Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

CASA-1000 долбооруна үмүт чоң


10-майда Ооганстан президенти Ашраф Гани Тажикстанга расмий сапар менен келди. Ал Душанбе шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүү өткөрдү. 11-майда региондогу бир катар мамлекеттердин лидерлери CASA-1000 долбоорунун Тажикстандагы бөлүгүнүн ачылышына катышмакчы.

Ооган президенти Ашраф Гани Тажикстанга эки күндүк сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташуусу, регионалдык коопсуздук, терроризм жана баңгизаттарын ташууга каршы биргелешип күрөшүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Ашраф Ганини ооган өкмөтүнүн мүчөлөрү коштоп келди. Алардын катарында Ооганстандын тышкы иштер министри Салахиддин Раббани, энергетика жана суу министри Али Ахмад Османи, башкы прокурор Фарид Хамиди жана улуттук электр компаниясынын башчысы бар. Сапардын жыйынтыгында бир катар келишимдерге, анын ичинде соода-экономикалык кызматташууга байланыштуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Тажик президенти Эмомали Рахмон жолугушуудан кийин тараптар террорчулук, баңгизаттарына каршы күрөштө пикирлеш экенин, президенттер жыл сайын эки жолудан жолугушуп турууну белгилешкенин билдирди:

- Эки тарап ислам дүйнөсүндө пайда болгон маселелерди чечүүгө даярдыгын билдирип, ислам мамлекеттеринин кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөрүүнү макулдашты. Биз дүйнөдөгү тартип жана жүрүм-турум Бириккен Улуттар Уюмунун борбордук ролун эске алуу менен болуш керек жана ал регион жана жалпы дүйнөгө пайдалуу болот эсептейбиз.

Ооган президенти Ашраф Гани өз кезегинде Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда эки тарапты алыстата турган эч кандай проблема жок экенин белгилеп, CASA-1000 долбоорун ал жеке өзү колдоого аларын билдирди:

- CASA-1000 бул жөн эле долбоор эмес. Бул - символ, биздин эркибизди көрсөтүүнүн символу. CASA чачыраган Азияны кайрадан бириктирет. Мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгына кызмат кылып жаткан энергетикалык системалар эми жалпы региондун пайдасына да иштейт. CASA долбоорунун ар бир метри Тажикстан, Кыргызстан, Ооганстан жана Пакистанды байланыштырат. Келечекте ага Индия да кошулат деп үмүттөнөм.

Өткөн жылы Тажикстан менен Ооганстандын соодасынын көлөмү 104 млн долларды түзгөн. Эгерде CASA-1000 долбоору ишке кирсе, эки мамлекеттин соода алакасы бир топ көбөйөрүндө талаш жок.

Ооган президенти өзү символ катары көрүп жаткан CASA-1000 долбоорунун Тажикстандагы бөлүгүнүн ачылыш аземине катышат. 11-майда боло турган бул иш-чарага Пакистан жана Кыргызстандын өкмөт башчыларынын катышуусу да белгиленген. Кыргызстандан ага адегенде президент Алмазбек Атамбаев барат деп белгиленип, бирок андан кийин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун барары кабарланды.

Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан каржыланган CASA-1000 долбоору аркылуу Кыргызстан жана Тажикстандан электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоо каралган.

Жай мезгилдерде энергияны экспорттоодо Тажикстанда мүмкүнчүлүк болгону менен, Кыргызстанда азыркы кезде андай мүмкүнчүлүк такыр жок. Тескерисинче, Кыргызстан өзү жай мезгилинде Тажикстандан, кыш жана жаз мезгилдеринде Казакстандан электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп отурат. Быйылкы жылы республика Казакстандан 218 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алууну макулдашкан.

Ал эми Тажикстандан былтыр 225 миллион киловатт саат, 2014-жылы 240 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алган.

Ошондуктан Кыргызстандын CASA-100 долбооруна кошо турган салымы жок. Президент Алмазбек Атамбаев Душанбеге барбай калышынын себеби да ушул жакта жаткандай.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG