Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:59

Таамай айтып, ак жашады


Журналист Алым Токтомушевдин “Салижан Жигитовдун сабактары” деген аталыштагы китеби жарык көрдү.

Анда коомдук ишмер, илимпоз Салижан Жигитовдун өз убагында көтөргөн көйгөйлүү маселелери, байкоолору, маектери топтолгон.

Китептин алгачкы бетиндеги баш сөз ордуна жазылган өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин “Шуулдаба теректер, теректерим...” деген темада заманыбыздын ойчул-илимпозу, жазуучу, акын Салижан Жигитовдун чындык десе чыркырап күйүп келгени, сөз дулдулунун чечендиги, анын соолбос булактай мурастары тууралуу ой толгоосу камтылып,

“Шуулдаба теректер, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим.
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин”... деген Жигитовдун саптары менен жыйынтыкталган.

“Салижан Жигитовдун сабактары” деген китептин автору, белгилүү журналист Алым Токтомушев башка жазмакерлерге окшоп, чөнтөгү калыңдардын “заказдарын” аткарбагандыгын, бул китепти чыгарууга устаты Салижан Жигитовдун адамдык сапатты бийик алып, ак жашап өткөндүгү, кара кылды как жарган калыстыгы, чынчылдыгы себеп болгондугун белгиледи.

- Салижан Жигитов менин улуу устатым. Ал кишидей көрүп турганын, угуп турганын бойок кошпой, болгонун болгондой айткан жазуучулар, адабиятчылар Кыргызстанда өтө аз. Сакем эч нерсеге карачу эмес. Хандан, бектен тартынбаган курч мүнөзү бар эле. Ал көңүлүн бурган нерсени бурмалабай так айтчу.

Аталган китепте: “Петр Чаадаев акыйкат деп ак урган киши эле. Ата Мекенди алдагандан көрө айыбын ач дечү. Андай “артыкчылыгынын” азабын да тартты... Акыл айран калгыдай аналогия: ошол сыяктанган токонаалатка бир жарым кылым ашуун мезгилден кийин биздин улуу устат Салижан Жигитов да туш болду”, - деп жазган автор.

Бул салыштыруу ашыкча болбос үчүн Салижан Жигитовдун 2005-жылы июль айында “Азаттыкка” курган маегинен үзүндү келтирейин.

- Аскар Акаевичтин эски режими жалаң калп сүйлөп атып, элдин көңүлү калды да. Анан булар чындыктын тилине өтүш керек эле. Бирок өтө албай атпайбы. Чындыкты айталбай эле кайра эле баягы Аскар Акаев айткан сөздөрдү айтып жатышат, чоңдордун көбү эле. Ошондуктан жаңы бийликтин эски бийликтен айырмасы жок. Мисалы, Курманбек Бакиев да айтып айтпайбы, илгертеден эле кыргыз элинде демократия болгон деп. Акаев деле ошентип айтчу.

Эми демократия деген өзү Батыш элдери чыгарган, Батыш коому жараткан бир саясий көрүнүш. Бул жакта каяктан демократия, тоталитардык режимде жүрдүк. Андан мурун падышалык өкмөттө да тоталитардык режимде болчубуз. Кокон кандыгында эмне, демократия бар беле? Же кыргыздын өзүндө демократия бар беле? Бул кызылдай эле калп да. Азыр деле демократия жок болуп жатпайбы. Анан каяктагы демократия? -
деп, Салижан Жигитов ошол кезде бийликке келген Курманбек Бакиевдин ыңкылабын “ара төрөлгөн революция” деп катуу сындаган болчу.

Китепке автор Салижан Жигитовдон он жыл аралыгында алган интервьюларын топтогон. Андагы ойчулдун өз убагында көтөргөн көйгөйлүү маселелери, байкоолору, сунуштары али да актуалдуулугун жоготпогонун баса белгилеп кетсек болчудай.

Салижан Жигитовдун алдын көрө билген көзү ачыктыгы да бар белем, мындан сегиз жыл мурда оозуна сала бергендей мындайча пикирин айтыптыр.

- Мисалы, Зайнидин Курмановго, Атамбаевге, же болбосо Жоомарт Оторбаевге, Иманалиевге окшогон жаңы балдар бийликке келсе бир нерсе болушу мүмкүн.

Анын калемдеши, санаалашы Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов Салижан Жигитовдун ойчулдугуна баа эми берилет дейт.

- Бир кезде Сократ жөнүндө уламыштар, икаялар айтылчу эле. Кийинки мезгилдеги кыргыздын рухий маданиятында, рухий дүйнөсүндө ушул Салижан Сократ сыяктуу болуп калат. Мунун акыл эси, маданияты, ой жүгүртүүсү, ишмердиги, өжөрлүгү бизге улуу сабак болуп калат.

Ал эми Салижан Жигитов менен жаш кезинен бери ынак курдаш, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков анын “куйкумдатып” мурчтап сүйлөгөн, азил-аскияларды орду менен уккулуктуу айта билген чечендигин белгилеп, башкалардан артыкчылыгына да токтолду.

- Салижандын көптөрдөн, башкалардан дагы бир айырмасы - өзүнүн пикирин айтаардан мурда, ошону жакшылап туруп негиздеп, ток этер жерине жеткирип, эмне үчүн ошол позицияны айтып жатканын далилдүү кылып айтканында. Ошон үчүн анын позициясы акылы бар ойлонгон адам үчүн, ага каршы пикир айтыш кыйын болчу. Анын дагы бир чоң артыкчылыгы, мен ага аябагандай таң берээр элем, ал дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларга, өзгөрүүлөргө көзөмөл салып жүрчү. Анан ошону менен биздин өлкөдөгү абалды салыштырчу. Анын айткан сөздөрүнүн баары орундуу көрүнчү.

Коомдук ишмер, Кыргызстан Элинин ассамблеясынын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов айтылуу окумуштуу жана публицист Салижан Жигитовдун чогултулуп, жарыкка чыкпай турган кол жазмасы 5 томдук болуп топтолуп турганын белгиледи.

Салижан Жигитов кезинде “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросунда да иштеп кеткен.

Эгерде ал тирүү болгондо 17-мартта 77 жашка чыкмак.
XS
SM
MD
LG