Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Дастан Сарыгуловго сый жана сын


Дастан Сарыгулов.
Дастан Сарыгулов.

Кыргызстанда айрым коомдук-саясий жана маданий ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү Дастан Сарыгуловду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүп, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдоду.

70 жашка таяп калган коомдук ишмерди "бийликти күч менен басып алууга камынган" деген берене менен козголгон кылмыш иштери жана “Кумтөргө” байланыштуу жаңы жагдай боюнча мындан он күн мурун атайын кызмат камакка алган эле.

Өткөн кылымдын 90-жылдары "Кыргызалтынды” узак убакыт жетектеген, мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда кыска мөөнөткө мамлекеттик катчы болгон Сарыгуловду сындагандар да, сыйлагандар да арбын.

Дастан Сарыгуловду үй камагына чыгаруу тууралуу кайрылууда анын улуттук тарых менен маданиятка кошкон салымын, бир канча жыл мамлекеттик жогорку кызматта жүргөнүн эске алуу өтүнүчү айтылган.

“Эркин эл” партиясынын теңтөрагасы Айбек Мырза мындай өтүнүч менен кол топтоо уланып жатканын "Азаттыкка" билдирди:

Кумтөрдүн алтыны
Кумтөрдүн алтыны

- Бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер анын камалганы туура эмес болду деген пикирин билдирип жатат. Бул киши коомдо болуп жаткан адилетсиздикке кайдыгер карабай өз пикирин айтып жүрөт. Ушундай аксакалды ден соолугунун начардыгына карабай, тергөө абагына отургузуп кордоп жатканын туура эмес деп ойлойм.

Сарыгуловдун адвокаты Акын Авазбековдун маалымдашынча, анын саламаттыгы күндөн-күнгө начарлап жатат:

- Анын саламаттыгын текшерген дарыгерлердин баары эле ооруканага жаткыруу керек деп жазып жатат. Бирок ага карабай УКМК ооруканага которбой жатат. Мен аны менен күнүгө эле жолугуп жатам. Бүгүн эртең менен да ооруканага алып келип, кайра алып кетишти.

Дастан Сарыгулов менен Леонард Хоменюк кол койгон. Мына ушинтип көзөмөл жок болгондон кийин өз билгендерин кыла беришкен. Эми анда канча акча кимге, эмнеге кеткенин айтуу кыйын.
Орозбек Дүйшеев

Дастан Сарыгулов 1970-жылы Ленинград инженер-курулуш институтун бүтүргөн. Союздун тушунда өндүрүш-курулуш тармагында иштеп жетекчилик орундарга чейин жеткен, партиялык жооптуу кызматтарды аркалаган.

1991-1992-жылдары алгач Талас облустук кеңештин төрагасы, андан кийин Талас облустук администрациясынын башчысы болгон.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп 1992-1999-жылдары иштеген. Ошол кездеги Аскар Акаев менен мамилеси келишпей, ыйкы-тыйкы боло баштаганда кызматтан алынган.

2005-жылы март ыңкылабына чейин оппозициялык маанайда жүргөнү менен коомдук-саясий турмуштан алыстап калган. Курманбек Бакиев жаңы президент болгондо мамлекеттик катчы болуп дайындалып бир жылдай гана иштеген. Ошондон бери кыргыздын тарыхын жана маданиятын, улуттук баалуулуктарын изилдеп, китеп жазып ушул тармак менен алектенип калган.

Сарыгуловго доомат

Дастан Сарыгуловдун аты ушул жазда оппозициячыл маанайдагы адамдардын сүйлөшүүлөрү тымызын тартылып-жаздырылып алынган делген аудио-видеотасмаларга байланыштуу дүңгүрөдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул фактылар боюнча "бийликти күч менен басып алууга камынган" деген берене менен кылмыш иш козгоп бир катар адамдарды камакка алган. Анда Сарыгуловго да айып тагылып, үй камагына чыгарган эле. Бирок 13-июнда "Кумтөргө" байланыштуу жаңы жагдай боюнча деген негизде тергөө абагына камакка алынды. Буга “Центерра Голд” компаниясынын мурунку жетекчиси Леонард Хоменюктун көрсөтмөсү негиз болгону маалымдалды.

Эгер Хоменюк отуруп алып каалаган адамына көрсөтмө берсе, анда 25ке жакын премьер-министр болгон адамдарын, президенттердин баарын камаш керек болот.
Равшан Жээнбеков

Хоменюк баш прокурордун суроосуна жооп катары жазган катында “Сарыгулов 1991-1999-жылдары “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасын жетектеп турган кезде ошол кездеги бийликтин атынан ар кандай максатта "Кумтөрдөн" тынымсыз акча алып турган” деп билдирген.

"Кумтөр" боюнча Дастан Сарыгуловго доомат арбын эле айтылып келген. 2013-жылы ошол кездеги экономика министри Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия 1992-2009-жылдардагы "Кумтөр" боюнча мыйзамсыз иштерге аралашкан деген 20га жакын адамдын атын атаганда Сарыгулов сап башында турган.

Дастан Сарыгулов “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө келгенде ал дооматтардын баарын четке каккан жана өз жүйөсүн келтирген:

- Мен “Кыргызалтынды” жетектегенде бул ишкана “Кумтөрдүн” өндүрүш-технологиялык жагдайын гана чечкен. Калган маселелерге тийиштүү министрликтер жооп берген. Бул келишимге өкмөт толук курамы менен кол койгон. Эгер мен ошондой бейбаштык кылсам өкмөт мени жоопко тартат эле да. Бул болбогон сөз.

Анткен менен Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, "Кумтөр" адеп иштегенден тартып Кыргызстандын башкаруусунан чыгып кетишине Сарыгулов себеп болгон:

Орозбек Дүйшеев
Орозбек Дүйшеев

- 1992-1994-жылдардагы башкы келишимде Жогорку Кеңештин сунушу менен "Кумтөрдү" башкаруу үчүн, Кыргызстандын көзөмөлүндө болушу үчүн “Кумтөр голд компаниде” тогуз кишиден турган директорлор кеңеши түзүлүшү керек болчу. Анын алтоо кыргыз тараптан болушу керек эле. Аны түзбөй койгонго эки эле киши – Дастан Сарыгулов менен Леонард Хоменюк кол койгон. Мына ушинтип көзөмөл жок болгондон кийин өз билгендерин кыла беришкен. Эми анда канча акча кимге, эмнеге кеткенин айтуу кыйын.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, Сарыгулов “Кыргызалтынды” эң ийгиликтүү жана натыйжалуу башкарганын ошол кездеги саясий элитанын баары билет:

- Сарыгулов “Кыргызалтында” иштеп турганда “Кыргызалтын” өлкөдөгү эң көрүнүктүү ишкана болгон. Эгерде ошол кездеги каржылык балансын карай турган болсок, түшкөн пайдасы жана эсебиндеги акчасы бүгүнкү күндө биздин оюбузга да келбегендей суммада болгонун көбү билет. Сарыгуловдун сарамжалдуулугу, ишке жоопкерчиликтүү мамилесин ошол убактагы жетекчилер жакшы билчү. Бүгүнкү күндө Сарыгуловду Хоменюктун 200 миң доллар боюнча айткандарынан улам күнөөлөп жатат. Эгер Хоменюк отуруп алып каалаган адамына көрсөтмө берсе, анда 25ке жакын премьер-министр болгон адамдарын, президенттердин баарын камаш керек болот.

Дастан Сарыгулов “Кыргызстан демократиянын аралы” деп аталып жүргөн маалда анын ишин сындаган журналисттер менен соттошкон, айрымдарын каматкан алгачкы аткаминерлерден болгон.

XS
SM
MD
LG