Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Жоокер өлүмү: экспертизанын эки башка тыянагы


Быйылкы жылы эле армияда каза болгон жоокерлердин саны бешке жеткени айтылды.
Быйылкы жылы эле армияда каза болгон жоокерлердин саны бешке жеткени айтылды.

Ушул жылдын январында аскерде каза болгон Кубаныч Ногойбаевдин өлүмү боюнча талаш жаралды.

Аскер жетекчилери ал өз жанын кыйган десе, маркумдун жакындары альтернативдүү экспертизанын жыйынтыгы таптакыр башканы көрсөткөнүн айтууда.

Ош шаарындагы №2024 “Төө-Моюн” чек ара тозотунда аскердик милдетин өтөп жаткан Кубаныч Ногойбаевдин айыл четиндеги даракка асылып турган денеси 11-январда табылган.

"Акыркы жолу телефондон сүйлөштүм..."

Пенсионер Замира Нарынбаева небереси Кубаныч менен ал өлөрдөн бир күн мурда байланышкан. Анда небереси шайдоот сүйлөшкөн, үй-бүлө ортосунда пикир келишпестик болгон эмес. Аскерде кимдир бирөө аны кодулаганына да даттанбаптыр:

- 10-январда чалып, биометрикалык маалымат тапшырам, паспортумду салгыла деди. Белендеп, жөнөтөлү деп жатсак эле, 11и күнү эртең мененки сегиз жарымда "балаңар түнкү күзөткө чыккан боюнча жок" деп кабарлашты. Анан улам эле чалып, ар нерсени сурап атышты. Ата-энеси качан ажырашкан эле, кимдин колунда чоңойгон деп. Көрсө булар өлгөнүн билип эле чоң ата, чоң энесинин колунан эмне келмек эле деп ойлошуптур да, түштөн кийин угузушту.

22-февралда Ош гарнизонунун аскер прокурорунун Караев аттуу жардамчысы Кубаныч Ногойбаев өзүн өзү асып алган деген негизге таянып, анын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгы тууралуу кат жөнөтөт.

Жоокердин өлүмүндөгү жаңы жагдай

Оштогу экспертиза менен укук коргоо органдарына ишенбеген, чоң ата - чоң эне Бишкектеги республикалык соттук медициналык экспертизага кайрылып, жакында жообун алды. Анын жыйынтыгы менен чоң атасы Садырбек Ногойбаев тааныштырды:

- Экспертиза жыйынтыгына караганда эки күн мурда, анан өлөрүнө чейин эки саат мурда катуу таяк жептир. Башына, желкесине, бөйрөгүнө, колуна урушкан экен.

Бишкектик экспертизанын корутундусуна таянып, чоң ата-чоң эне башында бала өзү асынып өлгөн деп маалымат каражаттарына билдирүү тараткан аскер жетекчилерин, оштук экспертизаны жоопко тартууга белсенүүдө. Башкысы, баланы өлүмгө ким кириптер кылды, же ким өлтүрдү деген суроого жооп издешүүдө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиев ички иликтөөлөргө таянып, катардагы жоокер Ногойбаев асынып өлгөнүн айтууда. Ошентсе да, бул окуя боюнча жаңы натыйжаларга байланыштуу иликтөө кайрадан жанданды:

Раимберди Дүйшөмбиев
Раимберди Дүйшөмбиев

- Биздин иликтөөнүн натыйжасында уруп-сабоо фактылары билинген эмес. Бирок маркумдун жакындары башка жыйынтыкты көрсөтүүдө. Эки жыйынтык болуп атканына байланыштуу иш кайрадан каралып атат. Анын жыйынтыгы чыкмайын бир нерсе деп айта албайм. Ошого карабастан, жоокердин өлүмүнө байланыштуу тиешелүү чек ара бекетинин, Ош чек ара отрядынын жетекчисин иштен алганбыз.

Быйыл эле беш жоокер...

Дүйшөмбиев бул ишти объективдүү карап, аягына чыгарууга убада берди. Ошол эле учурда окуяны “Кылым шамы” укук коргоо уюму да иликтөөгө алууда. Анын жетекчиси Азиза Абдирасулова алдын ала алынган маалыматтар менен бөлүштү:

- Бул жерде баланы асынып алууга жеткиришкен сыяктуу. Анткени, экспертизадан текшергенде денесинен жаракаттар чыгып калды.

"Кылым шамынын" маалыматына караганда, быйылкы жылы армияда каза болгон жоокерлердин саны бешке жетип калды. Абдирасулова бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу көп экенине токтолду. Ошентсе да, маалымат каражаттары, укук коргоо уюмдарынын мониторингдери, түртмөлөөлөрүнүн натыйжасында, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы кандайдыр бир чараларды көрө баштаганын айтууда.

"Азаттык" бул окуянын өнүгүшүнө көз салып, жоокердин өлүмүнүн чыныгы себептери ашкереленишин көзөмөлгө алат. Кубаныч 18 гана жашта болчу.

XS
SM
MD
LG