Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева армияга кайрылып, кризис маалында коопсуздукту көздүн карегиндей сактоого чакырды.

Аскер жетекчилери ар кандай коркунучтарга каршы тура аларын, армияда абалдын жакшырып жатканын билдирди. Бирок адистер кыргыз армиясынын техникалык жактан да, моралдык жактан да эскирип бүткөнүн белгилөөдө.

Бишкектен жогору тоо төшүндөгү Кой-Таш аскер бөлүгүндө өткөн аскер жыйында президент Роза Отунбаева кыргыз армиясын "өлкөнүн эгемендигинин ажырагыс бөлүгү" деп атады.

Кыргызстан Конституциясы боюнча президент куралдуу кучтөрдүн колбашчысы болуп саналат. Отунбаева бүт дүйнөдө олку-солку болуп турганда куралдуу күчтөрдүн мекен алдындагы жоопкерчилиги өскөнүнө көңүл бурду:

- Жалпы дүйнө үчүн өтө оор кырдаал өтүп жатат. Сиздер деле Европада каржылык каатчылык, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада кандай окуялар болуп жатканын көрүп жатасыздар. Буга кошумча болуп табигый апааттар жалпы дүйнөнү канчалык башаламандыкка салып жатат. Мына ушундан улам жыл өткөн сайын дүйнөдөгү абалдын жеңилдебей, тескерисинче биздин коопсуздукту көздүн карегиндей сактоону талап кылып жатканын айтсак болот. Ошондуктан биз ар дайым күтүлбөгөн нерселерге даяр турушубуз керек.

Ошол эле кезде Роза Отунбаева кыргыз армиясын моноулуттан көп улуттуу курамга айландыруу зарылдыгын белгиледи:

- Бүгүнкү күндө армия ооруп жаткан оорулар - биздин коомдун ооруп жаткан илдеттери. Мисалы, мектептерде рэкет көйгөйү болсо, армияда "дедовщина" болгону биздин коомдун ушундай абалда экенинен кабар берет. Менин пикиримде мындай абалдан биз бири-бирибизге кол сунуп, биргелешип чыгууга аракет кылышыбыз зарыл. Муну менен катар бул оорулардын бар экенин жашырып-жаап, жабылуу аякка айландырбашыбыз зарыл.

Жардам көбөйдү, жаңылануу аз

Коргоо министри Абибулла Кудайбердиев кыргыз армиясындагы абал мурдагыдан кыйла жакшырып жатат деп ишендирүүдө.

Былтыркы жылдагы апрель окуяларынан соң өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө кошумча 245 миллион сом которулса, эл аралык донорлор тарабынан 20 миллион доллардан ашык техникалык жардам көрсөтүлгөн. Муну менен катар армияны реформалоо иштери тездетилип, анын курамынын 70 пайызы келишимдик негиздеги адискөй аскерлерден куралды:

- Армияны даярдоо темасын бир аз өзгөртө алдык, жакшырттык десек болот. Көптөн бери мүмкүнчүлүк жок, даярдалбай калган экипаждардын баарын даярдай алдык, БМП, танктардан атуу жана башка предметтерден сабактар өткөрүлдү. Андан сырткары Коргоо министрлигинде 70 пайыздан ашык профессионалдуу армияны түзө алдык. Бирок эми адискөй армиянын деңгээлине жетиш үчүн өздүк курамды даярдашыбыз керек.

Акыркы жылдарда Кыргызстандын армиясы тыңып калганын Коргоо министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Токтогул Какчекеев да белгиледи.

Анын айтымында, 20 жылдан бери талоонго түшкөн куралдуу күчтөргө жардам берүү жаңыдан гана башталды:

- Биздин армияны талабаган киши калган жок. Мамлекетти кандай талашса, мына армия да ошол жолго түшүп калган. Мисалы, 1990-жылдардын башында армиядагы үч авиаполк сатылып кеткен. 1999-жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү бизге кол салганда тик учагыбыз жок, бармакты тиштеп отурганбыз. Мына ошондой абалдан армияны жаңы нукка алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат. Атап айтсак, 70 пайыз келишимдеги аскер болуп жатат. Кыргызстандын түндүгүнө көзөмөл кыла турган Панфилов атындагы гвардиялык дивизия калбына келтирилди. Ала-Букада тоо аткычтар бригадасы ачылып жатат.

Анткен менен кыргыз армиясынын техникалык да, моралдык жактан да эскиргенин айткандар четтен чыгат. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов Кыргызстанда бүгүн армиянын аты болгону менен заты жок деп эсептейт:
Жыл өткөн сайын дүйнөдөгү абалдын жеңилдебей, тескерисинче биздин коопсуздукту көздүн карегиндей сактоону талап кылып жатканын айтсак болот. Ошондуктан биз ар дайым күтүлбөгөн нерселерге даяр турушубуз керек.

- Биз армияны мамлекеттик символ катары көрүп жатабыз. Майрам күндөрү аянтка чыгып, аскерлер басып, бронотехниканы жүргүзүп койсо эле биз "мына ушул армия" деп жатабыз. Бүгүн кара күч менен душманды жеңебиз деген болбогон нерсе. Бизге кечээ күнкү эмес, бүгүнкү заманбап аскердик техника жана курал-жарак менен жабдылган армия керек. Армияда аскердик стратегия керек. Ошондуктан кур сөз менен бир-бирибизди мактап коюу бизге жарашпайт.

Ушул тапта кыргыз куралдуу күчтөрүндө 15 миңдей жоокер кызмат өтөйт. Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту жарыялаган отчетко караганда, 2010-жылга карата Борбор Азиядагы мамлекеттер арасынан кыргыз армиясы аскерий техникалары жагынан бир гана Тажикстандан бир аз алдыда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG