Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Кумтөр: экологиялык доо сотто карала баштады


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Кумтөр кени боюнча төрт жылдан бери коюлуп келаткан экологиялык доо карала баштады. Анда өкмөт 2012-жылдагы мамлекеттик комиссиянын корутундусуна таянып, канадалык компаниядан 7 миллиард сом доо талап кылууда. Кыргыз өкмөтү компания кенди иштетүүдө экологиялык нормаларды одоно бузуп, айлана-чөйрөгө зыян тийгизген деп эсептейт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын “Кумтөр Голд компаниге” каршы доо арызы 12-майда Бишкектин райондор аралык сотунда карала баштады.

Арыз 2012-жылдагы Кумтөрдүн экологияга зыянын изилдеген мамлекеттик комиссиянын материалдарынын негизинде даярдалып, ошол жылы эле берилген.

Бирок "Кумтөр Голд" компаниясы маселени эл аралык Арбитраждык сотто кароону сунуштаган. Ошондон бери доо арызды кароонун жол-жобосу талашып-тартышылып отуруп, быйыл гана Жогорку Сот аталган арыздар Кыргызстанда каралышы керек деген чечим чыгарган.

Давыдов мөңгүсү
Давыдов мөңгүсү

Мамлекеттик инспекциянын өнөр жай коопсуздугу жана тоо кендерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Максат Абдуллаев “Азаттыкка” берилген арыздарды төмөнкүчө санап берди:

- 2012-жылы мамлекеттик комиссия иштеген учурда бир катар мыйзам бузууларды аныктаган. Анын негизинде биздин инспекция тиешелүү мамлекеттик орган катары сотко кайрылганбыз. Анда төрт багыт боюнча доо берилген. Анда эң биринчиси - калдыктарды муздун үстүнө таштоо, экинчиси - жер катмарын бузуу, үчүнчү - эсепке алынбаган уу заттарды калдык сактоочу жайга төгүү жана төртүнчү - сууга акы төлөнгөн эмес деген төрт багыт боюнча арызданганбыз.

Абдуллаев бул төрт арыз боюнча жалпысынан 7 миллиард сом талап кылынып жатканын кошумчалады.

Фрэнк Херберт
Фрэнк Херберт

Ал эми Кумтөрдү иштеткен “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнүн экологиясы боюнча доосуна макул эмес. Өткөн апталарда “Азаттыкка” маек курган “Центерранын” президенти Фрэнк Херберт экологиялык доо боюнча компаниянын позициясы өзгөрбөй турганын билдирген:

- Биринчи – Кумтөр боюнча экологиялык доо. Бир нече жылдан бери экологиялык доолор боюнча сотторго катышып жүрөбүз. Алардын суммасы жүз миллиондогон долларды чапчыды, биздин көз карашыбызда бул негизсиз жана өз кызыкчылыгыбызды коргой беребиз.

Ошондой эле “Центерра Голд” кенди казууда бардык нормаларга шайкеш иш жүргүзөрүн айтып келет.

2012-жылы түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркингүл Иманкожоева өкмөттүн шалаакылыгынан, экологиялык доону кароо атайын создуктурулуп келген деген пикирде:

- Сот процессинин создугушу өкмөттүн күнөөсүнөн болуп жатат. Анткени 2012-жылы сотко беришкени менен ошол кездеги вице-премьердин оозеки буйругунун негизинде өздөрү кайтарып алышкан. Ошонун негизинде сот жүрбөй келген болчу. Мунун негизинде убакыттан уттуруп, создугуп келатат.

Кумтөрдөгү экологиялык доо арыз боюнча сот башталганы менен кенди иштетүү жана Кумтөрдү башкаруу стратегиясы боюнча өкмөттүн позициясы белгисиз бойдон калууда. “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Карыбек Ибраев өкмөт алгач өз позициясын тактап алышы керектигин айтат:

- Бул маселе боюнча өкмөттүн бирдиктүү, так позициясы жок болуп жатат. Буга чейин айтылгандай биргелешкен ишкана түзүлөбү же азыркы формада иш уланабы белгисиз. Ошондуктан алгач болуп өкмөт өзүнүн позициясын аныктап, андан соң кайсы бир кадамга барганы туура болот эле

Буга чейин Кыргыз тарап менен “Центерра Голд” 50/50 пайыздык үлүштөгү биргелешкен компанияны түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келсе, быйыл жыл башында кыргыз өкмөтү бул сүйлөшүүлөрдөн чыккан.

Май айынын башында Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик “Кумтөр Голд компанинин” экологиялык нормаларды аткарбаганы үчүн уруксат кагаздарды узартпай, экология боюнча жаңы доо берерин билдирген. Эгерде уруксат кагаздары узартылбай калса Кумтөрдөгү кен казуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG