Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Кара-Көл: жоокер өмүрүн кыйган мушташ


Жалал-Абаддын Кара-Көл шарындагы аскер бөлүктөгү жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иш козголду. 4-майда түндө Улуттук Гвардияга караштуу 718-бөлүктө эки аскер мушташа кетип, бирөө алган жаракатынан ооруканага жетпей жан берди.

Мындан бир айга жетпеген убакыт мурун “Кылым шамы” укук коргоо уюму армиядагы абал тууралуу иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда Аскер прокуратурасынын "көз жумду” мамилеси, аскер жетекчилеринин көп учурда жазасыз калышынан улам ушундай көрүнүштөр азайбай жатканы айтылган.

Жалал-Абад облустук аскер прокурору Сагындык Мукашевдин “Азаттыкка” билдиришинче, каргашалуу окуя 4-майдын түнү саат 11 чамасында болгон. Азырынча арты өлүм менен аяктаган мушташ эмнеден чыкканы аныктала элек:

- Кара-Көлдө тергөө амалдары жүрүп жатат. Күнөөлүү деген баланын баш коргоо чарасы эртең аныкталат. Өлгөн баланын сөөгүн ата-энеси алып кетти. Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

Мерт болгон 19 жаштагы Актилек Акжол уулу аскерге былтыр күзүндө Оштун Алай районунан чакырылган. Макала даярдалып жаткан маалда анын туугандары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. 6-майда окуя болгон бөлүккө “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова барды. Укук коргоочунун айтымында, аскер жетекчилери аны бөлүккө киргизишкен эмес жана азыноолак гана маалымат алган:

- Менин түшүнгөнүмө караганда, окуя болгон түнү командирлери майрамдап кетип, жоокерлер көзөмөлсүз калган. Окуя түндө баары укташ керек болгон маалда болуп жатат. Бул жерде баягы эле көзөмөлдүн жоктугу, командирлеринин шалаакылыгы болду окшойт. Мени аскер бөлүккө киргизишкен жок. Улуттук гвардиядан Алмаз Бейшеев деген келген экен, ошол чыгып азыноолок маалымат берди. Өлгөн баланын ата-энеси Орусияда экенин билдик. Мушташкандар чогуу бир чакырылган балдар экен, чырдаша кетип, тамашалап чабышып жатып ушундай болду деп айтып жатат. Тамашалап жатып өлтүрүп алды дегенге ишенбейм.

"Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова Кара-Көлдөгү аскер бөлүктө жоокерлер өлүмү менен аяктаган окуяларга байланыштуу өздүк курамдын теңинен көбү жакында эле алмаштырылганын айтып берди:

- Ал аскер бөлүктөгү жетекчиликтин баары Кара-Көл шаарынын жака-белинен, тууган-туушкандары болуп алышкан. Мен Башкы штабга жазып жатып, өздүк курамдын 60 пайызын, жетекчиликти алмаштырышкан. Мына эми оңолсо керек деп турганда, мөөнөтү бүтүп кете турган жоокерлер арасында ушундай окуя болуп кетти. Сураштырсам мушташкан балдардын ортосунда буга чейин жаңжал, талаш-тартыш деле болбоптур. Тескерисинче дос да болушкан экен. Өлтүрдү деген бала ошол күнү нөөмөттө экен, ары-бери басып, кыңылдап ырдап уктатпагандан экөө уруша кетип, талылуу жерине чаап алган окшойт.

Өзүн өзү өлтүрдү деген негизи мамлекетке эле пайдалуу болуп жатат. Анткени суицид деп коюшса компенсация төлөнбөйт, жоопкерчиликке эч ким тартылбайт.
Гүлшайыр Абдирасулова

Аталган аскер бөлүгү мурда ички аскерликке карап, эки жыл мурда Улуттук гвардиянын курамына өткөрүлгөн болчу. Бул аскер бөлүктө былтыр дагы каргашалуу окуя катталган. 19 жаштагы жоокер Бегалы Шамшидиновду аскер бөлүгүнүн жетекчилиги жүрөгү кокустан кармап каза болду деп айтып чыккан. Бирок маркумдун жакындары аны соттук-медициналык экспертизадан өткөргөндө жоокер токмоктолуп, алган жаракаттын кесепетинен жан бергени аныкталган. Маркумдун жаалданган тууган-уругу Кара-Көлдөгү аскер бөлүктү өрттөйбүз дегенге чейин барган.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова аскер прокуратурасы көп учурда жоокер өз өмүрүн өзү кыйды, же кокусунан каза болду деген шылтоо менен кылмыш ишин козгобой, тергеп-иликтебей койгондуктан ушундай окуялар азайбай жатат:

- 2015-жылга чейин Аскер прокуратурасы бардык иштерди эле суицид деп жаап кое берген. Эч кимдин жоопкерчилиги каралган эмес. Биз ошондо ушундай ыкманы колдоно берсеңер, мындай көрүнүштөр токтобойт деп айтканбыз. Өзүн өзү өлтүрдү деген негизи мамлекетке эле пайдалуу болуп жатат. Анткени суицид деп коюшса компенсация төлөнбөйт, жоопкерчиликке эч ким тартылбайт. Биз былтыр чуркап, ызылдап жүрүп эки факты боюнча “өзүн өзү өлтүрүүгө жеткизген” деген берене менен кылмыш ишин козгото алдык. Зордук-зомбулук көрсөткөн деп эки бала камалды, жоопко тартылчулар тартылды. Иштин баары эле барып-барып отуруп эле аскер прокуратурасына такалып жатат. Алар көп ишти суицид деп жаап коюп жатат, мындан улам тергеп-иликтөө да жүрбөй жатат.

“Кылым шамы” уюму өткөн айда эле армиянын абалы боюнча иликтөөсүнүн абалын жарыялаган эле. Анда Кыргызстан аскерин начар багары, зордук-зомбулук азая электиги, мындан улам өз өмүрүнө өзү кол салуу, бири-бирин өлтүрүү өңдүү көрүнүш жоюлбаганы ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG