Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Үркүн тууралуу кино тартыла баштады

Учурда "Үркүн" көркөм тасмасынын Ысык-Көл облусунун Дархан жана Саруу айылдарынын жогору жагында орун алган Жууку капчыгайындагы эпизоддору тартылууда.

1916-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Орусия падышалыгына каршы тайманбай чыккан кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшү кандуу жазаланган соң, калайыктын жүз миңдеген бөлүгүнүн Кытайдын батышына качууга аргасыз болушу тарыхта "Улуу Үркүн" деп аталып калган. Тасмага 1916-жылдагы ошол кандуу жана кайгылуу окуялар түшүрүлөт. “Саякбай манасчы” коомдук фонду башкы демөөрчү болуп жаткан бул тасманын сценарийин Мухтар Атаналиев жазып, жаш кинорежиссер Медин Учукеев баштаган чыгармачыл топ тартууга киришти.

16x9 Image

Асеин Маданбеков

"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG