Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:55

Бул ирет “Азаттык” азыркы кыргыз адабиятындагы аялдын образы, аялзатынын купуя дүйнөсүн ачуудагы жазуучулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү жана аракеттери тууралуу сөз кылат.

Жакында акын Айсулуу Көкөеванын адабий журтчулуктун кызыгуусун жараткан “Аялдын күндөлүгү” аттуу жаңы китеби жарык көрдү.

“Сени сүйөм аялыңа айтып бар..."

“Сенин машинеңдин номурун таанып калдым. Милицияга берем. Мен баары бир отурбайм. Ошону ойлоп кой. Андан көрө токтот да мени түшүр!!!” деп кыйкырып жаттым таксини айдап бараткан айдоочуга. Унчукпайт ит десе. Мен кыйкырган сайын Алмазы “Ой, эмне болду? Акырыныраак балдар!” деп коет. Мен эрге тийбейм!! Отурбайм убара болбогула! Мен окууга өтөм! Угуп жатасыңарбы, окуйм!” деп бакырсам, “Окууга өтпөй эле чоң болосуң, бир короо койго чоң чабан болосуң” деп каткырып коет баятан бери унчукпай отурган жигит...”

Бул Айсулуу Көкөеванын жаңы чыккан “Аялдын күндөлүгү” китебинде ала качууга туш болгон кыздын баяны. Автордун айтымында, бул китеп экинчи ирет басылып чыкты. Анда аял каармандын жылаңач сүйүүсү, сезими, жылаңач тагдыры коомдо аял болуу түйшүгү чагылдырылган:

- “Аялдын күндөлүгүндө” бир бактысыз интеллигент аялдын жыйырма-жыйырма беш жылдык өмүрү баяндалат. Числолору да ар кандай. Беш күнү катары менен жазылган же бир жылда бир күнү гана жазылып калган. Азыркы адабиятты мындай ыкманы клип сыяктуу деп коет. Клиптей болгон ой жүгүртүү. Кыска, жан дүйнөдөн кыя өтпөгөн сезимдер же окуялар. Мында аял селсаяктар жаткан жерге да барууга туура келген учурлар бар. Айтор интеллигент аялдын ар кандай кырдаалда кор болгону. Токсонунчу жылдары жаштыгы өтүп жаткан аялдын чабалактаганы. Анын эрге тийип алуу эле бакыт эмес экенин түшүнгөнү. Энелик сезиминин ойгонушу коомдогу ээлеген орду тууралуу баяндалат.

Автор күндөлүгүндө аял, анын ичинде чыгармачыл аял өзүн өзү издөө жолуна түшсө, кээде кадимки аялдык бактыдан танууга да бел байлоосу керектигин, өзүн өзү табуу түйшүгү дүйнөдөгү эң оор максаттардан экенин ачууга аракет кылганын айтат. Анын баамында, дегеле коомдо баалуулуктар өзгөрүп, мурдагыдай үй-бүлөлүк бакыт аялдарды кызыктырбай калды дейт. Айсулуу Көкөева 90-жылдары жаштар поэзиясына:

- Сени сүйөм аялыңа айтып бар,

Ким сүйбөсүн дили таза адамды?

Менин сүйүүм сенден тамак сурабайт,

Жалгыз калдым, кел, мага деп жалынбайт ... деген өңдүү тентек саптары менен келип кошулуп, кийин ушул эле аялдын купуя темасын прозада уланткан.

Филология илиминин доктору, учурда кыздар поэзиясын изилдеп келаткан окумуштуу-акын Аида Эгембердиева Айсулуу Көкөеванын “Аялдын күндөлүгү” китебин формасы жеңил, мазмуну салмактуу деп баалады:

- Бул пост-советтик учурдагы адабияттын көрүнүшү. Аялдын жан дүйнөсү тарткан азап-тозогу, ой-толгоолор. Айсулуунун жакшы жери - бул чыгармасын бат окуганга ыңгайлуу кылып күндөлүк формасында жазган экен. Күндөлүктө деле ал күнүмдүк нерсени жобурап эле айта бербейт. Өзгөчө да, акылдуу да көрүнбөйт. Бирок байкатпай жөнөкөйлүктөн татаалдыкка умтулуп, болуп жаткан окуяларды философиялык ой менен жыйынтыктай алган. Бул чыгарма сырттан караганда женил көрүнөт. Анткен менен өтө салмактуу. Аялдын жан дүйнөсүндөгү татаал жагдайлар айтылган.

Аида Эгембердиева бул китепте негизинен чыгармачыл аялдын тагдыры баяндалганына көңүл буруп, дүйнөлүк адабияттын тарыхында деле аялдардын адабиятка келиши оңой болбогонун белгилейт:

- Дүйнөлүк алкактан алып карасак, деле чыгармачыл аялдарга жеңил болгон эмес. Америкалык адабияттын тарыхын карап отурсак да куугунтукка алынган аял жазуучулар болгон. Мисалы, азыр аты эсимден чыгып турат бир жазуучу он жети жыл энесинин чатырында жашап, балдарына чатырдын тешигинен гана көз салып, бул арылыкта өзүнүн прозалык чыгармаларын жазган.

Окумуштуу Аида Эгембердиеванын айтымында, биздин төл адабиятыбызды баштагандардын катарында аялдар болгон эмес. Аял жазуучулар кийинчерек Нуркамал Жетикашкаевадан баштап кошула баштаган. Ал эми Аалы Токомбаев, Касым Тыныстанов, Мукай Элебаев, Кубанычбек Маликов сыяктуу акын-жазуучулардын аялдар теӊдигин көксөгөн ырлары, поэмалары өз кезегинде кыргыз аялзатынын илим-билимге умтулуусун шарттаган, ага түрткү берген.

Кыргыздын чыгармачыл аялдары өздөрүнүн, дегеле аялзатынын купуя дүйнөсүн өз чыгармалары аркылуу ачып берүү жагынан, акыркы 50 жылда, мейли ал поэзияда болсун, кара сөздө болсун, даңгыр жол чабышты. Буга Зуура Сооронбаева, Сагын Акматбекова, Айгүл Узакова... дагы бир топ акын-жазуучулардын чыгармалары, аркасынан жоон топ акын-жазуучуларды ээрчиткен алардын мектеби жакшы далил болуп бере алат.

Айсулуу Көкөева болсо учурда дүйнөлүк адабиятта аялдын жан дүйнөсүнө үңүлгөн жазуучулар көп, ал эми кыргыз адабиятында азыр бул көрүнүш аксап турат деген көз карашты тутунат:

- Мурда деле азыр деле аялдардын жан дүйнөсүн аялга караганда эркектер жакшы ачып келатканы белгилүү. Муну дүйнөлүк чыгармалардан улам билсек болот. Мисалы, Вишневскийдин “Ойнош”, “Жалгыздык аралы” деген чыгармаларында аялдын жан дүйнөсү укмуш ачылган эмеспи. Бизде мындайлар жок. Азыр айылдарда кээ бир аялдардын үй-бүлөсү бар туруп аларды таштап, иштейбиз деп чет мамлекеттерге кетип жатканы таңкалычтуу көрүнүш.

Айтматов жана аялдар

Аялдын жан дүйнөсүн, алай-дүлөй түшүргөн купуя сырларын адабиятка салуу жагынан, албетте, Айтматовдун алдына али эч ким чыга элек. Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин баамында:

- Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында аялдардын образы дайыма биринчи планда болуп келген. Ал Аселде, Толгонайда, Жамилада, Сейдеде, Алтынайда, айтор ар бир каарманында кыргыздын улуттук психологиясын берүүгө умтулган. Ал толук ишке ашкан. Ошондуктан менин жетекчилигим менен Айтматов таануу илиминде буга байланышкан “Айтматов чыгармаларындагы аялдар образы” деген темада атайын илимий эмгек жазылган. Айтматов биздин эпосторубуздагы аялдар образынын галереясын-салтын уланткан деп эсептесек болот. Мисал үчүн Манаста Каныкей, Айчүрөк, айтор бардык эле элдик оозеки чыгармаларды ала турган болсок, анда өзү баш каарман болгон же, башкы каарманга жардамчы болгон аялдын образы бар.

Абдылдажан Акматалиевдин айтканына караганда, Айтматовдон кийин улуттук адабиятта аялдардын образын анчалык деңгээлде ачып берген эч ким болгон жок.

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин “Кыргыз тил адабияты” кафедрасынын доценти Мухтар Сатыбеков адабиятта аялдын образын Айматовдон кем эмес жараткандардын катарына Зуура Сооронбаеваны кошот:

- Менимче, Айтматовдон кийин чыныгы кыргыз айымынын образы Зуура Сооронбаеванын “Чоочун киши” романындагы Жайнагүл аттуу каарман менен ачылып берилген. Аны мен Жамила, Толгонай, Алимандан кийинки эле нукура кыргыз келининин образын чагылдырган каарман деп ойлойм.

Мухтар Сатыбеков ал эми массалык адабият катары таанылып, акча табуу максатында жаралып жаткан жеңил-желпи чыгармалардагы бузулган аялдардын образы улуттук адабиятка таптакыр тиешеси жок экенин айтты.

Жаш адабиятчы Улан Турдалиев болсо кыргыз адабиятында сөз кыла турган каарман түгүл, адабият өзү боор көтөрө албаган чабал абалында калууда дейт:

- Бүгүнкү күндө адабиятта аялдардын образы кандай чагылдырылып жатат деген суроодон мурун, бүгүн көркөм адабият барбы деген суроону коюш керек. Эгер чын эле көркөм адабият бар болсо анда мен бүгүнкү учурдагы аялдардын коомдогу орду, турмуш-шарты чагылдырылган китепти окуй элекмин. Андыктан учурда Ажардын, Толгонайдын образы ачылганчалык аялдын образын ачкан чыгарма көрбөй жатам.

Ал эми адабиятчы, журналист Бекташ Шамшиев Улан Турдалиевдин айтканына кошулбайт. Анын айтканына караганда, улуттук адабият мурда да, бүгүн да аялзаттын образын ачуу аркылуу өнүгүп жатат:

- Азыр деле мурдагы жазуучулардын баскан жолу уланып жатат деп айта алам. Бизде аялзаттын образына кайрылбаган бир да акынды, бир да жазуучуну табууга мүмкүн эмес. Коммунисттердин алтын капасынан бошогондон кийинки адабиятта аялдардан образы мурдагыдан башкача ачылып жатат. Казат Акматовдун “Архатын” алып карасак болот. Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” аттуу акыркы романында челнок менен шугулданган Сезимдин образын алалы. Ал бир жумага жетпеген убакытта өзүнүн өмүр бою эңсеп келген сүйгөнү Арсенге жолугуп, кайра айрылып калып атат.

Улуттук адабияттын тарыхын карап көрсөк, аялдардын образын жараткан Айтматовдон башка да жазуучулар болгон. Мисалы, Сагындык Өмүрбаевдин “Телегей” романын, Насирдин Байтемировдун Уркуя тууралуу чыгармасын айтса болот. Бирок адабиятчылардын айтымында, алардын көбү бир беткей сүрөттөлүп калган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG