Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жетекчилигинин ортосунда Кумтөр алтын кени боюнча кезектеги сүйлөшүү башталды.

«Чубактын кунундай чубалган» Кумтөрдүн тагдыры эмне болот деп коомчулук кулак түрүүдө. Кыргыз тарап мамлекеттин кызыкчылыгына төп келе турган макулдашууга жетише алабы, өкмөт кандай талаптарды коюшу зарыл, ага жетүү үчүн кандай кадамдарды жасашы керек ж.б. көптөгөн суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздө жооп табууга аракет кылабыз.

Талкууга «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева жана геология жана минералогия илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов катышты.

"Азаттык": Токон мырза, сиз кыргыз өкмөтүнүн бул убакка чейинки сүйлөшүүлөрүнүн баарына катышкансыз, күңгөй-тескейин жакшы билесиз. Кыргыз өкмөтү тараптан бул жолку сүйлөшүүлөрдө эмнеге басым жасаш керек, кайсы жол менен барышыбыз керек деп ойлойсуз?

Токон Мамытов: Мен оюм боюнча бир-эки маселе талкууланат болушу керек. Өткөн жылдын март айындагы сүйлөшүүгө катыштым эле анын аягында биздин талаптарды жазуу жүзүндө бергенбиз, бирок ушул убакка чейин айрымдары эле болбосо, калгандарына жооп алган жокпуз. Ушул маселени кайра көтөрүш керек. Мындан сырткары эмиссия жөнүндө маселе болот. Үчүнчүсү - кечээги (19-январь) талкуу эмнеге алып келди, мындан ары эмне кылабыз деген маселелер көтөрүлөт деп ойлойм.

"Азаттык": Эркингүл айым, сиз депутат болуп турганда «Центерраны» ийге келтирүүнүн бир жолу Кумтөр келтирген экологиялык зыяндарды тактап, сот аркылуу моюнга коюу деген пикирлерди көп айттыңыз эле. Кендин пайдасын Кыргызстандын кызыкчылыгына чечүүнүн башка да жолу барбы?

Эркингүл Иманкожоева: Чынында, экологиялык маселе, анын ичинде суу, мөңгү көйгөйү турат. Мен депутат болуп турган кезде эки мамлекеттик комиссияга мүчө болдум. Биринчисин өзүм жетектесем, экинчисин азыркы премьер – министр Темир Сариев башкарган. Мына ошондо эки комиссиянын корутундусунда экологиялык маселелер кандай оор зыяндарды алып келип жатканын, башка мыйзамсыз иштерди жасап жатканын далилдеп бергенбиз. Мына ушул боюнча бир канча сунуштарды айтканбыз. Кумтөр эл аралык уюмдардан текшерсин деди эле, макул болуп өкмөт алардын акчасын төлөп берди, эл аралык эки уюм да бир топ сунуштарды айткан. Ушул убакка чейин биз койгон талаптарды Кумтөр аткарбай келет. Бул эмне деген сөз? Бул Кыргыз мамлекетин “Центерра” тоготпой жатат деген кеп!

Парламентте турганда мен бир канча жолу айтып чыгып, сотко бердик эле, анысы да узакка созулуп кетти. Ошол убакта экологдор өкмөт сотко берген арызыңарды кайра артка кайрып алгыла деп жатканын айтып чыгышты. Мен ошондо парламентте “эгер кимде ким, премьер-министрби же башкабы, соттогу арызды кайра алгыла десе, алар кыргыз элинин душманы” деп ачык эле айтып чыккам. Ушул убакка чейин баягы сот процесси эмне болуп жатат, дайыны жок, эмне үчүн мамлекет болуп туруп, талкаланган муздарыбыздын чыгымын алалбайбыз, зыянын өндүрө албайбыз? Алар кеткенден кийин ким төлөйт? Дүйнө жүзүндөгү тажрыйбага таянсак, экологиялык чыгым боюнча маселе коюлса биздин пайдабызга чечилет эле.

"Азаттык": Кубат агай, Кумтөр 2015-жылы 16 тонна алтын өндүрсө, 2016-жылы 14 тонна алабыз деп болжолдоп жатат. Бул цифралар алтын кору дагы 10 жылдан кийин түгөнөт дегенге негиз түзүүдө, деги анын келечеги кандай?

Кубат Осмонбетов: Кумтөрдөн 19 жылдан бери кен казылууда. Өндүрүштө жыл сайын ар кандай боло бериши мүмкүн. Бир жылы 18 тонна, экинчи жылы 24 тонна боло берет. Алтындын баасы дүйнөдө кандай болсо ошого жараша да өзгөрүшү мүмкүн.

Ушул убакка чейин Кумтөрдөн 320 тонна алтын казылып алынды. Биз убагында ал жердеги алтындын кору-запасы 716 тонна алтын бар деп бергенбиз. Айрым болжолдоо-эсептөөлөрдө миң тоннага чейин чыккан.

Келишим түзгөн 1993-жылдан бери биз аларга жеңилдик берип эле келатабыз. Алардын сураганынын баарын аткарып турдук. Ошонун негизинде алар Лысый деген мөңгүдөн 10 миллион куб метрди башка жакка которууга уруксаты бар болчу. Кийин Давыдов мөңгүсүнүн үчтөн бирин уруксаты жок эле өздөрү талкалап коюшту. Азыр жер үстүндөгү алтындын кору 50 тонна гана калды.

"Азаттык": Токон мырза, президент Атамбаев, өкмөт башчы Сариев да Кумтөр маселеси өтө эле саясатташып кетти, анын экономикалык, экологиялык алкакта гана чечишибиз керек деп айтты эле. Анын төркүнү эмнеде, анын механизмдери кандай? Маселени чечүүнүн жолун эмнеден көрүп турасыз?

Токон Мамытов: Маселенин төркүнү 2009-жылы өзүбүз кол коюп, парламенттен бекитип, конституциялык палатадан өткөрүп койгонубузда болуп жатат. Ошонун азабын бүгүн тартып жатабыз. Эми бул абалдын кантип чыгабыз? Менин оюмча, эң биринчи, азыр өкмөт башчысы экономика министри болуп турганда мамлекеттик комиссияны жетектеп, баарын текшерип чыккандан кийин 40-50 пункттан турган сунуштарды, талаптарды жазып чыгышкан. Ошол корутундуда айтылгандарды азыр кайра коюш керек. 2015-жылдын мартында “Кыргызалтында” болгон сүйлөшүүлөрдө да ондон ашык талаптарды койгонбуз, аларды кайра көтөрүш керек.

Эркингүл Иманкожоева: Биздин өкмөттө чечкиндүү бир кадам болуш керек. Парламентте да келтирген зыянды төлөп бергиле деп бир да депутат чыкпайт. Азыр маселени коркпой эле айтып чыгуу керек. Бизде маселе көтөрүлгөн сайын алар жетекчилерин алмаштырат, ушуну менен “Центеррада” алтынчы жолу директор алмашты. Менимче, соттук териштирүүлөрдү улантуу керек. Сот менен чечилбесе, башка жол менен болбойт. Муздар боюнча дагы өзүнчө чоң маселе көтөрсөк болот.

"Азаттык": Азыр өкмөт сунуштап жаткан токтомдун долбооруна ылайык, эгер кенди иштеткен компания мөңгүлөрдү буза турган болсо, ар бир метр чарчы муз үчүн 10 сом компенсация төлөйт деп жазылыптыр...

Эркингүл Иманкожоева: Аны кайсы эксперт чыгарыптыр, уяты жок экен. Биз жыйырмадан ашык экологдорду, эксперттерди чакырып баарын эсептеп чыкканбыз, эсептөө методикасын аныктаганбыз. Ал даяр, өкмөткө бергенбиз. Ошону албай, болбогон башка нерсени сунуштап жатканы уят эле нерсе.

"Азаттык": Кубат агай, Кумтөрдөн түшкөн таза кирешени бөлүшүү аркылуу маселени чечүү, же 50-50 пайыздык үлүш аркылуу биргелешкен ишкана сунуштары бар, деги кандай вариант Кыргызстан үчүн пайдалуу болмок?

Кубат Осмонбетов: Кыргызстан үчүн Кумтөрдүн алтыны жоголгон. Азыркы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпайт го деп корком. Анткени ушундай туңгуюкка өзүбүз алып келдик, “Центерранын” колтугуна кирип алдык. 50-50дөн болгондо деле пайда жок. Алтындын кени түгөнүүдө...

"Азаттык": Токон мырза, 17-декабрда Канаданын Торонто шаарындагы “Центерранын” директорлор кеңешинин кезексиз жыйынында 4,6 миллион эмиссия чыгаруу чеими кабыл алынган. Кошумча акция чыгаруу Кыргызстандын “Центеррадагы” 32,7% үлүшүн 32,1% чейин түшүргөн. Муну кандай түшүнсөк болот?

Токон Мамытов: Бул биздин эсебибизден өздөрү тарткан чыгымдарын жабуу аракети десек болот. Азыркы сүйлөшүүлөрдүн алдында ушундай кадамдарга барышы туура эмес болуп калды.

"Азаттык": Деги Кумтөр маселесинде кыргыз өкмөтү өз алдынча чечим чыгарууга кудуреттүүбү? Сырткы күчтөрдүн, мамлекеттердин, трансулуттук корпорациялардын таасири барбы, болсо канчалык?

Токон Мамытов: Эми менде тигил же бул мамлекет, трансулуттук корпорация деген маалымат жок. Бирок, Кумтөрдөн сүт-май ичкендер албетте болушу керек. Эл дагы ушуну билгиси келип жатпайбы...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG