Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:48

Кыргызстан визасыз каттамдан баш тартабы?


Сүрөт Тынчтык корпусунун ыктыярчысы, фотограф, Кыргызстанга саякаттап келип кеткен АКШлык Эрик Андерсандын жеке сайтынан алынды.
Сүрөт Тынчтык корпусунун ыктыярчысы, фотограф, Кыргызстанга саякаттап келип кеткен АКШлык Эрик Андерсандын жеке сайтынан алынды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 45 өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз режимди кайра кароону сунушташууда.

Бийлик башындагылар мындай чара ири алдыда өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл деп эсептешет. Кырктан ашык өлкөгө визасыз келип-кетүүнү киргизгенден Кыргызстан эмне пайда, кандай зыян тартты? Виза алуу талабы кайра киргизилсе утарыбыз, жоготорубуз эмне? Бул суроолор «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп болду.

Талкууга Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы, депутат Алмаз Баатырбеков, Тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Мелис Байсымаков жана "Кыргыз туризм" ассоциациясынын аткаруучу директору Асылбек Раджиев катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, 45 өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз режимди алып салууну өкмөткө сунуштап жаткандардын бирисиз. Демилгеңизди кандай аргументтерге таянып көтөрүп жатасыз, ага кандай негиздер бар?

Алмаз Батырбеков: Мен биринчи кезекте маселеге анализ жасайлы деп жатам. Мындан төрт жыл мурда ушул демилгени киргизип жатканда консулдук жыйымдардан биздин бюджетке беш миллион доллар түшчү. Анан туристтердин агымы күчөйт, инвесторлор тартылат дегенбиз, ал жагыбыз кандай болууда, аны талдасак деген ойдо элем. Анан акыркы учурларда Париждеги теракттарды көрүп жатабыз, анын таасири бизге тийбейби деген суроолорду да карайлы деп жатам.

“Азаттык”: Ондогон өлкөлөрдөн визаны алып салуу жеке эле туризмди өнүктүрүү үчүн эмес, экономикалык кызыкчылык үчүн да зарыл, сырттан инвестиция тартууну да көбөйтөбүз дедик эле, натыйжа болдубу?

Мелис Байсымаков: 45 мамлекеттен виза режимимин бир тараптуу алып салуу мыйзамы Жогорку Кеңеште 2012-жылы кабыл алынган. Өнүккөн өлкөлөрдөн Европабы, Азиябы туристтер көбөйөт деп тилек кылганбыз. Биздин консулдук департаменттин маалыматы боюнча чет элдиктердин бизге карай агымы мурдагыдай эле, абал кескин өзгөрүп, саны көбөйгөн жок. Мындан сырткары ушул убакка чейин визалардан мамлекеттин бюджетине эки, эки жарым миллион доллар жыйымдар которулуп турган, ал дагы түшпөй калды. Мисалы, ошол өнүккөн өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга келиш үчүн 50 долларга виза алуу арзыбаган эле нерсе, каалаган адамдардын баары келип жаткан. Ошондой маселелерди талдап, таразалабай туруп эле убагында бир тараптуу, шашылыш чечим кабыл алып койгонбуз.

Асылбек Раджиев: Азыр эки жарым миллион доллардан айрылдык деп айтылбадыбы. Биринчи кезекте биз акча үчүн эмес, Кыргызстанды ачык мамлекет катары, туристтер үчүн ыңгайлуу өлкө катары көргөзгүбүз келген. Бул Кыргызстандын 2010-жылдан кийинки имиджин жакшы жагына өзгөртүү болчу. Терроризм боюнча коркунучтар бар, ал бүт дүйнө коркунучуна айланды. Террористтер бир гана чет өлкөлүктөр эмес, биздин атуулдар да болуп жатпайбы. Азыр Кыргызстанда туризм тармагы өлкөнүн ички дүң продукциясынын 4,8 пайызын түзөт. Албетте, мурдагыга караганда өсүш бар, бирок анча чоң эмес.

Алмаз Батырбеков: Ооба, туристтердин келиши үчүн коопсуздук, инфраструктура жана тынчтык болушу керек. Убагында биз туристтер келиши үчүн электрондук визаны киргизели деп чыкканбыз, анда өкмөт ал үчүн акчабыз жок деп чыгышкан. Азыр болсо эми кайра аны киргизели деп калышыптыр. Биздин өлкөгө келем деген туристке аэропортко келип түшкөндө эле электрондук виза коюп берсек, ал үчүн 20-25 доллар акча деле эмес. Эң негизгиси ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек.

Мелис Байсымаков: Визаны алган мамлекеттер “биз силерден суранган эмеспиз” айтып жатышат. Виза маселесин жөндөгөн рычагдарыбыз жок болду. Ошол эле Европадан келген атуулдар биздин өлкөдө эмне иш кылып жатканын билбейбиз. Бүгүнкү дүйнө жүзүндөгү абалды, кырдаалды эске алып, биз мындан ары бир тараптуу визаны токтотуп койууга укугубуз бар. Ал жөнүндө биздин премьер-министр Темир Сариев да маселе коюп, консулдарга тапшырмалар берилди деп айтты.

Алмаз Батырбеков: Эң негизгиси маселени кайра карап чыгып, бир тараптуу чечимдерге барышыбыз керек. Мисалы, Казакстан 17 мамлекетке гана визасыз режим киргизген. Азыр ар бир турист кайсы өлкөдө визасыз режим бар деп интернеттен издейт, таанышат, бирок ал Кыргызстанды тандап алабы, башка маселе.

Асылбек Раджиев: Дүйнөнүн көбү Кыргызстанды туризм өлкөсү эле эмес, мамлекет катары бар экендигин билбейт. Тизмедеги мамлекеттерди терең анализдеп чыгыш керек, айрым мамлекеттерден бир дагы турист келбептир. Мамлекеттик органдар менен бирдикте чогуу иш алып барышыбыз керек. Ошол эле электрондук визаны киргизсек жакшы болмок.

XS
SM
MD
LG