Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:26

Бүгүн мурдагы СССРдин курамына кирген советтик республикаларда Мекен коргоочулар кесиптик күнүн майрамдап жатышат. Кыргызстанда да бул күн майрам катары белгиленип, Мекен коргоочулар куттуктоолоррду кабыл алышууда.

Анткен менен, бул күн коомдо жалпы мырзалардын майрамы катары орун алып, жигиттердин аскердик милдетин аткарган же аткарбагандыгы экинчи орунда калганы баарыбызга белгилүү.

“Азаттыктын” кезектеги таңкы талкуусу Кыргызстандын армиясында патриоттук бийик сезимди калыптандырып, Мекенди коргоочулардын ишенимдүү муунун тарбиялоодо кыргыз жоокерлеринин Улуу Ата Мекендик согуш баштаган тарыхый окуяларда жасаган эрдиктери менен күжүрмөндүүлүгүнүн ролуна арналды. Быйылкы тарых жана маданият жылында кыргыз армиясынын өткөнүндө актай калган окуялар эскерилеби деген суроого жоопту чогуу издедик.

Талкууга Улуу Ата Мекендик согуш темасын иликтеген окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Нарынбек Алымкулов менен Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издөө боюнча “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов катышты.

Жаштарда патриоттук сезимди тарбиялоо керек деп жатабыз. Адамды бир нерсеге тарбиялоо үчүн үлгү керек. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, кайтпай калган аталарыбыз бизге үлгү болот.

“Азаттык”: Урматтуу меймандар, бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм! Аны менен бирге моралдык жактан алганда 23-февраль Кыргызстанда Мекенди коргоо күнү катары өз милдетин аткарып, мекенди сүйүү, анын кем-карчын жакшыртууга жарандык жоопкерчиликти көтөрүүгө дем береби, деген суроого жооп алгым келип жатат. Алгач суроого тарыхчы Нарынбек мырза, сиз жооп берсеңиз.

Нарынбек Алымкулов: Албетте, бардык убакта патриоттук сезимди калыптандырган ишти жүргүзүшүбүз керек. Бирок бардык ишти фактылардын негизинде жасоо зарыл. Анткени, ушул убакка чейин Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргыз жоокерлеринин саны дагы так эмес. Айрым окумуштуулар 161 миң дешсе, айрымдары 140 миң деп айтышат. Акыркы жолу президентибиз 90 миң киши кайтпай калган деп айтты. Ошон үчүн ушул маселеге абдан көңүл бөлүп, тарыхый фактыларды такташыбыз керек. Ал эми бүгүнкү майрам совет доорунан бери калыптанып калган майрам катары патриоттук сезимди көтөрүүгө дем бериши керек.

“Азаттык”: Каныбек мырза, сиз бир нече жылдан бери Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлердин изин табуу аракетин көрүп келе жатасыз. Сиздин бул аракетти атуулдук милдет деп сыймыктангандар бар, популисттик алектенүү, анын зарылдыгы жок деп сындагандар да бар. Сиз өзүңүз бул ишиңизге кандай баа бересиз?

Каныбек Мырзаканов: Мен ишиме өзүм оң эле баа берем. Мындай ишти жасашыбыз керек болчу. Анткени, союз мезгилинде биздин кыргызстандык жоокерлердин эрдиги изилденген эмес. Эми эгемендикке ээ болгонубузга быйыл 25 жыл болду. Бул иш дагы эле алдыга жылган жок, согуштан кайтпай калгандарды издөө боюнча мамлекет деле иш жасаган жери жок. Жаштарда патриоттук сезимди тарбиялоо керек деп жатабыз. Адамды бир нерсеге тарбиялоо үчүн үлгү керек. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, кайтпай калган аталарыбыз бизге үлгү болот. Былтыр согуштун аяктаганына 70 жыл болду, бирок согуш темасын иликтеген тарыхчылар да саналуу.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 9-май, 2015-жыл

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 9-май, 2015-жыл

Угармандын пикири: Мен Бишкектен чалып жатам, атым Жылдызбек. 23-февраль майрам катары белгилениши керек. Бул күн жаштарды патриоттук сезимге тарткан майрам болуп калган. Мен Каныбек байкемдин чыркырап айтып жатканын колдойм, себеби бул абдан маанилүү маселе. Себеби, биз согуш тарыхын жазып бүтө элекпиз. Согуш талаасында калган чоң аталарыбыздын мүрзөсүнө балдары, неберелери барып, топурак салып койсо атуулдук парзын аткарган болот. Мындай иштин жаштарга тарбиялык өтө чоң мааниси бар.

“Азаттык”: Нарынбек мырза, сиз көп жылдан бери тарыхчы катары Улуу Ата Мекендик согуш темасын иликтеп келе жатасыз. Кыргызстандан согушка канча жоокер аттанып, канчасы дайынсыз кетип, канчасы кайтканы жана канчасы сыйлыктарга, кийин сыймыктарга ээ болгон? Дегеле, тарыхый фактылар такпы?

Нарынбек Алымкулов: Тилекке каршы, жүз пайыз изилденди деп айта албайбыз. Себеби, өз мезгилинде 383 миң киши, анын ичинде 58 миң киши эмгек фронтуна кеткен деп айтылган. Бул такыр иликтене элек. Азыр ар кандай архивдерди изилдеп жатабыз, бирок канчасы кайтпай калганы так эмес, ар кандай сандар бар. Ал эми сыйлангандар боюнча 1945-жылы 42 миң эле адам ар кандай орден, медалдар менен сыйланган, калгандары согуштан кийин согушка катышкандыгы үчүн сыйланган деген маалымат бар. Ушунун баарын тактоо керек. Анан ошонун негизинде жаштар арасында патриоттук сезимди тарбиялоо боюнча көп иш жасалышы зарыл.

“Азаттык”: Нарынбек мырза, тарыхты билбей туруп, келечекке кадам таштай албайбыз. Ушул жагдайдан алып караганда, кыргыз жоокерлеринин патриоттук сезимдерин көтөрө турган кандай учурлар сабак боло алат?

Көп кыргыз жоокерлери укмуш эрдиктерди жасашкан. Бирок андай баатырдык көрсөткөн көп адамдардын эрдиктери айтылбай жүрөт.

Нарынбек Алымкулов: Улуу Ата Мекендик согушта жасалган эрдиктердин бардык формаларын кыргыз жоокерлери да жасашкан. Дзотту төшү менен тоскон Чолпонбай Түлөбердиев, күйүп жаткан самолету менен душмандын танк колоннасын жок кылган Таранчиев сыяктуу баатырларыбыз бар. Андан башка да көп кыргыз жоокерлери укмуш эрдиктерди жасашкан. Бирок андай баатырдык көрсөткөн көп адамдардын эрдиктери айтылбай жүрөт. Азыр бери дегенде 17 адамдын жасаган эрдиктерин аныктап, аларды даңазалоо аракетин көрүп жатабыз.

Угармандын суроосу: Каныбек мырзанын жасап жаткан ишин популизм эмес, эрдик деп баалашыбыз керек. Анан менин чоң атам каза болгон жерди таап бердиңиз эле, эми ошол жерге барып, куран окутуп келгим келет. Бирок, акчам жок. Бул маселе өкмөт жактан чечилчүдөйбү?

Каныбек Мырзаканов: Бизде бул маселени чече турган мыйзам бар, ал 1996-жылы кабыл алынган экен. Бул маселе боюнча Аида Салянова менен бирге иштеп, согуштан кайтпай калгандардын мүрзөсү табылса туугандары барып, топурак салып келүүгө социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө мыйзам бар экендигин аныктадык. Мыйзам боюнча курман болгон жоокердин үч-төрт тууганынын барып келишине каражат берилиши керек, бирок ал эмдигиче аткарылган жери жок. Өкмөт мүрзөлөрдү издеген да жери жок, табылгандарынын туугандарына каражат жок деп жооп берип жатышат.

Жеңиш күнү. 2015-жыл

Жеңиш күнү. 2015-жыл

“Азаттык”: Каныбек мырза, ушул күнгө карата жоголгон канча жоокердин дайыны табылды. Алардын атын өчүрбөө үчүн кандай иштер жасалып жатат?

Каныбек Мырзаканов: Бизге кайрылгандардын 1180 адамдын мүрзөсүн таптык.

“Азаттык”: Каныбек мырза, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кыргыз, казак жоокерлеринен түзүлгөн генерал Панфиловдун дивизиясынын эрдиги өчпөс тарых болуп калган. Мына быйыл ошол дивизиянын түзүлгөндүгүнө 75 жыл толот. Кыргызстанда бул окуя өкмөттүк деңгээлде белгилениши керек жана ал азыркы жоокерлердин духун көтөрө турган окуя болушу керек деген ойдосузбу?

Каныбек Мырзаканов: Бул окуя өкмөттүн календардык планына кирбей калган. Аны планга киргизгиле деп президенттик аппаратка кайрылдык. Алар Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы белгилей баштады, деп жооп берди. Панфилов дивизиясынын Москваны коргоодо көрсөткөн эрдиги бурулуш жасаган эрдик болгон. Тилекке каршы, тарыхты жаңылап жазып жаткандар, согуштагы жеңиште батыштын салымы чоң болгон деп жазып жаткандар Панфилов дивизиясынын эрдиги жок дегендей кылып жатышат. Ошон үчүн бул дивизиянын эрдигин Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын Сибирь аскер округу менен бирге даңазалап белгилешибиз керек. Биз Панфилов дивизиясынын 25 жоокеринин изин 75 жылдан кийин таптык. Булар биздин баатырлар.

“Азаттык”: Эми бүгүнкү майрам шаңына келсек, бүгүн мырзалардын баары өзүн Мекенди коргоочу сезип жатат. Бул жагдайдан алып караганда, азыркы учурдун баатыры ким? Биз аны кандай элестетебиз?

Каныбек Мырзаканов: Аскер кийимин кийип, погон тагынгандарды эле Мекенди коргоочу деп атоо же баатырдык согуш талаасында эле жасалат деген көз караш туура эмес. Кыргызстандык ар бир адам өзү иштеп жаткан жеринде баатыр болуш керек. Өз элин, жерин сүйүшү керек. Мисалы, Москвада орусиялык аялды поезддин алдынан сактап калган кыргызстандык жөнөкөй жараныбыз Марат Исаев да баатыр. Биз мына ушундай жигиттерди тарбиялашыбыз керек.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, 23-февралда аскердик бөлүктөрдөгү жоокерлердин турмушун же мырзаларды куттуктап жаткан майрамдык салтанаттарды көрсөтпөй кыргыз армиясынын тарыхы менен келечегин салмактап, алдыдагы милдеттерди аныктоо жана Мекенди коргоого милдеттүү болгон ар бир жарандын жеке моралдык деңгээлине баа берчү күн катары белгилешибиз зарылбы?

Каныбек Мырзаканов: Армиядагы бардык жакшы-жаман көрүнүштөрдү ачык айтып, чечүүнүн жолдорун издеп анан жоокерлердин аң-сезимине из калтыра турган тарыхый учурларды эскерип турсак, коомдо менин армиям мени коргойт деген ишеним пайда болот.

Нарынбек Алымкулов: Атуулдук сезимди улуу муундун эрдиктеринин мисалында тарбиялап, 23-февралды Мекенди коргоого даярдыкты баалоочу тарыхый күн катары белгилесек, мамлекетибиздин бекемдигине ишеним жаралат эле.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG