Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман...


Алым Токтомушев Эшимканов атындагы сыйлыкты жеңип алган, 9-декабрь, 2012-жыл

Алым Токтомушев Эшимканов атындагы сыйлыкты жеңип алган, 9-декабрь, 2012-жыл

Маркум акын, публицист Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүйнө” аттуу адабий мурасын чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү жылуу кабыл алды. Адабиятчылар аталган жыйнак кыргыз адабиятынын жаңы табериги экендигин айтышууда. Китепке калемгердин буга чейин эч жакта жарыяланбаган көркөм поэзиясы жана котормолору кирген.

“Ачылбаган дүйнө” поэтикалык жыйнагына негизинен маркум акындын 1970-1975-жылдар аралыгында жазган ырлары камтылган. Автор өзү буга чейин ал чыгармаларынын дээрлик бирин да жарыялаган эмес. Токтомушев арабыздан кеткенден кийин анын жеке архивин аңтарып, аталган китебин түзүп, жарыкка чыгарган Олжобай Шакирдин айтымында, маркумдун башка да, бир эмес, үч-төрт томдук китеп болчудай өрнөктүү чыгармалары калды:

- Бул дүйнөдө өзүң өтө урматтаган инсандын, болгондо да сөз менен ойдун тереңине түшө билген калемгердин кол жазмасы менен иштеп отургандан өткөн азап жок экен. Эңшерилет экенсиң. Китептин “Ачылбаган дүйнө” деп аталганынын себеби, бул кишини биз үзөңгүлөш жүргөндө жакшы эле билгендей болдук эле, бирок абакта жаткан кезинде жазган ырлары буга чейин окурман колуна тийбей келгендиктен биз аны билбей калган экенбиз. Анын бул учурда жазган ырларынын ар бир сабынын артында көркөм штрихтер катылыптыр. Ошол саптар менин ичимди сыйрып кетти.

Олжобай Шакирдин баамында, Токтомушев көзү барында өз эмгектерин ушуга чейин жарыкка чыгарбай саргайган барактарда, эски дептерлерде сактап келгенинин себеби анын адабиятка жасаган урматы, ызаты болгон. Өз чыгармаларына бийик талап менен карагандыктан жазган ырларын элге чыгаруудан тартынган.

КАР ЖААГАН ТҮН

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.

Кар гана балбалактап көмөт тышты.

Баштадым даа бир кышты...

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.

Түн узун бир шумдуктуу.

Сандаган элестердин арасынан,

Мен өзүмдү таап араң,

Туурулган колум менен

сылаймын жымжырттыктын маңдайынан.

(Эшигим ачылчудай болот менин)

Жымжырттыктын нар жагында

Жымжырттыктын духун сыгып,

Апамдын назга толгон колу менен,

Алып келип берчүдөй болот мага.

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.

Кар гана аппак сүткө бойойт тышты.

Капырай, ит жаң-жуңу эстен чыкты.

(Эшигим ачылчудай болот менин).

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.

Кирпик каткан.

Уйку качкан.

Кар гана акактантат картаң дубду.

(Эшигим ачылчудай болот менин)

15.11.70.

“Менде жок келчү мейман, кетчү мейман”, - дейт Алым Токтомушев. Албетте жөн жай адам үчүн түрмөдө же мүрзөдө гана конок келбеши мүмкүн. Андыктан зирек окурманга бул ырдын текстинде түрмө тууралуу бир да сөз жок болсо да анын абакта жазылганы айгине болот.

Токтомушевдин дүрбөлөңү

Олжобай Шакирдин айтымында, ошол эле учурда Токтомушев котормолорунда да ар бир сөзгө маани берип, дүйнөлүк адабияттын деңгээлин жана өзүнүн чыгармачылык бийик сапатын сактап калган:

- Дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнүн котормолору да кирди китепке. Анын ичинде бүтпөй калгандары да бар экен. Чыгармачылыгы байып турган учурда, түрмөгө айыпсыз жатканы үчүн да ичиң ачышат. Бирок ырларында өзү абакка түшкөнү үчүн эч кандай актанбайт. Турмуштун ташпиши аны ошол жакка айдап барып калганына өкүнбөйт да. Турмушка болгон көз карашы чыйрак. Бирок кар жааганын терезеден карап туруп, тамыры зыркырап калып алганы поэзиясында чагылгандай жарык этип көрүнүп турат.

Жазуучу, окумуштуу Бейшебай Усубалиев, Алым Токтомушев 60-70-жылдарда өз доорундагы дүйнөлүк адабиятты жан дилине сиңирип, ошондогу жаштык жигер менен өзүн улуттук адабияттын эмес, дүйнөлүк адабияттын чегинде карап, өзүнө талапты жогору койгон акын болгонун кеп салды. Окумуштуунун айтымында, ошондуктан ал өзүнүн ырларына өзү эч качан канааттанган эмес.

- Чындыгында Алым Токтомушевдин аталган китебиндеги ырларды түшүнүү өтө оор. А тургай поэтикалык тилди талдап жүргөн мага да бир топ кыйынчылык жаратты. Бирок окурмандарда илимпоздордон чоң бир жөндөм бар. Ал - жүрөк. Ар кимдин жүрөгү ар кандай бүтөт. Алым акенин ырларын түшүнүп кабыл алган, анын дүйнөсүндө жашай турган жүрөктөр бар.Токтомушевдин поэзиясы өткөн кылымдардын 70-жылдарында жаралса да, бүгүнкү адабиятка белгилүү деңгээлде дүрбөлөң салып кетет. Бир гана окурмандарды эмес, адабият изилдөөчүлөрүнө да дүрбөлөң салууга кудуреттүү.

Адабиятчы, аалым Чоюн Өмүралиевдин пикиринде, Токтомушевдин аталган китебинин “Ачылбаган дүйнө” деп аталып калышы да бекеринен эмес. Кезинде адабиятка чоң даярдык менен келип кирген акындын асыл дүйнөсү ар кандай себептерден улам чынында эле толук ачылбай калды.

- Алым анда-мында эле ыр жазып калбаса, атайын бел чечип ыр жазып кеткен жок. Үзүлүп калды. Ал кезде өзүн-өзү да жерип жазбай да койду. Жарыяланган ырларынын көбүн өзү басмага берген жок да. Себеби, өзүнүн купулуна толгон эмес. Ал өзүн өзү жерип, жаңы мейкиндиктерди издеп калган. Жаңы мейкиндиктерге чыга турган учурда ыр жазып отуруп алганга мүмкүн болбой калды. Алымдын чыгармачылыктагы тагдыры өкүттүү тагдыр. Өзү үчүн өкүттүү.

Чоюн Өмүралиев муну менен бирге улуттук адабият Алым Токтомушевдин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай калганын, анын публицистикага аралашканы айла жоктон заман талабына ылайык жасаган иши экенин кошумчалады.

Алым Токтомушев 2014-жылы 67 жаш курагында каза болгон.

***

Көшүгөн бейкут. Көгөргөн жымжырт,

Күрүлдөйт дөөдөй көчөдө турмуш.

Самсыган булут бактыма толот,

Сандаган элес басчудай болот.

Денелер бүтүн. Жарасыз эч жер,

Агарган таңдар. Кызгылтым кечтер.

Жылдыздар тунуп, шоодурап учкан,

Шоокумдуу жүрөк. Шойкомдуу кыздар.

Болоттон катуу, албарстан өткүр,

Ажайган не бир ак өткөн мезгил.

Бардыгы мында... жандүйнөм тинтип.

Ирмелсе кирпик, качышат үркүп...

Талыкшып таңдай атканда көзүм,

Айланам тегиз төрт чарчы сепил.

Ананбы, анан... баягы турмуш...

Аркандап салган... ордуңан жылгыс...

Апаңдын аппак мамасын алып,

Оозуңа койгон чылымды салып...

Ананбы, анан... баягы турмуш...

15.12.70-ж.

Терезелердин ыры

Тагдыр бизге таш ыргытпа!

Таш ыргытпа бу түбөлүк.

Таш ыргытсаң, талкаланып,

Таптырбайбыз күкүмдөлүп...

Жарык тийсе жарыкпыз биз,

Караңгыда караңгыбыз.

Боёкторго карандыбыз.

Тагдыр бизге таш ыргытпа!

Талмалуубуз, аяндуубуз!

Тагдыр бизге таш ыргытпа...

7.12.70-ж.

Кумардын гладиатору

Менде жок эч бир максат кетип калыш,

Эркектик кумарымды жазып алып.

Сен бир жымжырттыксың тунжураган,

(Жымжырттыкка жымжырттык менен жооп береби?!)

Дендердин вокзалысың жүргүнчүлөр каттаган,

Каалашынча кыйма-чийме.

(Имарат айыптуубу, ар кандай жугуштуу ооруларга),

Тунжурсуң көк асманда тунуп калган,

Күнөөкөрсүң күнөөсүз күнөөлөнгөн...

Асылзатсың – асылзаттыгың ар кандай

Закондордон жардам күтпөй,

Табияттын так өзүнөн күткөн жардам...

Энелик түйүлдүктөй айдын ууз түнүндөгү,

Болбосо алешем кечте,

Эркелетип назданган аял сындуу миң сандаган,

Акым бар аягыңа жыгылууга...

30-декабрь, 1970-ж.

Төрөлгөн күн

Кечирим сурашым керек эле баарыңардан,

сөздөр менен уңгусунда Прометей азабы бар,

ыргагында ый-муңу бар Верлендин!

(Эгоисттик, мансапкорлук, деспоттук иштериме

же качандыр бир жаш кызды кордогонум үчүн эмес,

бирок, кечирим сурашым керек эле баарыңардан:

дегеле көз жарып калганым үчүн

кең дүйнөгө...)

1-январь, 71-ж.

Шаттык ыры

I

Толтосунда титиреген эл күүсү,

тоолор жердин катып калган эргүүсү.

II

“Жүрөгүнө кубаныч ырлар баксын деп,

Турмуш мени муңдуу кылып таштаган.

Жарык күндөй бу аскага батсын деп,

Чыгыш үчүн кайра башка аскага” –

деп ырдады Верлен.

III

О не деген чөптөр чыгып быйыл жай

Шуулдашат дүйнөдөгү тирүү ырдай.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG