Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:29

Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө коргонуу кубаты жагынан чабал катары таанылган. Бирок бул өлкөдө 100дөн ашуун генералдар бар. Серепчилер генерал деген наамдын баркы кеткенин айтууда.

Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында мурдагы ички иштер министри депутат Болот Шер генерал-лейтенант наамынан баш тартты. Былтыркы апрелден кийин ага министр да, ага удаа генерал да наамы берилген. Ушул эле Жогорку Кеңештин 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссиясы Жаныш Бакиевди, Мурат Суталиновду жана Сагынбек Курманалиевди генералдык наамдарынан ажыратууну сунуштады.

Ага карабай Кыргызстанда киши башына эсептегенде генералдар саны боюнча алдыңкы катарда деп калп-чыны адистер айтып жүрүшөт.

20 жылда 30 генерал

Милициянын дээрлик бардык тепкичтерин басып өтүп, лейтенанттан генерал-лейтенантка чейин жеткен Өмүрбек Кутуевдин пикиринде, азыр жогорку чиндин баркы да, наркы да кетти. "Эмгегиңе, каармандыгыңа карабай генералдык наамды берген өнөкөт болуп кетти", – дейт Кутуев.

Кыргызстанда офицердик бардык тепкичтерди басып өтүп, чыныгы генералдык наамга арзыган 43 гана генерал бардыгын, калган тармактарда берилген чин наркы-баркы жоктугун генерал Өмүрбек Кутуев кошумчалады.

Ошол эле учурда милиция органдарында канча генерал, канча полковник бар экени жашыруун сыр катары айтылбасын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Эсен Салиев билдирди.

Ал эми Кыргызстандын Коргоо министрлигинде эгемендүүлүктөн бери отуз адам генералдык наам алганын, учурда 3 генерал кызмат өтөп жатканын министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Асел Ожураева белгиледи.

Улуттук гвардиянын мурдагы жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев сот, прокуратура, бажы жана башка кызматтарда да ондогон генерал пайда болгонун, мунун өзү да генерал деген аттын "чалдыбарын чыгарып" жатканын сынга алды.

Генералдар клубу толукталууда...

Туңгуч президент Аскар Акаевдин администрациясында коопсуздук кеңештин катчысы болгон Болот Жанузаковго да генерал-лейтенант наамы ыйгарылган. Кээ бир жерде он чакты кишини башкарганы үчүн аскердик жогорку даража ыйгарылганы адилетсиздик болгон деген пикирлер угулат. Ал эми Жанузаков өзү мындай наамга татыктуу эмгеги менен жеткенин айтып жүрөт.

Аскар Акаевдин учурунда 10 миңге жете бербеген жоокери бар армия башчысы, коргоо министри Эсен Топоевге армия генералы деген наам ыйгарылганы кызык. Аскердик эреже боюнча 30-40 миң жоокери болгон армия жетекчисине гана мындай наам берилет дешет адистер.

Ички иштер министрлигинин интернет-сайтындагы "Генералдар клубуна" элүүгө жакын генерал мүчө экени, клубдун төрагасы генерал Садырбек Думанаев экени жазылып жүрөт.

Мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исаков болсо жогорку офицерлерди даярдоо да ары түйшүктүү иш, мамлекет үчүн жогорку даражалуу аскер адистери зарыл деп эсептейт.

Өлкөнүн мамлекеттик коопсуздук кызматында бул тушта 4 генерал кызмат өтөөдө. Генерал Мирослав Ниязов мурдагы бийлик учурунда жогорку чиндеги офицердик наамдар мекенге кылган кызматы үчүн берилбей, тууган-укуктарга, дос-тааныштарга берилип калган деди.

Бишкектин тургуну Ислам Исраилов болсо чакан жан экономикасы чабал Кыргызстанда жүздөн ашуун генерал, аларга мамлекет төлөөчү акылар жана пенсиялар казынага кыйла оордугун салып жатса керек кабатыр болууда.

Кеңеш доорунда Ички иштер министрлигинде 4-5 гана генерал болгонун, мындай жогорку наам Москвадан гана берилип турганын адистер белгилеп жүрүшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG