Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

"Кумтөр" компаниясы эл аралык көз карандысыз гляциологдордон турган топту чогултуп, Давыдов мөңгүсүн, Ак-Шыйрактагы Петров жана башка мөңгүлөргө салыштыруу жүргүзүп, жалпы жоготуулар боюнча маалымат таратты.

Чакырылган эксперттер Кумтөр кенинин айланасындагы Давыдов жана Петров мөңгүлөрү Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн беш пайызын гана түзөт, бул анчалык деле коркунучтуу эмес. Эки мөңгүнүн эришине бүткүл дүйнөдө күндүн ысып жатышы да себеп болууда деген ойлорун кошумчалашкан.

Эл аралык көз карандысыз гляциологдор Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү башка жайга жылдырса болорун жана ал жалпы мөңгүлөрдүн эсебинен беш пайыз гана жоготууга учурарын жарыялашты.

Жергиликтүү экологдор Кумтөрдөгү ар кыл жардыруулар, муздарды бир орундан экинчи жайга көчүрүү мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин билдирүүдө.

Илимдер академиясынын “Геоприбор” илимий инженердик кен байлыктарды негиздөөчү институтунун директору Исакбек Торгоевдин айтымында, бул өтө опурталдуу маселе:

Кумтөрдөгү муз

Кумтөрдөгү муз

- Бул таптакыр акылга сыйбаган көрүнүш. Кыргызстандын суу фондун түзүп, кылымдардан бери топтолгон Петров жана Давыдов мөңгүлөрүнүн көлөмү 700 миллион куб метр болчу, учурда 200 миллион куб метри гана калды. Мөңгүнү ошентип талкалап бүтүштү, ал эми сульфат кислоталары аралашкан оор металлдар төгүлүп жаткан муз аралаш калдыктар 2 миллиард тоннаны түзөт. Канадалыктар кеткенден кийин анын баары эрип, Ысык-Көлгө жана Нарын дарыясына куюлат. Мына, ошол баарынан коркунучтуу.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бир жерден экинчи жайга ташылып жаткан калдыктар жайында баткакка айланып, көчүп жатканын айтууда. Ал топтолгон калдык карьерге жакындап, тосмо койгонуна карабай курулган заводдордун баарын иштен чыгарып жатканын айтты:

- Андай эле мөңгүлөрдү сактайбыз десе, аларды кесип, бийик жайга алып барышса болмок да. Оор зат аралашкан калдыктарды топурак менен кошо чыгарып, аралаш төгүп жатканы мөңгүлөрдүн тез эришине себеп болуп жатпайбы. Ал тигинтип көрүнгөн жерден көчүп жатат. Учурунда эл аралык комиссиянын корутундусуна каршы өзүбүз түзгөн комиссиянын төрагасы болгом. Ошондо да эгер биринчи баскычта ушуну кылып жатса, экинчи этапта Давыдов мөңгүсүнөн эч нерсе калбайт деп эскерткем. Өткөн жылдын отчету боюнча "Центерра" жарыя кылды, анда көрсөтүлгөндөй алтындын кору көп эле. Эгер аны акчага которо турган болсок, төрт миллиард долларды түзөт экен. Аны казып бүткөнчө биз Давыдов мөңгүсүнөн ажырап калышыбыз мүмкүн.

Кумтөр

Кумтөр

"Кумтөр" компаниясынын өкүлдөрү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал эми Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын бөлүм башчысы Абдымалик Эламанов пландуу текшерүү жүргүзгөн учурда Кумтөр кенинде айрым экологиялык нормалардын бузулганы аныкталганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө суу байлыгын бүт дүйнө коргоого алып жатканда биз эч нерсе кыла албай четте гана карап турабыз. Анткени Суу кодексиндеги 62-беренени өзгөртүү керек. Кумтөрдө азыр күнүнө он миң тонна музду жылдырып жатышат. Бүткүл дүйнөлүк глобалдуу күндүн жылышы мөңгүлөрдү эритип жатат деген жомокту токтотуш керек, анында кандайдыр бир деңгээлде тийгизген терс жактары бардыр, бирок чыгарылган калдыктардын төгүлүп жатканы боюнча мен өкмөткө өз отчетумда баарын билдирдим.

Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун маалыматында, Суу кодекси боюнча мыйзам ушу күнгө чейин чечиле элек жана нормалардын бузулушу боюнча чара көрүүгө мыйзам жол бербейт.

- Биздин башчыларыбыз, депутаттарыбыз буга чейин жоопкерчилик албай келген, азыр да ошол эле "мамайдын көрү" болуп отурабыз. Суу кодексин өзгөртмөйүн канадалыктарга эч нерсе кыла албайбыз, буга саясий эрк гана керек. Же келишимди денонсация кылып, ал болбосо улутташтырууга барышыбыз керек. Албетте улутташтырууга эч ким даай албайт, анткени эл аралык соттор аркылуу канадалыктар болгон компенсацияны талап кылса, төлөй албайбыз деп азыр кол куушуруп гана отурабыз. Биздин жол башчылар буга жоопкерчилик алышы керек, ошондо маселе чечилет.

Белгилүү болгондой, Кумтөрдүн айланасындагы маселелер боюнча көпчүлүк экологдор өз пикирлерин ачык айта албай келишет. Алардын айрымдары мамлекеттик мекемелерде иштегенин айтып шылтоо кылса, кээ бирлери "Центерранын" позициясын колдогон ойлорун ачык эле айтышат.

Ал эми массалык маалымат каражаттарынын дээрлик басымдуу бөлүгү "Кумтөр" компаниясынын ишмердигин мактаган макалаларды беришет, анын себеби айтпаса да белгилүү.

Кумтөрдөгү эрип бараткан мөңгү. 10.10.2012

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG