Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Беш муундун поэзиясы


Акындар кечеси
Акындар кечеси

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук 1-канал биргеликте ишке ашырып жаткан “Беш акын” теледолбоору уланууда. 4-ноябрь аталган долбоордун үчүнчү, төртүнчү таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Адабиятчылар аталган долбоор улуттук поэзиянын өнүгүшүнө салым кошорун белгилешсе, көрүүчүлөр жазма акындардын таймашы өз күйөрмандарын тапканын айтышууда.

“Беш акын” теледолбоорун 1940-1950-жылдар аралыгында жарык дүйнөгө келген муундун арасынан суурулуп чыккан акындар Анатай Өмүрканов, Асан Жакшылыков, Меңди Мамазаирова, Өмүрбек Дөлөев жана Нурпаис Жаркынбаев баштап берген.

Адабий-музыкалуу кечеде бир муундагы беш жазма акын калыстар тобуна экиден өз ырларын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор ырдалып, өздөрүнүн ыр жазгандан башка өнөрлөрүн көрсөтүшү керек. Акыркысында калыстар тарабынан берилген суроолорго жооп бериши шарт.

Биринчи айлампада Анатай Өмүрканов жогорудагы шарттарды мыкты аткарып, атаандаштарынан алдыга озуп чыккан.

Адабият күйөрманы Айсулуу Көкөеванын айтуусунда, “Беш акын” долбоору аркылуу кыргыз акындары түрк адабияты менен таанышып, аларды которуп жатканы чоң олжо. Маектешибиздин айтышынча, түрк адабияты мурдагы Кеңеш мамлекетинин курамындагы республикаларга караганда чыгыш менен батыш адабиятынын артыкчылыктарын өзүнө сиңиргени менен өзгөчө.

- Бүгүнкү күндө биздин башыбызга келген тагдырды алар эчак эле жашап коюшкан. Алар жапайы капитализмди башынан өткөргөн. Мындай шартта ыйманын, үй-бүлө институтун кантип сактап калды, ааламдашуу мезгилинде адам кандай жалгыздыкка учурайт - ушулардын баары алардын чыгармаларында жазылган. Мен жакында эле түрктөрдүн бир аңгемесин окудум. Анда бир мезгилде ыймандуу үй-бүлөдөн чыккан балдар ата-энесин карабай кеткени тууралуу жазылган. Азыр бизде деле ошондой келишпестиктер болуп жатпайбы.

Көкөева акыркы жылдарда кыргыз калемгерлери өзүнүн казанында өзү кайнап, котормо менен алектенбей калгандан улам улуттук адабияттын деңгээли түшүп баратканын, мындай учурда жогорудагыдай долбоорлор зарыл экенин белгилеп, ал ортодо акындардын черден чыга ыр окуганы теле аркылуу коомчулукка көрсөтүлүп жатканы элди адабиятка тартуу экенин айтат.

Калыстар тобунун мүчөсү Түгөлбай Казаковдун пикиринде да долбоор өз шарттарынын биринде котормого өзгөчө маани бергени бекеринен эмес. Ошол эле учурда акындардын минтип бири-бири менен атаандашып, күпүлдөтө ыр окуп жатканы да чыгармачылыктын өнүгүшүнө шарт түзөт:

- Биологиялык тил менен айтканда, адабияттын өнүгүү процессинде дайыма кан алмашып турушу керек. Ар кайсы өлкөнүнүн акын-жазуучулары бири-бирин окуш керек, бири-бирин угуш керек. Ошондо жаңы идеялар келип чыгат, түрткү берет дегендей. Дүйнөлүк адабият болбосо биздин улуу жазуучуларыбыз деле болмок эмес да. Өздөрү деле ошентип айтышкан эмеспи. Бул долбоордун аркасы менен эми түрк дүйнөсү менен биздин адабий чөйрө аралашуусу керек. Бири-биринин китептерин которуш керек. Союз учурунда акын-жазуучулар бири-бирин которуп турушчу. Кийин андай болбой калбадыбы.

Казаковдун айтуусунда, буга чейин кыргыз акын, жазуучулары түрк адабиятынан Кеңеш мамлекетинде жашап калган Назым Хикметти гана билип, башка калемгерлерин билбей келген. Эми деле жеткиликтүү биле элек.

“Беш акын” долбоорунун экинчи айлампасында 50-жылы туулган муундагы акындардан Карбалас Бакиров, үчүнчү айлампада алтымышынчы жылкылар арасынан Атантай Акбартегин жеңишке жетти. Төртүнчү айлампада 70-80-жылкы муундаштар Аида Эгембердиева, Назгүл Осмонова, Рыспай Исаков, Элдар Аттокуров ж.б. таймашты.

Төртүнчү айлампанын катышуучусу, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева кийинки муун өкүлү катары “Беш акын” теледолбоорунун салмагы тууралуу мындай деди:

- Түрк дүйнөсүндөгү чыгармачыл адамдардын бири-бири менен алака түзүшүнө ТҮРКСОЙдун таасири жакшы болуп жатат. Анткени биз боордош эл катары бардык тарабынан байланышта болушубуз керек. Мындан эки жыл мурун да Жазуучулар бирлиги тарабынан бир долбоор башталып, биз азербайжан акындарынын ырларын кыргызчага, алар биздин ырларды азери тилине которгон эле. Бул чынында абдан жакшы саамалык болгон. Негизи чыгармачыл чөйрө чыгынбайт экен да. Ушундай иш-чаралар көптөгөн жакшы иштердин жаралышын шарттайт экен.

Эгембердиеванын айтуусунда, буга чейин жалпы түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шаханов, Олжас Сулейманов менен Акбар Рыскулов сыяктуу инсандардын чыгармачыл жакын байланышы да адабияттын өнүгүшүнө таасир этип келген.

Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегиндин ырасташынча, эми кезекте 1980-1990-жыл ортосунда төрөлгөн жаш акындар, соңунда ар бир муундан жеңүүчү болгондор таймашып, долбоор 3- декабрда жыйынтыкталат. “Беш акын” долбоору кийинки жылдары түрк тилдүү башка өлкөлөрдө уланат. Аны Кыргызстан баштап берди.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG