Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Коомдук уюмдун сурамжылоосуна катышкан ата-энелердин көпчүлүгү кыргыз армиясына баласын жиберүүнү каалабасын айткан.

Мындай сурамжылоону «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду уюштурду. Ага тартылган ата-энелердин 90 пайызы балдарын армияга жибергиси келбесин айткан.

Изилдөөнү даярдаган фонддун аналитиги Артур Букалаевдин сөзүнө караганда, респонденттер аскерде балдарынын саламаттыгына доо кетээрин, атүгүл киши колдуу болуп же өз жанын өзү кыйып, тирүү кайтпай калышы да мүмкүн деп коркушарын билдиришиптир.

- Экинчиси болсо, азыркы армиянын техникалык жетишсиздиги, аскер окуусу боюнча материалдары менен ыкмалары төмөн болгондуктан көпчүлүк ата-эне армияга баргандан пайда жок, анткени ал жактан алар аскер билимин алып келбейт деген ойдо.

Букалаев кошумчалагандай, акыркы жылдары көбөйүп бараткан зомбулук жана басынтуу фактылары армиянын абройун төмөндөттү.

Бирок Коргоо министрлиги мындай тыянакка макул эмес. Министрликтин башкы штабынын Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Элеманов муну мурда маалыматтар ачыкка чыкпаганы менен байланыштырат:

- Беш-он жыл мурда мындайлар интернетке тарачу эмес. Экинчиден, ал кезде саясат башка болчу – аскердик бөлүктөрдө эмне болуп атканы көп деле коомчулукка айтылчу эмес. Азыр аскердеги зомбулук өсүп баратат, же ылдыйлап баратат деп айта албайбыз. Бизде мындай көп деле суицид маселелери жок. Суицид жасоого аракет бар, ачык (демонстративный) суицид бар.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2009-жылы кодулоонун 26 фактысы катталып, 13 кылмыш иши козголсо, 2011-жылы 23 факт аныкталып, 14 кылмыш иши козголгон. Быйылкы жарым жылда 9 кылмыш иши козголгон.

Аскер прокуратурасынын өкүлү Игорь Павлюковдун айтымында, жоокерлер кодулоо жана зомбулук фактыларын ачык айтуудан корккондон улам тергөө кыйындайт:

- Иш жүзүндө аскер бөлүктөрдүн башчыларында психологиялык жана педагогикалык билим жоктугунан, алар өз убагында аскерлердин арасында болуп жаткан кризистик абалды аныктап жана чечпей жатышат. Куралдуу күчтөр тарбиялоочу сапаты менен мыкты командирлерге муктаж, андан сырткары көп жерлерде бизде штаттык психологдор жок.

Куралдуу күчтөр тармагына Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнөн тышкары УКМК алдындагы Чек ара кызматы, ИИМдин ички куралдуу күчтөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жаза аткаруу департаментинин бөлүктөрү да кирет.

Изилдөөчү Артур Букалаев изилдөөлөрүнөн улам сунуштарынын биринде, атайын кызмат өтөө милдетин жоюп жана кыскартып, ордуна мобилдүү, эффективдүү жана профессионалдуу армия түзүү жагын жазган.

- Алгач стратегиялык максатты иштеп чыгыш керек да. Ал стратегия азыркы учурга байланыштуу болуш керек. Анткени биз армияда ар бир адам кызмат кылууга милдеттүү деп айтабыз. Бирок анын артында "эмне үчүн мен милдеттүүмүн, мен эмнеге күрөшүп жатам?" - деген да суроо туулат.

Коргоо министрлигинин жетекчилиги болсо негизинен аскер системасында кемчиликтер бар экенин мойнуна алып, атүгүл аларды өздөрү ашкерелеп жатканын билдирип, сунуш-пикирлерди угууга даяр экенин да баса белгилөөдө.

Изилдөөчүлөр эл арасында жалпысынан армияга оң карап, уландар өз ыктыяры менен кызмат кылышы керек, андан баш тартуу патриоттук сезим, же жоопкерчилик жок деген көз караш орун алганын да аныкташкан. Тек гана сурамжылоого катышкандардын көбү куралдуу күчтөр азыркы турушунда мындан ары жашашы мүмкүн эмес, аны түп-тамырынан өзгөртүү зарыл деп эсептешет экен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG