Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Жоокердин өлүмү: "термелген" тергөө


1996-жылы туулган жоокер Кубаныч Ногойбаев.
1996-жылы туулган жоокер Кубаныч Ногойбаев.

Аравандагы “Төө-Моюн” чек ара тозотунда кызмат өтөп жүрүп, табышмактуу жагдайда каза тапкан жоокер Кубаныч Ногойбаевдин өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча тергөө иши бурмаланганы ашкереленди.

Бул иш боюнча бири-бирине карама-каршы келген үч түрдүү соттук-медициналык экспертиза чыгып, аягында кылмыш иши ачылбай калган.

Жабырлануучунун адвокаты өтө көп жоопсуз суроолор болгонуна карабастан, Ош гарнизондук аскер прокуратурасы жоокер өзүн-өзү асып алган деген тыянакты гана карманып, ишти иликтөөнү негизсиз токтоткону боюнча маселе көтөрдү.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун кийлигишүүсү менен жакында бул иш республикалык Аскер прокуратурасынын кароосуна өткөрүлүп берилди.

Кайчылаш айтылган каргаша кабар

Тергөө материалдары боюнча, өткөн жылы 11-январдын таңында Аравандын Төө-Моюн айыл аймагындагы Найман айылына караштуу талаадан 1996-жылы туулган жоокер Кубаныч Ногойбаевдин даракка асылган жасаты табылган. Бул тууралуу алгач жергиликтүү тургундар милицияга жана жакын турган чек ара тозотуна кабарлашканы иште көрсөтүлгөн. Ага чейин мына ошол эле күнү эртең менен Ош чек ара отрядынын “Төө-Моюн” чек ара тозотунан катардагы жоокер Ногойбаевдин дайынсыз жоголгону тууралуу үйүнө телефон аркылуу кабар жөнөтүлгөн.

Каза тапкан жоокердин чоң энеси Замира Нарынбаева анын небересинин жасаты табылган жер туурасында ошол күнкү чек ара тозотунан телефон чалуулардагы билдирүүлөрдүн бири-бирине дал келбестиги анда чоң күмөн саноо жаратканын айтты:

- Башында “уулуңуздар жок болуп жатат, бардык жактан издедик, жок, ал үйгө барган жокпу?”, деп телефон чалышты. Мен “анын үйгө түз учуп келгидей канаты бар бекен” дедим. Анан эле чек ара тозотунан дагы бир бала чалып, “уулуңуз табылды, чек ара бекетинин короосундагы ажаткананын жанынан таптык, бирок...” деп мукактанып анын каза болгонун угузду. Ошентип дүйнөм алай-дүлөй болуп калган сөздү уга алган жокмун. Анан кийин эле бизге уулумдун жасаты эки чакырым алыстыктагы талаадан табылды деп чыгышпадыбы. Бул дал келбөөчүлүк менде өтө чоң шек туудурду. Анан эле Оштогу соттук-медициналык экспертиза баланын денесинде эч кандай жаракат жок деп корутунду чыгара коюп жатпайбы. Кийими ылай болгон экен. Бирок анын кийими экспертизага алынган эмес экен. Андагы топурак талаанын топурагыбы же казарманын короосундагы топуракпы, анысы дагы изилденген жок. Анан эми ушунун бардыгын иликтеп чыкпаса, анда ошол тергөөчүлөр менен эксперттер жооп бериши керекпи?

Ош шаарында жоокер каза тапкан күнү эле анын жасатына видео-фото каражаттарынын жардамы менен кароо жүргүзүлүп, 13-январь күнү соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 2015-жылдын 20-февралындагы корутундусуна ылайык “жоокер киши колдуу болушу мүмкүн” деген версия жокко чыгарылган.

Каза тапкан жоокер менен чогуу кызмат өтөгөндөр ошол учурда ага карата күч колдонулбаганын ырастап, аны асынып алууга түрткөн жагдайлар болбогону тууралуу тергөөгө көрсөтмө беришкен. Мына ошолордун негизинде Ош гарнизондук аскер прокуратурасы 2015-жылы 20-февралдагы токтому менен кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Жоокердин жасаты табылган жердин табышмагы

- Тергөөчүнүн айткандарынын бардыгы жалган. Биз бул табышмактуу жагдайлар туурасында башынан бери эле тергөөчүдөн баштап, Башкы прокуратурага чейин айтып, ошолорду иликтөө зарылдыгы туурасында кайрылып эле келатабыз.
Адвокат Динара Медетова

Ошол эле кезде жабырлануучу тараптын жоокердин жасатынын башында каерден табылгандыгы тууралуу билдирүү боюнча шектенүүсү тергөөдө текшерилбей кала берген. Жабырлануучу тарап тергөө ишинде анын талга асылып турганы фотого тартылганы менен, анын кандай жагдайда муунганы боюнча суроого так жооп жоктугуна нааразы.

Ош гарнизондук аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Элдияр Караевдин айтымында, жабырлануучу тарап ал билдирүү тууралуу өз учурунда кабар берип, тергөө менен кызматташкан эмес:

- Анда эмне себептен мына ошол тууралуу окуя болгон учурда тергөөгө кабарлашкан эмес. Ал эже бул тууралуу азыр айтып жатпайбы. Эгерде ошондо айтканда эжеге ким ошентип чалганын аныктап, андан көрсөтмө алуу үчүн телефондук байланыштардын көчүрмөсүн көтөрүп чыгат элек да. Мына ошондо телефон байланыштары аркылуу жоокердин жасаты кайсыл жерден табылганы тууралуу билдирген адамдын кимдигин аныктап алат элек. Азыр эми аны менен чогуу кызмат өтөгөндөрдүн бардыгы аскердик милдетин аткарып бүтүп, үйүнө кетишкен. Анан дагы бир жагдай, ал жигиттин сүйлөшкөн кызы бар экен, ошону тапканга жардам бергиле деп дагы кайрылганбыз. Бирок ал дагы табылбады. Бир эле илинчек болсо, ошону тартып отуруп, тергөөнү аягына чыгарып, ишти сотко өткөрүп берет элек. Биз аябай аракет кылдык. Бирок илинчек чыккан жок.

Ош гарнизондук аскер прокуратурасынын ага тергөөчүсү Элдияр Караевдин мындай жүйөсүнө жабырлануучу тараптын адвокаты макул эмес. Анда кандай шарт болбосун кылмыш ишин козгобоо аркылуу башынан эле бул ишти терең иликтегенге мүмкүнчүлүк бербөө үчүн тымызын аракеттер көрүлгөнү баса белгиленди.

Жашырып жабуунун “жаңырыгы”

“Кылым шамы” укук коргоо борбору тарабынан жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокат Динара Медетова бул ишти иликтеген Ош гарнизондук аскер прокуратурасы жоокердин өлүмүнүн бетин ачууга башынан эле кызыкдар болбой, тескерисинче, тергөө учурунда кылмышты ашкерелей турган орчундуу жагдайларды жашырып жапкан деп айыптады:

- Тергөөчүнүн айткандарынын бардыгы жалган. Биз бул табышмактуу жагдайлар туурасында башынан бери эле тергөөчүдөн баштап, Башкы прокуратурага чейин айтып, ошолорду иликтөө зарылдыгы туурасында кайрылып эле келатабыз. Бирок ошого бир көңүл буруп, жагдайга кызыгып, ишти терең иликтеген эч ким жок. Тергөө башынан бери эле бул ишти ачууга кызыкдар болгон эмес. Ошол үчүн бардык негиздер болгонуна карабастан, Аскер прокуратурасы кылмыш ишин ачкан эмес. Аягында барып, ишти создуктуруп анан өздөрүнүн кызыкчылыгына туура келген корутундуну чыгартууну гана күтүп отуруп иш козгоодон баш тартып коюшту. Ага чейин чыккан корутундулардын негизинде деле иш козгоп, анан жагдайларды иликтей башташса болмок эле да. Кандай болгон күндө да, аскер жетекчилери жооп бериши керек. Анан таптаза баланы аскерге чакырып, жөндөн жөн эле “асынып алды” деп сөөгүн тапшырып койгон мыйзамга да, адамгерчиликке да жатпайт. Керек болсо мындай иш үчүн чек ара кызматынын жетекчилиги башы менен жооп берүүгө тийиш.

Экспертизалардын эки башка корутундулары

Ош гарнизондук аскер прокуратурасынын иш козгоодон баш тартуу боюнча токтомуна нааразы болгон жабырлануучу тараптын өтүнүчү менен Бишкекке алып келинген жоокердин сөөгүнө экинчи ирет экспертиза дайындалган.

- Анын денесинде, башында эч кандай жаракат болгон эмес, болгону башынан биологиялык анализ алган жерлери гана күрөң түстө болуп калган.
Тергөөчү Элдияр Караев

Мына ошол 2015-жылдын 24-февралында чыгарылган республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун корутундусунда “жоокердин башындагы жана ийниндеги тактар ал каза тапкандан эки саат мурунку аралыкта мокок-катуу предметтин кесепетинен улам болушу мүмкүн” деген жыйынтык чыгарган. Бирок мына ошол эле корутундуну чыгарган эксперт Самат Жанболотов кийин тергөөгө жоокердин денесиндеги тактар “зомбулуктан улам болушу мүмкүн эмес” экенин айтып, көрсөтмө берген.

Мына ошентип Оштогу экспертизанын жыйынтыгы менен Бишкекте чыгарылган корутундунун ортосунда чоң айырмачылык келип чыккан. Мына ошол эле кезде жоокердин сырдуу өлүмүнүн себеби аныкталбай, экинчи ирет дагы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому чыгарылган.

Ош гарнизондук аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Элдияр Караев мындай чечим кабыл алууга негиз болгон жагдайларды төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Анын денесинде, башында эч кандай жаракат болгон эмес, болгону башынан биологиялык анализ алган жерлери гана күрөң түстө болуп калган. Анан кийин Бишкектеги биринчи соттук-медициналык кароодо эксперттер мына ошол күрөң түстөгү такты туура эмес жыйынтыктап берип салышкан. Баштапкы медициналык кароо учурун чагылдырган сүрөттөрдө, видеодо деле жоокердин денесинде жаракат болгон эмес. Болгону колунда анан ийнинде кызгылтым тактар байкалган. Анан бул жактагы экспертизанын жыйынтыгына макул болбогон үчүн биз аны Бишкекке жөнөттүк да. Анан эми ал жактагы эксперттер дагы өздөрү көп нерсесине түшүнбөй коюшту. Биз дагы алар чыгарган корутунду талаштуу болуп жатканын айтып, Бишкекке өзүм барып, ушуга чекит коё тургандай бир жыйынтык чыгарып бергиле деп сурандым эле. Бирок алардын корутундусу түшүнүксүз бойдон калды.

Мына ошентип эки түрдүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы эки башкача чыгып, ага кошумча эксперттин эки анжы ойдогу түшүнүк каты ишке тиркелген. Бул жагдайда тергөө үчүнчү ирет соттук-медициналык экспертизаны комиссиялык негизде 2015-жылдын 8-июлуна дайындаган. Анын 2015-жылдын 27-июлунда чыккан корутундусу каза тапкан жоокердин дене жаракаты мокок-катуу буюм тийгенден келип чыкканын белгилеп, ошол эле кезде анын башындагы тактар анын тирүү кезинде пайда болушу мүмкүн экенин көрсөткөн. Бирок ошол эле кезде аталган комиссиялык экспертиза ага чейинки эки түрдүү соттук-медициналык экспертизанын эки башка чыгарылган жыйынтыгына баа бере алган эмес.

Экинчи ирет корутунду чыгарып, бирок кийин тергөөгө эки анжы ойдогу башкача түшүнүк кат жазып берген республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун эксперти Самат Жанболотов ал жагдай тууралуу мындай дейт:

- Тергөөчү мага үч-төрт жолу келип, ар бир келгенде ар башкача суроо берип менден көрсөтмө алган. Анан жалпылап эле сол ийниндеги тактар асынгандан болушу мүмкүн деп кесе жазып коюштур. Негизи менин баштапкы чыгарган корутундумда бардыгы толук эле, даана жазылган. Анда башындагысы чоң жаракат эмес, кичинекей эле так экени көрсөтүлгөн. Сокку алса, ал бир чоң эле жаракат болсо керек. Кийин түшүнүк катымда тергөөчү баштапкы кароодогу видеону көргөзүп “бул баштагы так чачты устара менен алганда келип чыгышы мүмкүнбү?” дегенде “ошондой болушу ыктымал” деп жооп бергемин. Гистологиялык экспертизадагы өлгөнгө чейин эки саат мурунку жаракат деп жатпайбы. Анан ошол “денесиндеги жаракат эмненин негизинде” дегенде ар кандай мокок-катуу буюмдан деп жатпайбы. Ал эми бир эле сабагандан улам болбойт да.

Жоокер уулун жоктогон эне
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Иликтөөдөгү шалаакылык, документтердеги калпыстыктар

Ошол эле кезде тергөөнүн ишти козгоодон баш тартуу тууралуу токтомунда бир топ так эместиктер кетирилген. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалган күндөрдүн жана корутунду чыгарылган учурдагы даталарда бир топ дал келбөөчүлүктөр орун алган. Мисалы, бул иш боюнча Ош шаарында чыгарылган алгачкы соттук-медициналык корутундунун датасы токтомдун башында 20-февраль деп көрсөтүлсө, документтин аягында 16-февраль деп көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 2015-жылдын 8-июлунда дайындалып, 27-июлда чыгарылганы корутундуда көрсөтүлсө, Ош аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Элдияр Караевдин кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу соңку токтомунда мына ошол комиссиялык соттук-медициналык кароонун №363 номерлүү корутундусу 2015-жылдын 14-сентябрында аяктап, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасына 23-сентябрда келип түштү деп көрсөтүлгөн. Тергөө материалдарындагы мындай так эместиктерге карата тергөөчүнүн өзүнөн ынандырарлык жооп алууга мүмкүн болбоду.

Адвокат Динара Медетова тергөөдө кандай версиялар болбосун жоокердин өлүмү боюнча иш козгобой коюунун өзүн кылмышты жашырууга тете иш деп баалады:

- Бул жерде үч маселе турат. Биринчиден, жоокердин өлүмү боюнча ал өзү асынып алдыбы же бирөө аны өлтүрүп туруп, кийин асып койдубу, эмне болгон күндө дагы кылмыш иши козголушу керек болчу. Ага ылайык чек ара кызматынын тиешелүү аскер жетекчилери жок эле дегенде “шалаакылык” беренеси боюнча жоопко тартылышы керек эле. Эми мына кылмыш ишин ачтырбай, соттук-медициналык корутундуларды бурмалаган жагдайлар боюнча иш козгоо зарыл. Анткени тергөө кылмыштын бетин ачууга кызыкдар болбой, айрым экспертиза жыйынтыктары ага негиз түзүп беришти. Ошондо түрдүү жыйынтык чыгарган эксперттер дагы жоопко тартылышы кажет.

Жабырлануучу тараптын жана анын кызыкчылыгын коргогон “Кылым шамы” укук коргоо борборунун сунушун эске алып, башкы прокурор Индира Жолдубаева бул ишти иликтеп, кароону республикалык аскер прокуратурасына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Республикалык аскер прокуратурасынын тергөөчүсү бул иш боюнча кайрадан материалдарды чогултуп, күбөлөрдүн жана эксперттердин көрсөтмөлөрүн ала баштаганы маалым болду. Буга чейин бир жылдан ашуун созулган бул иштин уу-чуусу эми дагы дагы канчага созулары белгисиз.

XS
SM
MD
LG