Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

"Мырза" ийнелик аз жашайт


Mnais costalis ийнелигинин ургаачысы
Mnais costalis ийнелигинин ургаачысы

Артында көп тукум калтырган эркек ийнелик аз жашайт. Жапонияда кредиттик карта ордуна манжанын сүрөтү пайдаланыла баштайт. Чылым чеккен адамдарда ооздогу пайдалуу бактериялар өлүп, микрофлора бузулат.

Акча ордуна манжанын сүрөтү

Ушу жайда Жапонияга барган коноктор акча төлөөгө келгенде кредиттик карта ордуна манжанын изин пайдалана алат.

Жаңы системасынын максаты - дүкөндөрдө, мейманканаларда жана ресторандарда конокторду тейлөөнү тездетүү. Ал үчүн чет элдиктер Жапониянын аэропортуна же кеме ортуна келип, текшерүүдөн өтүп жатканда (эгер кааласа) кредиттик картасы менен манжаларынын изин каттатып коёт.

Мындай конокторго товар сатып алганда, мейманканада же ресторанда эсептешкенде манжалардын изин окуучу аппаратка колун коюп койгону жетиштүү.

Эксперименттин биринчи этабы чет элдик туристтер көп келчү Канагава жана Сидзуока префектураларындагы 300 ресторан, мейманкана жана дүкөндү камтыйт.

Манжалардын изи
Манжалардын изи

Саамалык былтыр октябрда Нагасаки префектурасындагы Сасебо паркындагы 30 дүкөн жана ресторанда колдонулган. Бул демилге 2020-жылы Токидо өтчү Жайкы Олимпиада оюндарына туристтерди кызыктууну да көздөйт. Ал жылы Жапонияга 40 миллионго жакын турист келет деп боолгонууда. Жаңы система жапон өкмөтүнө чет элдик коноктор акчаны кандай коротконун талдап, анализдегенге мүмкүндүк берет. Өкмөт ага чейин бардык маалымат жабык болот деп кепилдик бериши шарт. (Маалымат булагы: The Japan news, Engadget.com, Mashale.com.)

Көп сүйүп, аз жашаган ийнелик

Теги жакын ийнеликтер: Mnais costalis жана Mnais pruinosa бир дарыянын жээгинде чогуу жашашат. Бирок бири күнөстүү, экинчиси көлөкөдө өмүр сүргөндү жакшы көрөт. Жапон окумуштууларынын аныкташынча, M.costalis түрү үчүн жашаган жери канчалык күнөстүү болсо, анын көбөйүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Бирок анын өмүрү да кыска. Андай ийнелик пилладан бөлүнүп чыккандан кийин бир жумадай тамактанып күч топтойт. Андан соң өзөндөн бир жерди ээлейт. Жашаган жеринин борбору суудан оркоюп көрүнгөн бутак же чыбык болот.

Mnais pruinosa ийнелиги
Mnais pruinosa ийнелиги

Эркек ийнелик ордо жайынан башка эркек таналарды кууп жиберип, ургаачы ийнеликти күтөт. Келген бийкечтер эркек ийнелик менен жупташат да ошол эле жайга жумуртка таштап учуп кетишет. Жигит ийнеликтин сүйүү майданындагы ийгилиги бийкечтер келгенде канатын каккылап, алардын көңүлүн алып, ийдиргенине багыңкы. Ал аталык милдетин аткарган соң акырындап арыктап, бир айга жетпей өлөт. Анткени жыйган майы түгөнөт.

Mnais pruinosa ийнелигинин эркеги Mnais costalis тууганына окшоп, ургаачыларга жакканга аракет кылбайт. Ал жашаган жерине келген ургаачы ийнеликтин кимисине алы жетсе, ошонусун баса калат. Кербезденген бийкечтерди жандаганга убакыт коротпойт. Ошон үчүн узак жашайт. Артында да короо-короо тукум калтырбаганын Киото университетинин зоологдору аныкташкан. (Булагы: Behavioral Ecology and Sociobiology; elementy.ru)

Күн панели ГЭСтерди алмаштырышы мүмкүн

АКШда чакан үйлөрдүн чатырларына күндүн кубатын токко айлантчу панелдер орнотулса, өлкө керектеген электр энергиясынын 39% камсыздай алат. Энергетика министрлигинин Улуттук толукталма энергиялар лабораториясынын (National Renewable Energy Laboratory, кыскача NREL) акыркы изилдөөсү Кошмо Штаттардын 128 шаарында жүргүзүлгөн. Изилдөө кичинекей имараттардын (үйлөрдүн) 83% чатырларына күн панелдерин орнотууга ылайыктуу экенин, бирок алардын 26% чатырларын азыр эле пайдаланса болорун көрсөткөн.

Жумушчулар үйдүн 320 кв м чатырына күн паледерин орнотушууда. Германия, 2012-ж.
Жумушчулар үйдүн 320 кв м чатырына күн паледерин орнотушууда. Германия, 2012-ж.

​Жогоруда айтылган чакан имараттардын чатырларына күн панелдери орнотулчу болсо, алар 1118 гигаватт (GW)1 электр кубатын өндүрө алат. Ошондо алар бир жылда 1432 тераватт-саат (Twh)2 электр өндүрөт. Бул АКШда сатылган электр кубатынын 39 процентине барабар. “Күндүн жарыгынан электр энерегиясын алуунун техникалык потенциалын так билүү регионду өнүктүрүү планы үчүн маанилүү”, - дейт NRELдин күндүн энергиясын пайдалануу боюнча инженер-аналитиги Pieter Gagnon. (Булагы: www.sciencedaily.com)

Чылым рак ооруусуна шыкак

Чылым чеккен өпкөгө зыян келтирүү менен катар ооздун микрофлорасын өзгөртүп, рактын жаралышына өбөлгө түзөт. Нью-Йорк университетинин алдындагы Лангоне медициналык борборунун (NYU Langone Medical Center) окумуштууларынын эсептөөсү боюнча, адамдын ооз бөлүгүндө бактериянын 600гө жакын түрү жашайт. Эгер алар жашаган чөйрөдө табигый тең салмактуулук бузулса, ашказан-ичеги сезгенип, анын кесепетинен ооздон түз ичегиге чейин дартка чалдыкчу Крон оорусу пайда болот. Дарыгерлердин айтымында, ооздун рак оорусу 75% чейин чылым чегүүгө байланыштуу.

Чылым тартып өмүрүңдү кыскартасың.
Чылым тартып өмүрүңдү кыскартасың.

Америкалык илимпоздор чылымды үзбөй чеккен адамдардын оозунун микрофлорасы тамекини такыр оозго албаган же бул адаттан баш тарткан адамдарга караганда олуттуу айырмаланарын аныкташкан. Тамеки тартканды токтоткон адамдарда ооздун микрофлорасы кайра кадимки абалына келген жана 10 жыл чылым чекпеген адамдын микрофлорасы эч качан чылым тартпаган адамдыкынан эч айырмаланбай калат.

Илимпоздор алдында азыр тамекинин кесепетинен ооздогу микрофлоранын бузулуусу организмдин каршылык көрсөтүү жөндөмүн канчалык начарлатканын аныктоо вазийпасы турат.

(ISME International Society for Microbial Ecology Journal, nature.com, http://nyulangone.org)

-------- ------------ ------------ -------------

1 1 Гигаватт = 1000 Мегаватт же 1 Гигаватта 1 000 000 000 ватт

2 1 Тераватт = 1000 гигаватт.

XS
SM
MD
LG