Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Жарасы да, суроосу да бүтпөгөн Аксы окуясы


Аксы окуясын эскерүүгө келген Алмазбек Атамбаев. 17-март, 2012-жыл
Аксы окуясын эскерүүгө келген Алмазбек Атамбаев. 17-март, 2012-жыл

Бүгүн Кыргызстанда Аксы окуясынын 14 жылдыгы белгиленди. Башкы иш-чара Аксынын Боспиек айылында өтүп, президент Алмазбек Атамбаев, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров, жабырлануучулар, алардын жакындары катышты.

17-март алып келген азап

Аксы районунун тургуну Зейнептин бир тууган агасы Эркиналы Четимбаев Аксы алааматында ушул жерде мындан 14 жыл мурда курман болгон. Артында калган үч баласынын эң кичүүсү азыр 17ге толду.

Жабыркаган үй-бүлө азыр да атасын жоктоп, жыл сайын окуяны эскертип турушат. Бүгүн да алар тууганын эскерүүгө келишкен.

- Агамдын каза болушу үй-бүлөбүзгө кайгы салып кетти. Анын арты менен атам уулун жоктоп кайгыга батып, ыйлап жүрүп көзү көрбөй өтүп кетти. Азыр апам да оорукчан болуп, төшөктө жатып калды. Жок дегенде өкмөт апама жана балдарына жардам берсе болмок. Убагында мамлекет тараптан көп убадалар берилген. Азыр аткарылып жатат, бирок тоокко жем чачкандай эле. Бир туугандарыбыз ким үчүн жана эмнеге өлдү эле деп өксүп турабыз. Ушулардын атасы болгондо балким башкача болмок беле...

Атамбаев: Өзгөрүүлөр Аксыдан башталган

Кандуу окуяны эскерүүгө президент Алмазбек Атамбаев катышты. Алгач эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, курман болгондорго багышталып куран түшүрдү. Андан соң Аксы окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жасалды.

- Аксы окуясы элибиздин аң-сезимин, улуттук намысыбызды ойготкон. Коомубуз тазаланып, үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, накта элдик бийликти орноттурууга багытталган жол дал ушул жерден башталган. Адилеттүүлүк, эркиндик деп, өмүрүн берген аксылык эр азаматтардын эстелигине түбөлүк таазим этебиз.

Президент 2002-жылдын 17-мартын, 2005-жылдын 24-мартын жана 2010-жылдын 7-апрелин кыргыз элинин адилеттикке, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолунун эң манилүү жана сыймыктуу күндөрү деп атады.

- Бул күндөр бири оор, бири татаал жолдун үч ашуусу. Бүл күндөр кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү күндөр. Кийинки жылы мен президенттик кызматымды башка бирөөгө өткөрүп берип, жаңы шайлоо болот. Эл жерди бөлүп-жаргандарды ээрчип кетпесе экен деп тилейм. Эгерде ошондой болсо, анда бизди ушул жолду баштаган, ушул жерде жаткан жигиттердин арбактары кечирбейт, анда бизди ушул жолду улаган, кийин өлгөн жигиттерибиздин да арбактары кечирбейт.

Калыс баа күткөн эл

Эскерүү иш-чарасына 500дөн ашык адам катышты. Жабырлануучулардын бири Максатбек Момуналиев бул күнгө чейин дагы эле окуяга саясий баа берилбей келе жатканын белгиледи.

- Жабырлануучулардын көксөөсү азыр да басылган жок. Себеби ошол учурдагы окуяга себеп болгон адамдардын бирөө дагы жазага тартылган жок. Тескерисинче, ошол учурда кызматта жүргөн, көзгө көрүнүктүү эле милиция кызматкери болуп жүргөн адамдар кайрадан кызматка келип жатышат. Булардын бардыгын кудайга тапшырганбыз. Биздин үнүбүз кудайдан башкага жетпейт экен.

Аксыдагы эскерүү иш-чарасындагы сүрөттөр

​Бекназаров: Аксы окуясына баа берилген

2002-жылы 17-мартта ошол кездеги эл өкүлү Азимбек Бекназаровдун кармалышы жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы болгон эл район борбору Кербенге жөө жүрүшкө чыгышкан. Боспиек айылына кире бериште тартип коргоо органдары аларды токтотуп, атылган октон беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, жалпысынан кандуу окуяда алты адам окко учкан. Мындан сырткары ондогон адамдар октон жараат алып, уруп сабалган.

Бүгүнкү эскерүү иш-чарасына Азимбек Бекназаров катышканы менен, ага сөз берилген жок. Саясатчы "Азаттыкка" берген маегинде окуяга кезегинде үч жолку комиссия өз баасын бергендигин билдирди:

- Окуяга саясий баа Акаевдин убагында эле берилген. Ошол кездеги Жогорку Кеңеш, Акаевдин аппараты жана коомдук-саясий комиссия жыйынтык чыгарып, укуктук баа берген. Бул жерде жабырлануучулар айткандарына кошула албайм. "Тайфун" операциясын жүргүзгөн адам сот жообуна тартылбадыбы. Атамбаев өзү айткандай окуянын саясий өңүтү бар. Бийлик же президент өзү келип аксылыктардан кабар алып турбаса эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Бул окуя саясий режимдин кулашына түрткү болгон. Эгер бул күн болбогондо 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели болмок эмес. Ошол эле учурда президент да азыркыдай тактыга отурмак эмес. Ошол себептүү бүл күн унутта калбашы керек.

Аксы окуясынын жабырлануучуларынын өткөн жылдагы социалдык статусун апрель окуясынын катышуучуларына теңөө суранычы орундалып, өкмөттүн токтомуна ылайык акысыз медициналык жардам ала башташты. Мындан сырткары 2012-жылдан тартып президенттин буйругу менен 17-март өлкө аймагында эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Эскерүү иш-чарасында президенттен сырткары жабырлануучулардан бир гана кишиге сөз берилди. Андан соң мамлекет башчынын демилгеси менен райондун борбору Кербен шаарында 400 адамга сый тамак берилди.

Бүгүн Бишкектеги Медиа форумдун имаратында да Аксы окуясынын 14 жылдыгы жана 2010-жылдагы оппозициянын курултайынын алты жылдыгы эскерилди. Аны “Айкɵл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси уюштурган:

Бишкекте Аксы окуясын эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

XS
SM
MD
LG