Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Жогорку Кеңеш төрага шайлоого камынды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Парламент бүгүн Сооронбай Жээнбековдун программасын угуп, аны өкмөт башчылыкка шайлады. Ал эми спикерликке күрөш эки гана талапкердин ортосунда болору айтылууда.

Тендер чырына аралашкан адам министр

Премьер-минстрлик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековду Жогорку Кеңеш депутаттары бир добуштан шайлады. Ага чейин депутаттар талапкердин программасын угуп, суроо беришти. Шайлоо электрондук добуш берүү аркылуу ачык болду. Мындан тышкары парламент өкмөттүн программасына, курамына жана түзүмүнө өз-өзүнчө добуш берди.

Өкмөттүн курамы демекчи, экс-премьер-министрдин кызматынан кетүүсүнө негиз берген тендер чырынан улам, транспорт жана байланыш министри алмашты.

Мурдагы министр Аргынбек Малабаевдин ордуна аталган министрликтеги Жол чарба департаментин жетектеп келген Замирбек Айдаров болду. Аны министрлик орунга сунуштаган Сооронбай Жээнбеков Айдаровду тармакты жакшы билген, ишбилги кадр катары сыпаттады:

- Биз анын мурдагы иш жолун, өмүр баянын, атүгүл үй-бүлөсүнө чейин карап, таанышып чыктык. Анан учурда эл талап кылып жаткан, президент, парламент талап кылып жаткан талаптарга ылайык иштейт деген ой менен, тармактын түрдүү маселелерин жакшы билет деп талапкерлигин тандадык.

Замирбек Айдаров тендер чатагында аты аталган, тагыраак айтканда Балыкчы - Корумду жолуна тендерди мыйзамсыз өткөрдү деп айыпталып жаткан Жол чарба департаментинин жетектеп келген. Ошондуктан айрым депутаттар аны кайрадан министр кылып сунуштоого каршылыгын билдиришти.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков мурунку өкмөт башчынын кетүүсүнө негизги себеп болгон тендер чырына байланышы жок адам министр болсо болмок деп эсептейт:

- Сариев кызматынан тендер чырына байланыштуу кетти. Эми ошого жараша Транспорт министрлигине сырттан чарбачыл, менеджер алып келишсе болмок. Мындай сунушту кечээ мен Сооронбай Жээнбековго да айткан элем. Тилекке каршы кайра эле ошол тармакта иштеген, дал ошол жол тармагын жетектеген адамды алып келишти. Бул менин купулума толгон жок.

Ошентсе да парламент өкмөттүн курамына жана түзүмүнө бир добуштан макулдугун берди. Ага ылайык, негизинен өкмөттүн эски курамы ордунда калып, үч орунда гана өзгөрүү болду.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев, ал эми транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Замирбек Айдаров бекиди.

Буга чейинки премьер-министр Темир Сариев 11-апрелде өз эрки менен өкмөт башчылыктан кеткен. Ал өзүнүн кетүүсүнө себеп болгон Балыкчы – Корумду унаа жолу боюнча тендер чатагын иликтеген депутаттык комиссиянын “премьер кызматтан кетсин” деген чечимин “эч негизсиз саясий чечим” деп атаган эле.

Спикерлик орунга экөөнүн таймашы

Жаңы өкмөт башчыны жана өкмөттүн курамын шайлаган соң, эми Жогорку Кеңеш өзүнө төрага шайлоого даярданууда. Азырынча ар бир фракциядан ар түрдүү талапкерлер аталганы менен, купуя сүйлөшүүлөрдө негизги эки-үч талапкердин айланасында сөз болууда.

13-апрелде спикерлик кызматын өткөрүп берген Асилбек Шариповдун фракциялашы, Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков төрагалыктан баш тартканы айтылды. Эми күрөш калган экөө: “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин ортосунда болору сөз болууда.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевди экс-премьер-министр Темир Сариев өкмөт мүчөлөрү менен коштошуу сөзүндө өзүнүн кызматтан кетүүсүнө себепкер болгон адамдардын бири катары белгилеген эле. Ушундан улам, айрым депутаттар анын спикер болуп келүүсү этикага жатпай каларын айтышууда. Социал-демократ Рыскелди Момбеков Канат Исаев спикерликтен баш тартса болмок деген пикирде:

Канат Исаев
Канат Исаев

- Канат Исаев менен кайым айтышкан Темир Сариев кызматынан өз ыктыяры менен кеткен соң, Канат Кедейканович деле спикерликтен өз эрки менен баш тартса болмок. Бул саясий маданияттын дагы бир жакшы жөрөлгөсү болмок.

Рыскелди Момбеков “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин спикерликке келүүсү бийлик башындагы аймактык теңсалмактуулукка жатпай калат деп эсептейт.

Социал-демократтар фракциясы азырынча бир талапкерге токтой элек. Ушундай эле маалыматты “Ата Мекен”, “Бир Бол” жана “Республика Ата- Журт” фракциялары айтышууда. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы спикерлик орунду өздөрүнүн лидерине ылайык көргөн.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин төрагалыгына таза адам келгени туура болот деп эсептейт:

- Негизи парламент төрагалыгына ар кандай иштерге аралашпаган адам келсе жакшы болмок. Исаевдин талапкерлиги боюнча бир топ маселе жаралышы мүмкүн, депутаттар буга да кайрылат го. Спикер тандоо, шайлоо маселеси эртең каралат деп күтүп жатабыз.

Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров көпчүлүк коалиция бир талапкерге токтолорун кошумчалады:

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

- Азыр спикерлик орунга негизинен Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаев чуркап атышат. Коалиция келечекте ынтымактуу иштөө үчүн экөөнүн бирөөнү тандап алууга тийиш. Коалиция бир талапкерге токтолот деп ишенем. Азырынча арабанын алдына түшүп алып чуркаган аттай болуунун кереги жок. Өкмөт башчы шайланды, эми төрага шайлоого киришүүбүз керек.

Учурда Жогорку Кеңеш төрагалыгына талапкерлер тандалып жатат. Айрым маалыматтар боюнча спикерди шайлоо 14-апрелде жабык добуш берүү менен өтөт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG