Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Кыргызстандын алдында армияны моноулуттуу курамдан көп улуттуу курамга жеткирүү милдети турат.

Бул жөнүндө 28-май күнү президент Роза Отунбаева 29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кесиптик майрамына арналган салтанатта айтты.

Өткөн жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон тополоң-тоз окуяларга кыргыз армиясынын жоокерлери кошо аралашып, калыс турбай, бир улутка жан тартты деген сын-дооматка калган эле.

Көп улуттуу армия зарылдыгы

Кыргыз армиясы өткөн жылы түштүктө болгон коогалаң учурунда оор сыноону башынан өткөрдү. Бүгүнкү күнгө чейин ал окуялардагы кыргыз армиясынын чабалдыгы, кандуу калабаны токтотуп кала албагандыгы катуу сындалып келет.

Экинчиден, жоокерлерге бир улутка жан тарткан деген да дооматтар да артылууда.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 19-жылдыгына арналган салтанатта президент Роза Отунбаева кыргыз армиясынын улуттук курамын өзгөртүү зарылчылыгын баса белгиледи.

- Ош коогалаңына кийин менден жана биздин бир тобубуздан сурап келишет.

Мына, армияга жалаң гана кыргыздар барып жатышат. Бүгүн абал ошондой болууда. Буга түшүнүктүү бир себеп, Кыргызстанда альтернативалык кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондон улам аз сандагы башка улуттардын өкүлдөрүн эске албаганда биздин армия моноулуттуу болуп калууда.

Коргоо министрлиги жакшылап ойлонуп, биз көп улуттуу армияга ээ болушубуз үчүн бул жаатта өз сунуштарын бериши керек.


Роза Отунбаева кыргыз армиясынын күч-кубатын чыңдоого мамлекет орчундуу көңүл буруп жатканын айтты. Маселен, Токмоктогу 8-гвардиялык Панфилов дивизиясы кайра калыбына келтирилди, штабы Ош шаарында жайгашкан Түштүк-Батыш аймактык командачылыгы түзүлдү.

Ошондой эле чалгындоо батальону пайда болгон жана Ала-Бука районуна тоо-аткычтар бөлүгүнүн шаарчасы курулууда. Токмок, Ош гарнизондорунда, Бужум, Кой-Таш калктуу аскер бөлүктөрүндө аскердик шаарчалар пайдаланууга берилди.

Күчтүү армия кандай болот?

Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин Коргоо жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы Исмаил Исаков күчтүү армия кандай болушу керектигин айтууда.

- Качан армия күчтүү болот? Качан гана мамлекет жакшы камкордук көрүп, үй, айлык-акы, кийим, ошондой эле курал жарак менен толук камсыз кылганда гана армия күчтүү болот. Эгер булардын бирөө эле болбосо, андай армия алсыз.

Эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдары кыргыз армиясына дээрлик көңүл бурулган эмес. Биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда бир катар парламентарийлер "Кыргызстанды ким басып алмак эле, армиянын эмне кереги бар" деп чыгышкан.

Кыргыз армиясы 1999-2000-жылдары Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери Баткен аймагына кирип келгенде чоң сыноону баштан өткөрдү. Даярдыгы начар, тоо шартында согушуунун көзүн билбей, ондогон кыргыз жоокерлери курман болду. Баткен согушу кыргыз бийлигин армиянын курал-жарагын чыңдап, күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө аргасыз кылды.

Аскерде кызмат кылгандардын арасында кылмыштуулуктун токтобой жатканы да учурда көйгөйлүү маселе. Аскер прокуратурасы да чек ара аскерлеринде кылмыштуулук көбөйгөнүн белгилөөдө. Мындай терс көрүнүштөн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Роза Отунбаеванын да кабары бар сыяктанат.

- Армиянын духу жогору болушу биз үчүн өтө маанилүү. Армияда уруп-согуу, “дедовщина”, акча чогултуу деген болбош үчүн жүрүм-турум да жогору болуш керек. Армияда урат, өлтүрүп койот дегендерди биз турмушубуздан таптакыр алып салууну каалайбыз.

Баланын кубанычы

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кесиптик майрамынын алдында 50 офицер үйлүү болду. Беш-Күңгөй айылында жаңы курулган 50 батирлүү үйдүн ачкычтарын аскер кызматчыларына президент Роза Отунбаева өзү тапшырды.

Жаңы үйдүн ачкычын алгандардын бири, Коргоо министрлигинин Аскер ооруканасынын кызматкери, подполковник Абубакир Абдрахманов 12 жылдан бери аскер кызматында дарыгер болуп эмгектенет, үч баланын атасы.

Абдрахмановдун өзүнөн да мурда үйлүү болгонуна тестиер кызы Каныкей өзгөчө кубанычта болууда. Ал качан үйлүү болобуз деп санаа чегип жүрчү экен.

- Мен коркуп жүргөм да кандай болот экен деп... Ушул күн келди. Бул үй чоң. Эми жаңы үйгө көчөбүз. Атам айтып жүргөндөй эми баары жакшы болот.

Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. Анын катарында бүгүнкү күндө 16 миңдин тегерегинде аскер кызмат өтөйт. Кыргыз армиясы сан жагынан да, сапат жагынан да Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен артта экендигин серепчилер белгилешет.

Маселен, Өзбекстан 2008-жылы ички дүң жыйымдын 4 пайызын армиясына сарптаган, бул болжол менен 1,1 миллиард доллар болот. Ал эми сан жагынан алсак, Өзбекстандын армиясы 70 миң, Казакстандыкы 50 миң жоокерден турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG