Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Улуттук боштондук көтөрүлүш, кошоктор жана азаттык идеясы


Семён Чуйковдун 1916-жылкы кыргыз элинин боштондук көтөрүлүшү тууралуу боёк сүрөтү. 1931-жыл.

Семён Чуйковдун 1916-жылкы кыргыз элинин боштондук көтөрүлүшү тууралуу боёк сүрөтү. 1931-жыл.

Кыргызстандык илимпоздор 1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн ар кыл өңүттөрүн иликтеген эмгектерин жарыялоосун улантууда. Жалал-абаттык жаш окумуштуу Венера Анарбекованын макаласында кыргыз кошокторундагы маалыматтар өзгөчө булак катары иликтенет.

Кошоктор – маанилүү булак

1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймыл, анын изилдениши – кыргыз тарыхынын эң эле орчундуу маселелеринин бири. Ушул жагдайдан алып караганда алгачкылардан болуп илимий айлампада бул маселени кошоктордун мисалында кароону чечтик.

Кошок ырларында бири-бирине кыттай ширелген бай фактылары менен ошол кездеги аймактын элинин турмушун аябагандай таасирдүү сүрөттөгөн. Эгер көркөм адабиятта мындай абал романтикалуу берилсе, жоктоолордо кыпындай фактыларды куроо чеберчилигинен улам реалдуу, ачуу чындык көз алдыга элестейт.

Анткени, окуянын терең изилденгени, келтирилген фактылардын, документалдык материалдардын көптүгү жана ирээттүү тизмектелгендиги кошоктун баалуулугун арттырып, кандайдыр бир деңгээлде бул багыттагы изилдөөлөргө жол салгандай болот.

Алаамат күндө зорлонсо,

Айлыбыз аман калбайбы.

Артыңдан кууган солдаттын,

Алдынан кыргыз торгосо,

Баатырды бали дебейби [13,83] – делет күрөшчү азаматты даңазалаган кошокто.

Оторчул саясат

1916-жылдагы көтөрүлүш Туркстанды орусташтыруу - оторчул – улутчул саясаттын негизи катары XX кылымдын башында мурдагыдан да күч алган.

1911-жылы 31-октябрындагы чөлкөмдүн генерал-губернаторунун областтык аскер губернаторлорго; “Жергиликтүү эл бизди келечектеги орус дыйкандарынын ишин жасай турган материал катары кызыктырат, ошондуктан аларга бүт орустарды сыйлоону канына сиңдирүү керек, эгерде кимде-ким баш ийгиси келбесе жеринен ажырап, жакырчылыктан өлөт же Россия алар менен кош айтышат”, деген көрсөтмө күбө [1,257-258].

1914-жылы башталган дүйнөлүк биринчи согушка Орусиянын катышуусу, ансыз деле эзилип, кыйналып турган колониялык элдин башына түшкөн мүшкүл болгон. Кыргыздар да жалпы түшкөн кыйынчылыктан четте калбастан согушка акча, кийим-кече, атчан аскерлер үчүн кыргыз жылкыларын жөнөтүп турган.

1916-жылдын 25-июнундагы падышанын Туркстандын элдеринен аскердик курактагы (19дан 43кө) эркектерди согуштук коргонуу жумуштарына алуу жөнүндөгү жарлыгы элди биротоло дүрбөткөн [15,258].

Теңир-Тоо аймагына жайгашкан орус келгиндери акырындап жерлерди корукка алган, малдын туягы тийе электе элден салык же айып алган. Мына ушундай жоруктар орус келгиндери тарабынан күн санап күчөгөндүктөн, кыргыздар коргонуу, жан сактоо үчүн тоо таянып көчүүгө аргасыз болгон. Демек, кыргыз элинин тоо тарапта жашап калышы биринчиден, Кокон жана орус келгиндеринин жырткычтык саясаты болсо, экинчиден ачык эле кысым менен көчүрүү саясатын ишке ашырган.

Кыргыздарды, орустардын башкаруучу өкүлдөрү жөн эле сабап, токмоктогонун Алдаш Молдо:

Далайды Чоң кол сойлотту.

Жесир кылып аялын,

Жетим кылып баласын

Ботодой Чоң Кол боздотту [8,190].

Ат-Башылык участка башчы Лутин, аксуулук Григорьев, Загорныйлык участка башчысы Меньшиков сыяктуулар элди уруп токмоктогон. Кээ бири өлүп калган учурлар кездешкен. Алдаш Молдо ырында бул адамды Занин деп атаган, башкача айтканда, Лутинди кыргыздар «Чоң Кулак-Чоң кол», ал эми орустар «Большой кулак» деп аташкан.

Ушундай эле көз карашты тарыхчы Кушбек Yсөнбаев да карманат. Себеби, Лутин адамдарды колун суулап алып, ырайымсыздык менен жазалап, адам өлтүргөнүн тарыхый булактар да далилдейт [14,93]. Анысы аз келгенсип, жери жок кыргыздар келгиндер менен бирдей жер бөлүштүрүп берүүнү талап кылган. Орус администрациясы «өзгөртүүсүз калтырылсын» деген жоопту берип турган [6,1989] деп жазат А. Арзыматов.

Бул дегендик жерди жеке менчикке алуу, жерге ээ болуу, өз алдынчалуулукка умтулуу дегенди билдирмек. Натыйжада элдин каршылыгы, социалдык абалы улам курчуп турган.

1916-жылдын 9-июнундагы “Жетисуунун турмушу” газетасы жарыялаган “Кыргыздарды чакыруу” деген кабарда: “Кечээ аскер губернаторлорунун үйүндө кыргыз болуштарынын (Революцияга чейин казактар да, кыргыздар да орус калкынын арасында “Кыргыздар” деген жалпы ат менен аталып келген; ошондуктан губернатордо чогулгандардын арасында казак болуштарынын да старчындары болгон) бардык старчындары чогулушту. Күндүзгү саат 12ге жакын генерал аларга чыгып, улуу даражалуунун буйругу боюнча облуста 19 жаштан 31 жашка чейинки кыргыздар алынарын, алар майданга жумушчулар катары жөнөтүлөрүн жарыя кылды [20,31].

Канаат Ыбыке уулу

Мисалы, Ыбыке уулу (Абукин – А. В.) Канаат болуш падышанын буйругу боюнча Пишпек уезинин жашыруун кеңешмесине барып келип, солдатка алынуучулардын тизмесин старшинадагы кароо китепчелерден алат. Китепчеден тизмени көчүрүп жатканда бул жашыруун сыр элге угулуп кетип, тизмеге кирген 300 чамалуу жаш жигиттер чогулуп, Үч-Куулуктун чатындагы кыштоого чогулушуп: «Канаат болуш бизди солдатка бермек болуптур. Биз барбайбыз»,-дешет.

Канаат болуш солдат бербейин десе, падышадан, берейин десе көтөрүлүш кылган элден коркуп айласы кетип, өзү динчил адам болгону үчүн: «ойлонуп шарият жолун издегиле, шарият кайсыны кааласа ошону кылалы», - деп Кочкордогу чоң динчил молдолорду бүт жыйнайт [5,186].

Молдолор беш күн китептерин аңтарып, жыйынтыгында: «Орус падышасы Николай каапыр, мусулман балдарын солдатка аламын деп зордук кылса бербей «нээти казат» уруш жасоо керек. Ал урушта каапырды өлтүрсө чоң сооп болот. Эгер каапырдан өлсө шейит болуп бейишке чыгат. Эгер каапырдан качса тозокко түшөт» , - дешти [5,187].

Оторчул эзүүнүн күчөшү

1916-ж. алдында Кыргызстанды колониялаштыруу бөтөнчө катуу жүргүзүлгөн. Колониялаштыруу убагында жергиликтүү кыргыздарга алар байыр алган жерлерди, курулуштарын, айдоо жерлери жана жайыттарын сактап калуу божомолдонгону менен, кийин мамлекеттик маанилүү же көчүп келгендерге ыңгайлуу ж.б. шылтоолор менен бул аймактарда административдик басып алуулар барган сайын көбөйө берген.

Падышалык бийликтин бүткүл колониялык иши жергиликтүү болуштардын, айыл старчындарынын жана бийлеринин (сотторунун) чектелбеген зомбулугу жана кыянатчылыгы, ошону менен бирге көчмөн калкты аёосуз тоноп алып турушкан падышалык приставдар жана уезддик начальниктер тарабынан жүргүзүлгөн [20,7].

Кыргыз калкынын жакырдануусунун эсебинен бир ууч жергиликтүү администрация, манаптар жана алардын союздаштары-келгин соода элементтери, кулактар жана падышалык администраторлор байышкан. Буга байланыштуу демейдеги укуктан, “адаттан” келип чыккан эски түшүнүктөр да бузулган.

Мындай окуя кошок ырында төмөндөгүдөй сүрөттөлөт:

Бай, манапка жалдантып,

Жардынын жалгыз атын жеп.

Таманынын акын жеп,

Кара таман кедейдин.

Казанынын батын жеп,

Бий, ыстарчын элин жеп.

Кыбыраган жерин жеп,

Малай менен жардынын.

Маңдайынын терин жеп [13,128].

Бийлер жалаң гана мүлктүү элементтерден шайлануучу, алар администрациянын жырткычтыгын далдалашып, манаптарды колдошчу жана даттанышкан эки тарапты тең тоноп алып, манаптардын пайдасына чечим чыгаруучу. Падышалык администрациянын адам чыдагыс эзүүсү, колониялаштыруунун натыйжасындагы кысымга алуулар, сүткор капиталдын жана өзүнүн мүлктүү төбөлдөрүнүн эзүүсү кыргыз калкынын кеңири катмарынын арасында терең нааразылыкты пайда кылган. Бул нааразылык кыргыз эмгекчилеринин 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө негиз түзгөн [20,9].

Көтөрүлүш Кожентте башталган

Мурдатан эле колониялык эзүүнүн запкысы жанына баткан эл эми колго курал алып, ачыктан-ачык боштондук күрөшкө көтөрүлүүгө аргасыз болгон.

Көтөрүлүш 1916-жылы 4-июлда Самарканд облусунун Кожент шаарында башталып, тез арада Сыр-Дарыя, Фергана областтарына тараган. Фергана областындагы июль айындагы көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышкан.

Анжиян уездинин калкы чечкиндүү аракеттер менен падышанын указын аткаруудан ачык эле баш тартышып, атайын түзүлгөн тизмелерди жок кылышкан. Бийлик өкүлдөрүнө, падыша чиновниктерине кол салышкан.

Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уезддериндеги тоолук кыргыздар да активдүү катышышкан.

Аксыдагы толкундоолор

Наманган уездиндеги көтөрүлүшкө Таласбай Алыбаев жетекчилик кылган [15,258].

Ушул эле жылы Аксы аймагында орус көпөсү бир кыргызды атып салганын согуштун ардагери Б. Жумашов, Нарке уулу Анарбек атасынан укканын жана 1916–жылдагы көтөрүлүшкө Кызылжарлык Таласбай Алыбаев менен бирдикте Жумаш, Бектен, Нарке, Чонор, Чоробай сыяктуу эр азаматтар, ошондой эле кытай, кырк уул жана багыш, мачак, саруу, чүкө, ашык уруулары орус падышасынын аскерлери менен каршылашканын айтат.

Согуштук аракеттер тең келбегендиктен көтөрүлүшчүлөр жан сактоо үчүн Бозбу, Кызыл-Капчыгай, Алаң аскасына качууга аргасыз болгон. Кара-Суудагы Түрдүк капчыгайында чоң салгылаш [10,2003] болгон, ал жерде күнү бүгүн да коргонуу үчүн курулган таштын ордулары турат.

Маалыматтарга караганда, Кызыл-Жар болуштугунан 400 адамды тыл жумуштарына алууга туура келген [2,1989], Ал эми Авлетимде да орус падышасынын тыл жумуштарына каршы чыгып, жигиттер Мечиттин үңкүрүндө, Алаң, Муз-Төр тарапта каршылык көрсөткөн [9,2003]. Демейде бул аракетке Таласбай Алыбаев баш болгондор каршы чыккан.

Ошол убактагы окуя тууралуу:

Түрлүк менен Сарайда,

Жалын менен от болду [10,2003] -

деген кошоктордо кедейлердин арыз, муңун Нарке Анарбек деген аксакалдан жазып алгандыгын Наркеев Сапаралы өз диссертациялык ишинде мисал келтирген.

Баатырлардын бири – аксылык Таласбай Алыбаев

Ал эми профессор Кушбек Усенбаевдин эмгегинде Кызыл-Жар болуштугуна караштуу Чины (Сыны) айылынын тургуну, кедей Таласбай Алыбаев элди ачык эле күрөшкө чакыргандыгы тууралуу маалымат камтылган.

Алар орустардын башкаруучуларына баш ийбей, болуштарга каршылык көрсөтүп, орус жазалоочу аскерлеринен коргонуу үчүн бийик тоолуу Түрдүк жайлоосундагы Сарай деген өрөөнгө качып кетишет.

Элдик маалыматтарда айтылгандай, Наманган уездинен Авлетим айылына 30 орус казак аскери келген. Алардын башкы максаты - элди тынчтандыруу болгон. Анткени, Авлетим айылында Баранский жердин баарын ээлеп, жайлоолорду корукка алып алат. Каршылык кылгандар тоо таянып кеткенге аргасыз болушкан.

Ошол эле Таласбай Алыбаев орустун куралдуу аскерине туруштук бере албай, Сарай тоосуна жашынып, кышка чейин болот. Кышында аларды орус жазалоочу аскерлери колго түшүрүп, анын ишенимдүү адамдары Чыныкбай, Саркулду кармап алышып, өтө ырайымсыздык менен өлгөнчө тепкилеген [14,167]. Анын жигиттеринин курамы алгач 30, кийин 100-150 гө жеткен.

Ал эми Таласбай Алыбаевди Алымкул болуш ж.б. жигиттерди (Чонор, Чоробай, Жумаш, Наркелерди) Шералы деген жигитине сабатып өлтүрткөн [20,2150].

Бул окуя кошок ырында сыпатталат:

Орустан элди коргойм деп,

Алыбай уулу кор болду,

Оттуу жигит жок болду [10,2003]

Аксы аймагына Намангандан Кара-Суу болуштугуна - 30, Сыныга - 30, Жаңы-Жолго – 30 орус аскерлери келген жана жергиликтүү старчын, жигиттери менен жүз болгон. Алар каршылык көрсөткөн кыргыздарды жазалаган.

Таласбай Алыбаев Чонор аттуу жигитин Кетмен-Төбөлүктөргө биргеликте оруска каршы күрөшүп, андан Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл кыргыздары менен биригүү керектигин чабармандарынан айттырууга аракеттер болгонун Чүкөтаев Таанбай ырастайт [20, 249-250]. Демек, аксылыктар боштондук күрөштүн башында болгон жана эл эркиндиги, азаттык үчүн күрөшү оторчулар тарабынан куралдын күчү менен басылган.

Түштүк кыргыз жеринин аймагындагы элдик көтөрүлүш негизинен бир аз чачкын күрөшүү менен гана чектелип, жеңилген. Көтөрүлүштүн жетекчилери жана катышкандар жазаланып соттолуп, атылган.

Казак-кыргыз ынтымагы

Кыргыздар орус бийлигине ар тараптуу каршылык көрсөтүшкөн. Мисалы, казак боордоштор Серикбай Аманжоловду Шабдандын элинен кабар алып келсин деп Бекболот Ашекеев жибергенин айтсак болот.

Буга чейин эле казак-кыргыздар Шабдандын 11 баптан жана Б.Сыртаковдун 28 баптан турган петициясын орус бийлигине жөнөтүүнү көздөшкөн. Ушул сыяктуу окуядан соң орус бийлиги Шабдандын уулу Мөкүштү жалган жалаа менен камакка алат, ал эми Самүдүн кызматынан алынат.

1912-жылы Шабдандын ашынан түшкөн 200 миң сомдун 3 миңин Б. Сыртаковго, 2 миңин Э.Аблайхановго жол кире кылып эки канатташ элдин петициясын бириктирип орус бийлигине жеткирүүнү ишке ашырышат [18, 14].

Жалаң кедейлердин балдары мендикерге барган, ушундай эле көрүнүштү Таластын Покровка районунун тургуну Турдалиев Саке: «Баары болуп кедейлерден 300 адам чогулдук, аларга эл 300 сомдон акча, кийим камдашты, анын арасында мен да бар элем деп кабарлайт [20,244].

Көтөрүлүш кулач жайганда

Мындай окуя кошок ырында баяндалат.

Кочкор-Ата , Майлуу-Суу,

Чарбагын көрсөм деп ыйлап.

Ак бейиттей чоң мазар,

Арбагын көрсөм деп ыйлап...

деген саптарда 1915-жылы Жунус чалдын уулу Ботбайды Сибирге мендикерге жөнөткөндө кошкон кошогунда [7,20-21] баяндалууда.

Боштондук кыймылы Кетмен-Төбөгө, Чаткалга,Тогуз-Торо өрөөндөрүнө тараган.

Ош уездиндеги көтөрүлүш Сулайман тоосунун этегинде 10 миңдей адам катышкан жыйын менен июлдун башында башталган. Өзгөндөгү көтөрүлүш да курч мүнөздө өткөн. Август айына карата Кыргызстандын түштүгүнүн көпчүлүк бөлүгү көтөрүлүшкө тартылган [15,258].

Манаптар башка айылдын жерин мыйзамсыз жыйындардын негизинде, башка бай адамдарга сатып жиберген, андан алар кошумча акча кирешелерин көбөйтүп турган. Ушул сыяктуу окуяны Жумамүдүн Молдо:

Бий-болушу пара жеп,

Акты коюп кара жеп.

Акыретке пара жеп,

Жакшылар өткөн дүйнөдөн [8,280], - деп сүрөттөйт.

Бул ыр саптырына караганда, тарыхый булактарда, мисалы, Токмоктун мировой судьясы Шустов пара алуу менен киреше топтоонун бирден бир булагы катары эсептеген [16,37].

Ызырынып чамынып,

Старчын өткөн дүйнөдөн.

Сөзүнүн турбай ордуна,

Теңге тыкса койнуна,

Копия кесип ыйлатып,

Баласынын мойнуна,

Жабыр кылып момунга,

Канчалар өткөн дүйнөдөн.

Жогорудагы ой-пикирлерди калыпка салып, таразалап көрө турган болсок, 1914-жылы ноябрь-декабрь айларында Кызыл-Крест уюмунун эсеби боюнча, Бишкек уездинен гана 30 миң сом, миңге жакын тон, он миңдей байпак жыйналган [3,101].

Аны менен гана чектелип калышпастан таза кийинген, жасалгаланган кыргыздардын кийимин, атын жолдонбу, базарданбы тартып алышкан учурлар көп кездешкен.

Анткени ырдагы маалыматка караганда орус келгиндери кыргыздардын жерлерин алып, тоо-ташка сүргөн. Ошентип элдин аштык айдаар жери жок калган, бош калган жерлерге оторчулар келгиндердин хутор-айылдарын түзгөн, натыйжада жергиликтүү элдин нааразылыгы акырындап курчуп, азаттык үчүн кыргыз эли күрөшкө чыгууга акырындап даярдана баштаганын, эртели - кеч көтөрүлүш болмоктугун кошок ырында да кабарлап жатат.

Б. Солтоноев, Т. Сатылганов, Алдаш Молдо, Нурманбет, Жеңижок сыяктуу акындар жана агартуучулар элге маалыматты туура жеткирип, кыргыз элинин кызыкчылыгын оор учурларда да коргоп келген.

Мөкүш баатыр

Айтылуу Шабдан баатырдын уулу Мөкүш орус империясынын 1916-жылдагы буйругуна каршы чыгып, алгачкылардан болуп эл менен бирдикте көтөрүлүшкө чыккан.

Бул окуя жөнүндө тарыхчы Б.Солтоноев да Шабдандын уулдары түн жамынып, көлдүк кандаш туугандары бугу уруусуна өзүнүн чабарманын жөнөткөнүн жана да орус жазалоочу күчтөрүнө каршы күрөштү биргеликте жүргүзүүнү кабарлаганын айткан. Бирок бул иш оң жагына чечилгенче абал кескин өзгөрүп кеткен.

Ал кошок ырында баатыр катары сыпатталат:

Каршы туруп атышып,

Кайран Мөкүш сактады.

Ыбырайым, Мөкүш болбосо,

Кыйратат эле ал кезде [13,173]

Ырда баяндалган Шабдандын уулу Мөкүштү көтөрүлүштүн алгачкы учурунда эле кеминдик кыргыздар хан көтөрүшүп, ал 600 жигити менен куралдуу орус аскерине каршы аттанган. Бирок маалыматтарга караганда, 100дөн ашык адам курман болгон, ошондой болсо да далай элди ал жазалоочу орус аскеринен коргоп калган [19, 159-160].

Ошол күнү Новороссийское кыштагын өрттөй башташты, бул кыштактан үч-төрт гана үй калды, жашоочулар чогулушуп, ар ким колуна тийгени менен коргонуп жатышты. Кыштактагылардын мүлкүн талап кетишти.

Ал күнү алты кыргыз өлтүрүлдү, бул убакытка карата козголоңчуларга кыргыздар келип кошулуп жатышты, андан кийин Новороссийское кыштагын кыйратып бүтүшүп, кыштактын жанына 20-30 адамды калтырышып, кыргыздардын калган калың тобу Самсонов станциясын талоого жана өрттөөгө кетишти. Анда да бардык курулуштар күйүп, Кеминдеги тактай тилүүчү завод да өрттөндү. Мында биринчи ролду Атаке болушунун кыргызы Султан Долбаев ойноду, анын шериктери Мөкүш Шабданов жана Белек Солтоноев болчу [20,81].

Келгиндердин куралданышы

Орус бийлиги кыргыздардан алдын ала коргонуу максатында согушка даярданышып, орус келгиндерине курал тарката баштаган. 1891-жылы 29-ноябрда падыша өкмөтү келгин дыйкандарды куралдандыруу жөнүндө документ кабыл алат, 1897-жылы 1231 мылтык таратылат, себеби орус тургундарын жана империяны коргоо керек (1891-1908-жылга чейин курал берилген) [4,10-12].

Орус дыйкандарын куралдандыруу Анжиян көтөрүлүшүнөн кийин күчөгөн. Жети-Суулук келгиндерге 1898-жылы ок даарысы менен 300 мылтык таратылган [17,56]. Бул биринчиден орус бийлигинин коргонуу плацдармы болсо, экинчиден, кыргыздарды күч менен баш ийдирүүгө жасаган саясат болгон.

Бердикожо баатыр тууралуу

Элдин арыз муңун түшүнгөн Нүзүп бийдин чебереси Бердикожо 22 жашында күрөшкө аттанып, орус бийлигинин атайын даярдалган колунан каза болгон [12,2003]. Мына ушул окуядан соң баласынын орус бийлигинин колунан өлгөнүн угуп азап чегип, кайгыдан Сулайманкул болуш ооруп калып, көз жумат. Ошондо анын Байыскан деген кызы төмөнкүдөй кошок кошот:

Тогуздап атам кан өткөн,

Токтолбой баары даана өткөн.

Жети атам катар кан өткөн,

Жеткилең баары даана өткөн

Катарлап атам кан өткөн,

Кайраты журтка даана өткөн.

Кан атам кайрылып келсечи,

Орустун сазайын берсечи.

Жети атам кайрылып келсечи,

Орустун жетесине жетсечи [11, 2003]

Наманган уездине караштуу Авлетимдик Нүзүп бийдин небереси Бердикожо орус мектебинде билим алып, ушул уезддин 12 болуштугунун үстүнөн тескөөчү болуп иштеген. Кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөп орус келгиндеринин туура эмес иштерине каршылык көрсөтө баштаган жана кыргыздар аны колдоп турган. Натыйжада 1916-жылдары ал элдин абалын билүү үчүн өзү жашаган Сарай (бүгүнкү күндө бул аймак Өзбекстанга карайт) айлына келгенде Авлетимде ээлик кылган Баранский атайын бир орусту жалдап Арал деген жерде Бердикожону атып өлтүртөт.

Жергиликтүү кыргыздардын көтөрүлүшүнөн чоочуп, элди токтотуу максатында Баранский Бердикожону аткан орусту дароо атып өлтүрөт [12,2003]. Натыйжада канга-кан деген шылтоо менен орус бийлиги Авлетим айылынын жашоочуларын тынчтандырат.

Түштүк кыргыз жеринин аймагындагы элдик көтөрүлүш негизинен бир аз чачкын күрөшүү менен гана чектелип, жеңилген. Көтөрүлүштүн жетекчилери жана катышкандар жазаланып соттолгон, атылган. Кыргыз элинин акыркы мүнөттөрдө дагы азаттык үчүн күрөшкөнүн көрүүгө болот.

Венера Анарбекова, Жалал-Абат мамлекеттик университетинин окутуучусу, "Манас Ордо" музей-комплексинде. 08.5.2016.

Венера Анарбекова, Жалал-Абат мамлекеттик университетинин окутуучусу, "Манас Ордо" музей-комплексинде. 08.5.2016.

Чакан корутунду

Биздин чакан изилдөөбүздө көрсөтүлгөндөй, кошок ырларында падышалык орус бийлигин сындаган, эгемендик үчүн күрөшкөн баатырларды даңазалаган, кыргыз коомунун айрым тескери жактарын да ачыктаган саптар камтылган. Элдик оозеки чыгармаларды, анын ичинде кошокторду иликтөө аркылуу падышалык орус бийлигинин отордук саясатын изилдөө иши мындан ары да тереңдеши ылаазым.

Венера Анарбекова,

Жалал-Абат мамлекеттик университетинин окутуучусу.

Колдонулган адабият:

1. Асанканов А., Осмонов О. Ж. Кыргызстан тарыхы (эң байыркы доордон азыркы мезгилге чейин). Бишкек, 2001.

2. Акт. № 322.от/YII.1989. Ош. обл. музейи. № 1246. ЦГА,Узб.ССР, ф.1.04.31.

3. Восстание Киргизов и казахов в 1916 году. Бишкек, 1995.

4. Галузо Г. Вооружение русских переселенцев.Ташкент,1926.

5. Жусупов К. Кыргыздар. Бишкек.:Кыргызстан, 1996.

6. Кыргызстан Маданияты. 11-май, 1989 // ЦГИАЛ. Ф.391. оп.2.д.1522. л.33.

7. Калчакеев К, Мусабеков А. Өмүр жылдызы күн болуп жанат (Элдик оозеки чыгармачылыгынын жыйнагы). 1-китеп. Жалал-Абад, 2002.

8. Мурас, Фрунзе,1990.

9. Информатор Алымбаев А. Аксы району, Авлетим айылы, 2003-ж.

10. Информатор Анарбек Нарке уулу. Аксы району, Кара-Суу айылы, 2003-ж.

11. Информатор. Акулов Темиш. Аксы району, Кербен шаары, 2003-ж.

12. Информатор. Жусупов (Нүсүп бийдин небереси). Аксы району, Авлетим айылы, 2003-ж.

13. Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар. “Эл адабияты” сериясы. Баш сөзүн жазгандар Егембердиева С., Акматалиев А. 19 том. Б.: Шам, 2002.

14. Усенбаев К. У. Восстание 1916 года в Киргизии. Фрунзе,1967.

15. Осмонов Ө. Ж., Асанканов А. А. Кыргызстан тарыхы (эң байыркы доордон азыркы мезгилге чейин). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Б., 2001.

16. ЦГА. Каз ССР. ф.44. оп.2, д.7505, л.37.

17. Чүй областынын энциклопедиясы. Бишкек, 1994

18. Эркин Тоо газетасы 29-сентябрь 2006.

19. Yркүн. Бишкек,1993.

20. 1916-жылкы Кыргызстандагы көтөрүлүш. Документтер жана материалдар, эскерүүлөр. Л. В. Лесная тарабынан жыйналган. Бишкек.:Кыргызстан, 1996.

Дагы караңыз:

Борбордук Азияны дүңгүрөткөн улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл: 1916-жылкы көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындардын баяндамалары, макалалар, архивдик ж.б. маалыматтар / Жооптуу ред. проф. Т.К.Чоротегин,. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 340+iv б., сүрөт. – Баткен мамлекеттик университети. - Ош мамлекеттик университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-552-0.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG