Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев кыргыз аскерлеринин азыркы абалы, армиядагы жат көрүнүштөр тууралуу суроолорго жооп берди.



Министр менен маектин радиоверсиясын бул жерден угуңуз.




Сырткы-ички коркунучтар


“Азаттык”: Азыркы кыргыз армиясы, жоокери деген кандай болушу керек? Саны, курал-жарагын, аскердин даярдыгын, дене-мүчөсүн кандай элестетсек болот?

Таалайбек Өмүралиев: Президент алдыбызга кыргыз армиясы чакан, профессионалдуу болуп, заманбап курал-жабдык менен камсыздалып, Кыргызстандын алдында турган коркунучтарга жооп бериши керек деген тапшырма койгон.

Бир жоокер колунда эгер жакшы куралы, кийим-кечеси, мыкты даярдыгы болсо ал 10 жоокердин деле ишин аткарып коёт. Ошондуктан бизге 10 миңдин тегерегинде армия болсо жетет деп ойлойм. Азыр Кыргызстандын Коргоо министрлигинин куралдуу күчтөрүндө 7 миң аскер бар.

Курал-жабдыктар, техника Советтер Союзунан калган. Аларды оңдоп, капиталдык ремонттон өткөрүп колдонобуз. Андан сырткары чет өлкөдөн грант, жардам катары алып келебиз. Коргоо министрлигинин ичинде “Кыргыз курал” деген мамлекеттик ишкана ачканбыз. Ал ишкана да жаңы куралдарды алып келип берет.

“Азаттык”: 1990-жылдары армиянын абалы начарлап, кыргыз жоокерлеринин чыныгы жүзүн Баткен окуясы көрсөткөн деп айтышат.

Таалайбек Өмүралиев: Ооба, Баткен окуясында даяр эмес болчу. Анткени мурун Советтер Союзунан бөлүнгөн армия чоң-чоң коркунучтарга даярданган. Империализмге каршы турчу, Кытайды карап турчу. Ал убакта куралдар, аскердик ыкмалар башка болчу. Азыр таптакыр башкача. Мисалы террорчулукка каршы күрөш чакан, партизандык уруштар болуп эсептелет. Ал жерде тактика таптакыр башкача болот.

Баткен окуясынан кийин баарын анализдеп, 2000-жылдан тарта ийгиликтүү боло баштады. Биз системалардын баарын өзгөртүп жатабыз. Мага чейинки министрлер кудайга шүгүр, армияны реформалоо саясатын жүргүзгөн.
Биринчи сырттан келген коркунучтун, экинчи ичтеги улут аралык, аймак аралык жаңжал өңдүү коркунучтардын алдын алуу керек. Үчүнчү коркунуч бул – табигый кырсыктар.


Азыр биздин армия 75-80 пайызга чейин контракттык аскерлер менен камсыздалган. Аскерлерди топ-топко бөлүп окутуп жатабыз. Куткаруучулар тобу, кармоочулар тобу, буктурмачылар тобу деп бөлүп, тематика менен жоокерлерди үйрөтүп жатабыз.

Аскерлерди даярдоо системасы да өзгөрүүдө. Бизге жоокер контракт менен келип жатса, ага жыл сайын эле бир нерсени кайра-кайра окута берген болбойт. Мисалы көзгө атарларды өзүнчө чогултабыз, наводчиктерди, механиктерди өзүнчө чогултабыз. Бир 10-15 снайпер чогуу машыкса бири-биринен үйрөнөт.

Контракттык негизде кызмат өтөгөндөн кийин айлыгын, социалдык камсыздоону өзгөртүш керек. Көз караштар башкача болуш керек экен. Булар жөнөкөй жоокер эмес экен, чакырып келип тургузуп койсоң тура бергидей. Бул деген ойлонгон, үй-бүлөлүү жоокерлер.

Мурун гезиттерде жоокерлерди үйлөрүнө алып барып иштетип, үй салдырып же дагы башка керегине пайдаланат деп жазышчу. Азыр мындай таптакыр болбой калды. Контракт менен кызмат кылып жаткан жоокерге бар, менин короомду шыпырып кел, деп кантип айтасың? Айта албайсың.

Ошентип системаны кичине оңдосок эле, коррупция жана башка көп көйгөйлөрдүн баары өзү эле чечилет.

Биз айлык берүү системасын да өзгөрттүк. Мурун бизде айлык аз, пайыздык кошумдар көп болчу. Азыр мындай кошумдардын көбүн алып салып, айлыкты көбөйттүк. Анткени эсептөөлөрдүн баары ушундан чыгат. Мурун өкмөт аскер кызматкерлеринин айлыгын 50 пайыз, 100 пайыз көбөйттү деген менен кичинекей эле сумма болуп калчу.


Мыйзамдарды да оңдоо керек болуп жатат. Мурунку чакырма ыкма менен аскерге кабыл алуу менен контракттык негизде чакыруу эки башка экен. Азыр өзүнчө топторду түздүк. Жай айларында мыйзамдарды өзгөртүп-толуктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгып Жогорку Кеңешке жөнөтөбүз.

Курал-жарак менен камсыздоо боюнча ШКУ, ЖККУ жана НАТОнун программалары аркылуу жаңы техника алып жатабыз.

“Азаттык”: Кыргызстанга кайсы тараптан коркунуч бар жана сырттан кол салуунун мизин кайтарууга куралдуу күчтөрдүн чамасы жетеби?

Таалайбек Өмүралиев: Чамасы жеткен үчүн Кыргызстан ушул убакка чейин сакталып турат. “Кошуналарыңа ишенсең да, атты аркандаш керек, уурдап, же дагы башка нерселер болуп кетиши мүмкүн”, деген сөз бар.

Андан сырткары глобалдык деңгээлдеги коркунучтарды көрүп турасыңар. Мисалы Ооганстан. Өзүңөр билгендей, 2014-жылы Ооганстандан НАТОнун аскерлери чыгып кетет. Мен өзүм Ооганстанда болгом. Ал жерде кандай сценарий менен иш башталарын билем. Ооганстандан коркунуч чоң.

Президент алдыга койгон милдеттер боюнча, биринчи сырттан келген коркунучтун, экинчи ичтеги улут аралык, аймак аралык жаңжал өңдүү коркунучтардын алдын алуу керек. Үчүнчү коркунуч бул – табигый кырсыктар. Эми кудай сактасын, жер титиреп, үйлөр урап, эл кырсыкка кабылса биздин жоокерлер куткарганга, кырсыктын кесепетин жоюуга жардам беришет. Анан майда-чүйдө террорчул көрүнүштөр болот, ага биздин атайын бөлүк даяр турат.

Коркунучтардын мизин кайтара турган деңгээлибиз бар. Кыргыз жоокерлери куралы начар болсо да, патриоттук сезими чоң. Милдеттерибизди жыңайлак болсок да аткарабыз. Өзүмдүн аскерлеримдин атынан өлкөнү кайтарабыз, күчүбүз жетет деп айта алам.

“Азаттык”: Армияны каржылоого канча каражат сарпталат, мамлекет бөлгөн каржы бардык кем-карчты жабабы?

Таалайбек Өмүралиев: Бөлүнгөн каражат жетет деп эч ким айта албайт. Экономикабыздын абалын өзүңөр деле көрүп турасыңар. Биз деле түшүнүп көп каражат деле сураган жокпуз. Берген каражат күнүмдүк тамак-аш, айлык ошого эле кетет.

Бизге бөлүнгөн каражаттын санын айта албайм, бул жашыруун болуп эсептелет. Бирок биз сураган суммадан 50 пайыздай эле берилет. Биз эми аскер кызматкерлерибиз. Бизге канча каражат берсе да биз аны үнөмдөп, сарамжал пайдаланууга аракет кылабыз.

Бюджеттен тышкары да акча каражаттары бар. Мисалы мына жакында эле орусиялык базалар үчүн карыз которулду деген Орусиянын Коргоо министрлигинен кат келди.

Дагы башка гранттык жардамдар бар. Мисалы Кытай менен келишим түздүк. Буюрса апрелден баштап биздин офицерлерге 210 батирлүү эки чоң үй куруп бергени жатат. Турак-жай бизде өтө чоң көйгөй болуп эсептелет. Мыйзам боюнча биз офицерлердин баарын турак-жай менен камсыздашыбыз керек.

Түркия менен бир топ сүйлөшүүлөрүбүз бар. Алар менен аскердик форма тигүү боюнча фабрика ачуу, техникаларды, байланыш каражаттарын оңдоо боюнча чакан ишкана куруу пландары бар.

Альтернативдүү кызмат бар. Ал жактан төлөмдөрдөн акча түшөт. Ошол каражаттын эсебинен Баткенде бардык шарттары менен чоң аскердик шаарча курдук. Ушундай эле акчаларга Ала-Букада да шаарча куруп жатабыз. Буюрса ушул жайда бүтүп калабыз деп ойлойм. Ошондой эле, Лейлек, Дароот-Коргон, Чоң-Алайда, Көк-Жаңгакта да куруу максаттарыбыз бар. Керек-жарагыбызга акчаны табабыз. Биринчи кезекте коопсуздук. Коопсуздукту камсыз кылабыз.

Кыргыз жоокерлери чабал болуп кеттиби?

“Азаттык”: Кыргыз армиясына саламаттыгы чабал, бою өспөй калган, билими да тайкы уландар чакырылат деген дооматтар канчалык чын? Колу жука үй-бүлөлөр балдарын убактылуу болсо да курсагы тоюп, кийими бүтөлүп турсун деп армияга жөнөткөнгө ашыгат деп калышат, чын эле ошондойбу? Мисалы статистика боюнча былтыр чакырылган балдардын 33 пайызы жарабай калыптыр.

Таалайбек Өмүралиев: Статистика боюнча 33 пайыз эмес. Эгер андай болсо бул катастрофа болбойбу. Жакында эле бизде, Коргоо министрлигинде жамааттык жыйын өттү. Ошондо коррупцияга каршы күрөш талкууланды. Ошол жерден аскердик комиссариаттардын баяндамаларын уктук. Башка булактардан маалымат алдык.

Эгер аскерге миң киши чакырылса, ошонун эки-үчөө гана жараксыз болот. Бирок чакырылып жаткан уландардын ден-соолугу төмөндөп кеткени чын. Бул маселе мамлекеттик масштабда болуп жатат. Элдин экономикалык абалы, жеген-ичкен тамагы, жашаган жери, шартына карап ден-соолуктары начарлап кетти.

Жакыр кишилер “балам армияга барып, үч маал тамак ичсин”, деп армияга жөнөтүп жатканын мен уга элекмин. Бирок менин колунда бар эле досторум кээде “баламды армияга алып кетчи, ал жактан эркек жамаатта жашап тарбия көрсүн, жашоо көрсүн, болбосо үйгө токтобой калды, компьютерден башы чыкпайт, кээде үйгө түнөбөйт”, деп даттанып калышат. Ушундай максат менен армияга келерин билем. Курсагын тойгуза албай аскерге келиптир дегенди уга элекмин.

Аскерлердин ден-соолугунан да бизде моралдык-психологиялык жактан даярдыгы кооптуу болуп турат. Жакында эле Жогорку Кеңештин комитетинде аскерге чакырыла турган уландарды аскерге, же өзүнчө жашоого даярдоо аксап калганы айтылды. Аскерге чейинки даярдыкты, демократия, балдарды кантип кичинекей кезинен согушка үйрөтмөк элек деп атып 94-жылы жоюп салышкан. Ошондон системалардын баары бузулган.

Батальон-батальону менен качкан учурлар...

“Азаттык”: Соңку жылдары кыргыз армиясында ур-токмоктон мерт болгон, өз жанын өзү кыйган, топ-тобу менен бөлүктү таштай качкан сыяктуу окуялар көп орун алууда. Мунун себеби эмнеде?
1993-жылдары аскерлер батальон-батальону менен качат эле. Кээ бир командирлер аскер бөлүккө келип жоокер таппай калчу. Ошондо мен Кой-Ташта батальондун командири болчумун. Сегиз айлап айлык алчу эмеспиз. Кантип жашап, кантип чыдаганыбызга азыр мен таң калам.


Таалайбек Өмүралиев: Биз бул жерде күнөөлүү эмеспиз деп айта албайбыз. Бизде да чоң күнөө бар. Биз да ушундай көрүнүштөрдүн себебин билип, анын алдын алышыбыз керек. Бирок бул жерде жана мен айткандай психологиялык ден-соолугу чоң көйгөй болуп жатат.

Кыйыныраак жашоого биздин жоокерлер даяр болбой жатат. Сиз айткандай факттар бар. Бирок эл азыр акылдуу, жоокерлер андан акылдуу. Мына жакында эле Бишкек шаарында бир бөлүктөн 15 бала качып кетти. Кетээрине төрт ай калган балдар качты. Алар өздөрүнөн кийин келгендерге ыдык көрсөтүп жатканда офицерлерге кармалып калышкан. Офицерлер да кесиптик жагынан начар болуп алар да кысым кылып койгон, уставдан тышкары мамиле болгон. Качкан балдар укук коргоочуларга айтып, журналисттерди чакырышкан, жөн жерден териштирилбей ызы-чуу чыгып кеткен. Бир эле факт канча сөз болуп кетти.

1993-жылдары аскерлер батальон-батальону менен качат эле. Кээ бир командирлер аскер бөлүккө келип жоокер таппай калчу. Ошондо мен Кой-Ташта батальондун командири болчумун. Сегиз айлап айлык алчу эмеспиз. Кантип жашап, кантип чыдаганыбызга азыр мен таң калам. Азыр офицерлерге бир айлык бербей көрчү, кандай ызы-чуу болот. Азыр болсо кудайга шүгүр. Казармалык бейбаштык менен күрөшүп жатабыз.

Жакында эле курсантыбыз эргүүдөн келип жарым сааттан кийин асынып өлүп калды. Аны да териштирбей туруп эле журналисттер ызы-чуу салышты. Ошондуктан армияда ушундай гана, уруп-сабаган көрүнүштөр бар деген ой кетип калат. Биздин аскер бөлүктөргө каалаган убакта келсеңиздер көрсөтөбүз, абал азыр жакшырды.

Азыр максат чоң. Бул жерден ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип коёт экен. Азыр аскердик окуу жайда көп проблемалар болуп жатат. Мисалы лицейдин башчысы тартибине байланыштуу он баланы окуудан чыгарыптыр. Анан “балдарды кайра окууга киргизгиле, Таалай, эми тентектик кылып коюптур”, деп суранып чалгандардан менин телефонум “кызарып” кетти. Анан мен кийлигишип, командирине “ал балдарды кайра ал”, десем, кийин анан командир ушундай көрүнүштөр менен күрөшөбү? Албетте күрөшпөйт. Ушундан улам душмандарым да көп болуп жатат. Мына ушунун өзү эле коррупция канчалык сиңип кеткенин көрсөтөт. Лицейде таяк жеген эмес, ошолорду уруп окуудан айдалган балдардын ата-энеси арызданып жатат. Бул жерде аскердин эле эмес, коомдун проблемасы көп экени көрүнүп жатат.

“Азаттык”: Бир жоокерге бир күндө канча акча кетет, тамак-ашы, кийим-кечектери жетиштүүбү? Мисалы, жоокер алган калорияны башка армияларга салыштырмалуу айта аласызбы?

Таалайбек Өмүралиев: Биз паек бергенде “бүгүн жоокер печенье жесин, же бүгүн каша жесин”, деп эле бере бербейбиз. Калориянын баарын изилдеп туруп анан тамак-аш түзүлөт. Бизде эки – жалпы аскердик жана талаада берилчү кургак паек берилет.

Салыштырып айтсак, биздин жалпы аскердик тамагыбыз 4008 калория. Казакстандыкы 4300, Орусияныкы 4200 экен. Ошондо өтө деле чоң айырма жок. Кургак паек биздики 3000, казактардыкы 3019, Орусияныкы 3500 экен. Мындан башка тамактардын тоодо берилчү, дарылоочу, суукта жечү түрлөрү бар. Мунун баарын илим изилдөө институттары иликтеп чыккан. Жоокерлер күнүнө 60 сомдун тамагын жейт. Тамактын калориясын көбөйтөлү деген максат бар. Акча табылса күнүнө 200 грамм сүт, бир жумада төрт жумуртка берип турсакпы деп жатабыз.

Эми армия деген курорт, санаторий эмес. Ошондуктан мындай тамактар аскерлер үчүн жетиштүү эле деп ойлойм.

“Азаттык”: Аскерлер азыркы формаларынын сапаты начар экенин, бир-эки жуугандан чыкпай калып жатканына нааразы болуп жатышат. Буга кандай жооп бересиз?

Таалайбек Өмүралиев: Бул дагы эле каражатка байланыштуу маселе. Акчаң аз болгондон кийин кийимдин арзанына качырасың. Жети миң жоокериң болсо, аз акча бөлүп атса аны чоюп барына жеткириш керек болуп жатат. Экинчиден, бул жерде деле коррупция бар. Ал жакты да карап атабыз.

Жакшы материалдан тигилген форма аябай кымбат. Бирок мен жана айтып кеттим, Түркия менен сүйлөшүп, жакшы форма тиккен фабрика ачканы жатабыз. Тердетпей, жел киргизген, бирок суу өткөрбөгөн материалдарды алып келип жаңы, заманбап формаларды тигүү боюнча ишкана ачканы жатабыз. Мен тыл боюнча өзүмдүн орун басарыма тапшырма бердим. Буюрса күзгө чейин аскерлердин кийимин жүз пайыз алмаштырып, сапаттуу форма кийгизебиз.

Чиновниктердин балдарын санабайбыз

“Азаттык”: Армиянын курамынын социалдык тегин иликтедиңиздер беле: канчасы айылдык, канчасы шаардык, канчасы мамлекеттик чиновниктердин же депутаттардын балдары, канчасы жумушчу бүлөдөн чыккан?

Таалайбек Өмүралиев: Биз чиновниктердин балдарын санабайбыз. Социалдык бөлүнүп-жарылуу болбосун дегенден улам андай статистика жок. Анан шаардан келген, айылдан келген деген деле азыр болой калды. Анткени шаарда бүт эле айылдан келгендер жашап жатпайбы. Жаңы конуштардан алып кетсең деле алар шаардык болуп эсептелет.

“Азаттык”: Мурдагы президент Роза Отунбаева моноулуттуу армияны көп улуттуу курамга жеткирүү милдетин койду эле. Бул тапшырма аткарылып жатабы?

Таалайбек Өмүралиев: Эгер улуту боюнча айта турган болсок, 2010-жылы альтернативдүү кызмат, чакырылган кызмат болуп 36 миң 300 кыргыз, 9960 өзбек, 297 дунган, 328 уйгур, 268 түрк, 399 тажик, 115 немис жана башка улуттагылар 560тай улан чакырылган экен. Эгерде элдин санын карап көрсөк бул туура эле болуп жатат.

Баягы ыкчам кызматка келгенде да көйгөй бар. Мына өзүңүз көрүп турасыз, мамлекетте улуттук маанидеги маселелер чоң. Башка улуттагы уландардын ата-энелери баласын аскерге жөнөткөндөн коркот. Ошондуктан алар бүт ыкмаларды колдонуп баласын алып калганга аракет кылышат. Бул үчүн башка улуттагыларды күнөөлөгөнгө болбойт.

Биз атайлап эле “сен өзбек экенсиң, сен уйгур экенсиң”, деп кызматка албай коюп жаткан жокпуз. Кээ бирлер аскердик комиссариаттагы коррупцияга жол берген абийирсиз учурларын пайдаланып, балдарын алып калган учурлар болуп жатат.

“Азаттык”: Жакында эле Жогорку Кеңеште “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Анвар Артыков башка улуттун өкүлдөрүн армияга албай жатышат деп айтып чыкты. Мындай доомат эмнеден улам айтылып жатат?
Биз чиновниктердин балдарын санабайбыз. Социалдык бөлүнүп-жарылуу болбосун дегенден улам андай статистика жок. Анан шаардан келген, айылдан келген деген деле азыр болой калды...


Таалайбек Өмүралиев: Армияга албай жатат деген доомат туура эмес. Кантип албай коёбуз? Тескерисинче армияга алганга киши жетпей жатат. Армияга барам деген уланды колдон-буттан алып сүйрөп кетип жатабыз. Офицердик курамды карасак деле башка улуттун өкүлдөрү көп. Армияда улутка карабайбыз. Улуту, өңү кандай экени бизге баары бир. Жарандык кайсы бир уюмдарда туруп алып басып кетсе болот, бизде болсо тартип бар.

“Азаттык”: Кыргыз армиясы советтик армиянын курамынан чыккандыктан, анын салттарын улап жатса керек. Устав, өз ара мамилелер орусиялык армияныкындайбы же башка, айталык, Түркия, НАТО аскерлеринин да жакшы үлгүлөрүн алып жатасыздарбы?

Таалайбек Өмүралиев: Советтер союзунан бөлүнүп чыккандан кийин, уставдарыбыз, документтерибиздин баары тең ошолордон калган. Биз алардын баарын кыргыз тилине которуп, кыргызча иш жүргүзөбүз. Эми мурунку тажрыйбаны чийип салганга болбойт. Ал аскер тарыхынын бир бөлүгү.

Албетте азыр глобализация болуп башка өлкөлөрдөн жаңы технологияларды албасаң таптакыр артта каласың. Ошол максат менен биз алдыңкы үлгүлөрдүн баарын алганга аракет кылып жатабыз.

Бизде тактика, техниканы колдонуу боюнча НАТОнун инструкторлору иштейт. Байланыш тармагындагы жабдуулардын баары НАТОлук стандарт болуп калды.

“Жыртык” мыйзамдар

“Азаттык”: Аскер прокурорлору армиядагы кылмыштуулукту азайтуу үчүн жазаны катаалдаштыруу керектигин айтып жатышат. Сиз буга кандай карайсыз? Мисалы, олуттуу кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылган аскер кызматкерлери дээрлик жок экен.

Таалайбек Өмүралиев: Бул жерде баягы эле коррупция күнөөлүү. Кээде өзүм үчүн деле принципиалдуу маселелер болуп калат. Тартип бузган, уурдоого жол берген учурларда кээде өзүм чуркап жүрүп сотко жеткире албай калам.

Мына баягыда сооттор урдалды. Курал уурдоо, соот уурдоо принципалдуу маселелер. Алар душмандардын колуна тиет. Ошону өзүм сүйрөп жүрүп сотко жеткире албай койдум. Уурдагандар бар, сатып алгандар бар. Бирок мыйзамыбызда анча-мынча жыртыктар бар экен, ошол жактан чыгып кетишти. Анан коррупционерлерге каршы кантип күрөш жүрмөк эле.

Бизде жазаны катаалдаштыруу керек деген максат жок. Бирок кылмыш болгондон кийин аны тергөөдөн жазалоого чейинки мөөнөттү азайтыш керек. Создуктурбай, актуалдуулугун жогото электе жасалышы керек. Экинчиден, майда, уставдан тышкаркы мамилелер үчүн 4-5 жылга кесип жиберүүнүн кереги жок.

Мурун тартип бузгандарды 10 күнгө камоого командирдин укугу бар болчу. Азыр сот аркылуу деп чечим чыкпадыбы. Ошондуктан майда кылмыштар үчүн жазалоо кыйын болуп калды. Биз аларды 5 жыл, 25 жылга кесип бергиле деген жокпуз да. Ошондуктан ушундай маселелерди сот тез арада чечип берсе жакшы болот эле.

“Азаттык”: Он эки миң сом төлөп, бир айга жетпеген убакыт кызмат өтөө ыкмасын бир жыл кызмат өтөгөн жоокерлер бай-кедейге бөлүү деп баалап, нааразы болуп жатышат. Мындай дооматка негиз барбы?

Таалайбек Өмүралиев: Муну биз бара бара жоёбуз го деп ойлойм. Жойбосок да башка ыкмаларды киргизебиз. Эми биз балдардын аскерге кызмат өтөө деген конституциялык укугун чектебешибиз керек. Бирок бизге анчалык аскерди кармоонун кереги жок. Бизге чакан эле армия керек. Ошондуктан ушул кызматты киргизгенбиз.

Мындай кызматка жылына 5-6 миңдей улан тартылат. Азыр биз муну аябай эле кыскартып жатабыз. Биз азыр ушундай кызматка студенттерди эле чакыралы деп ойлоп жатабыз. Студенттер жаштардын каймагы, аларды патриоттуулукка тарбиялаш керек. Ошондуктан мобилизациялык резервди даярдоону тогуз ай аскердик кафедраларда өткөрүп, андан кийин бир ай машыктыралы деп жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG