. Ошол 577 миңдин 300 миңден ашууну сентябрь айынын соңунда Германиядан качкын макамын сурап кайрылгандар.

Немис бийликтери мурдараак быйыл өлкөгө келе турган мигранттар менен качкындар саны кеминде 800 миңге чейин жетет деп күтүп жатканын айтышкан эле.

ПЕГИДА кыймылы Германия мигранттарды кабыл алуусуна каршы. Дрезден, 19-октябрь, 2015-жыл.
ПЕГИДА кыймылы Германия мигранттарды кабыл алуусуна каршы. Дрезден, 19-октябрь, 2015-жыл.

Канцлер Ангела Меркелдин өкмөтү эми алар качкын макамын сурашына жүйө жок деп санаган миңдеген адамды кайра артка кайтаруу чечимине бул кризистен улам өкмөткө коомдук колдоонун деңгээли акыркы үч жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн учурда барууда.

Мындан улам Меркелдин Христиан-демократтар партиясынын коалициялык өнөктөшү - Социал-демократтар чек арада “транзит зонасы” деп аталган жайларды түзүүгө каршылыгын кайра алышы мүмкүндүгүн ишара кылды.

“Транзит зоналары” идеясында мигранттарды тезирээк каттоого, анан депортациялоого мүмкүндүк бериши керек.

Социал-демократтардын өкмөттөгү таасирлүү өкүлү, каржы министри Фольфганг Шойбле кечээ мигранттар агымы чексиз боло албасын айтып чыгып, өкмөт бул маселеде жаңы жана катаал багытты карманарына басым жасады.

Немис ички иштер министри ошондой эле алар чек арада көзөмөлдүн мөөнөтүн 13-ноябрга чейин узартканын, бул дагы үч айга созулушу ыктымал экендигин жарыялады.

Чек араларда алгачкы ирет быйыл 13-сентябрдан тарта киргизилген көзөмөл Германия Евробиримдиктин Шенген зонасындагы мүчөлүгүн де-факто токтотуп койгонуна барабар.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG