Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

КУУ: жамаатты жаатташтырган шайлоо


Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университет
Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университет

Кыргыз улуттук университетинин окутуучулук-профессордук курамын шайлоодо мыйзамсыздыкка байланыштуу чатак ырбады.

Анткени шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган комиссиялардын корутундусуна карабастан ректор өз буйругу менен өтпөй калган талапкерлер үчүн сынактын экинчи айлампасын жарыялады.

Бирок нааразы талапкерлер тобу кайра башынан сынак жарыялап, буга чейинки мыйзамсыздыктарга жол берген окуу жай жетекчилигин, билим берүү министрин жана тармакты караган вице-премьер-министрди кызматынан кетүүгө чакырык таштады. Билим берүү министри ректордун кемчилигин моюнга алып, ага сөгүш берилгенин жана учурда абалды жөнгө салууга аракеттенип жатканын айтты.

Парламент комитети таап чыккан мыйзамсыздыктар

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети түзгөн депутаттык жумушчу топ “улуттук университетте профессордук-окутуучулук орундар үчүн өткөн сынактар одоно мыйзам бузуу менен коштолгон” деп корутунду чыгарган. Ошондой эле анда окуу жайдын окумуштуулар кеңеши жобону бузуу менен түзүлүп, акыйкатсыздыкка жол берген фактылар аныкталганы көрсөтүлгөн. Бул фактыларды кийин түзүлгөн мекемелер аралык комиссия да ырастаган.

Сариева жакында көз карашын өзгөртүп, мыйзамсыз өткөн шайлоону мыйзамдаштырууга алып бара турган көрсөтмө бергени ачыкка чыгып отурат. Башында башканы айтып, кийин башкача чечим кабыл алууга барган бул эмне деген кош стандарттуулук?
Турусбек Маразыков

КУУнун профессору, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыков бул тууралуу мындай деди:

- Парламенттин тиешелүү комитети мыйзам бузууга жол берген ректор Адамкулованын ээлеген кызматына шайкештигин кароону, мыйзамсыз түзүлгөн окумуштуулар кеңешин легитимсиз деп табууну жана профессордук-окутуучулук курамдын шайлоосун толугу менен жокко чыгарууну корутундусуна киргизген болчу. Бирок башында ошого жараша чечим кабыл алынат деген министр Сариева жакында көз карашын өзгөртүп, мыйзамсыз өткөн шайлоону мыйзамдаштырууга алып бара турган көрсөтмө бергени ачыкка чыгып отурат. Башында башканы айтып, кийин башкача чечим кабыл алууга барган бул эмне деген кош стандарттуулук?

Сынакты жокко чыгаруунун “ыңгайлуу” усулу

Бир эмес, эки комиссия текшерип, мыйзамсыздыктарды аныктаганы менен болуп өткөн сынактын жыйынтыгы жокко чыккан эмес. Анын ордуна билим берүү министри Элвира Сариева менен окуу жай ректору Чынара Адамкулова өтпөй калган талапкерлердин ортосунда сынактын экинчи айлампасын уюштуруу чечимин кабыл алышкан. Буга нааразы болгон педагогика илимдеринин кандидаты Рахат Сулайманова муну мыйзамды тебелеген көз боёмочулуктун уландысы катары белгиледи:

- “Өтпөй калгандар азыр эми кайра тапшырсын” деп жатышат. Андай болбойт да. Комиссия сынактарды өткөрүүнүн тартиби бузулганын жана окумуштуулар кеңеши туура эмес түзүлгөнүн аныктап чыккандан кийин анын жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылышы керек эле. Ал эми бул жерде бир жагынан мына ошол комиссия сунушун аткарган болуп, бирок кайра эле сынактардын жыйынтыгы күчүндө калып жатпайбы. Анда эмнеге комиссиялар муну иликтеп, ага баа берди эле. Бул жагы логикага туура келбей калды.

Ошол эле кезде педагогика илимдеринин доктору Гүлмира Карабалаева окуу жайдын кафедрасында эң жогорку балл алганына карабастан тизмеге илинбей калганын айтты:

- Мен докторлук диссертациямды жактагам. Сынактар болуп жаткан учурда аны беките элек болчумун. Ошондуктан мен мурдагы доценттик кызмат ордум үчүн эле ат салышкам. Биздин кафедрада мен 380 деген эң жогорку балл алдым. Бирок мени өткөзүшкөн жок. Ошол эле кезде менден бир топ төмөн балл алган окутуучулар сынактардан ийгиликтүү өтүп, тизмеге илиништи. Мен эмнеге мындай чечим болгонуна түшүнгөн жокмун. Эгерде сынактын жыйынтыгы боюнча шайлоо болсо, анда эмнеге ал көрсөткүчкө карашкан жок. Мына ушунусу мага түшүнүксүз.

“Тазалануунун” таза эмес жолу?

Буга чейин окуу жайдын жетекчилиги реформа жүргүзүүнүн алкагында профессордук-окутуучулук курамды оптималдаштыруу демилгесин көтөргөн. Ага ылайык академиялык кызмат орундары үчүн сынактарды өткөрүү жагы каралган. Жобо боюнча сынакты университеттин окумуштуулар кеңеши өткөрүп, тандап алууну жабык добуш аркылуу жүргүзөт. Окумуштуулар кеңешинин курамы мына ошол сынактардын астында чукулунан жаңыланып, кайра түзүлгөн. Анын курамын бекитүү жана кеңештин легитимдүүлүгү боюнча да нааразы тарап кийин Билим берүү министрлигине даттанган болчу.

География илимдеринин кандидаты Рысгүл Токторова ректор окумуштуулар кеңешине мүчө студентке кимге добуш берүүгө алдын ала көрсөтмө берген сыяктуу одоно фактылар катталган учурларга көңүл бурулбай жатканын мисал келтирди:

- Бир студентти окумуштуулар кеңешине киргизишип, анан ага тизме берип, добуш берүү учурунда мына ошол көрсөтүлгөн фамиляларды чийип салуу боюнча ректораттан көрсөтмө болгон. Бул тууралуу аталган студенттин биздин колубузда түшүнүк каты бар. Бул тууралуу ал тиешелүү комиссияга дагы көрсөтмө берген. Бирок мына ушундай одоно фактылар чыкканына карабастан билим берүү министри Сариева менен социалдык тармакты караган вице-премьер-министр Кудайбердиева ага көңүл бурган жок. Анан убакытты созуп, ректордун жоопкерчилигин кароо маселесин кечеңдетип жатышат.

Ректор дооматтарды четке какты

Бирок мындай дооматты Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулова четке какты. Ректор Адамкуловага сынактарды уюштуруудагы кетирилген кемчиликтер үчүн билим берүү министри ага сөгүш жарыялоо менен гана чектелген. Ошол эле кезде парламент комитетинин жумушчу тобунун сунушу четте калган.

Ректор Адамкулованын айтымында, сынакты толук жокко чыгарбастан, анын экинчи айлампасын гана өткөрүү чечими мекемелер аралык комиссиянын сунушу менен Билим берүү министрлигинен макулдашуудан өткөн:

- Мекемелер аралык комиссия келгенде ошол жактан мыйзам бузуулар болгон жердеги сынактардын жыйынтыгы гана жокко чыгарылып, калгандары кала берсе болот деген сунуш болгон. Билим берүү министрлиги болсо ошонун негизинде бизге сынактардын айлампасын өтпөй калып, нааразы болуп жаткандар үчүн гана уюштурууга макулдук берген. Азыр жаңы көрсөтмө боюнча биз сынактарды жарыялап, анан окуу жылы ачылгандан кийин өткөзөлү деп турабыз.

Билим берүү министри Элвира Сариева Жогорку Кеңеште
Билим берүү министри Элвира Сариева Жогорку Кеңеште

Бирок билим берүү министри Элвира Сариева нааразы топ менен жолугушууда буга ачык жооп бере албады. Быйыл 29-августта кайрадан сынак өткөрүү чечими кабыл алынган. Билим берүү министри Элвира Сариева сынак өткөрүүнүн шарттарын кайра карап чыгуу боюнча гана ректор Адамкулованын наамына кат жөнөтүлгөнүнө токтолду:

- Биз эми туура эмес өткөн шайлоону кайрадан өткөрүү керек деген гана көрсөтмө бергенбиз. Анан жанагы окумуштуулар кеңешинин курамын бизден бекитүүдөн өткөргүлө дегенбиз. Андан кийин жарыя берип туруп, бир ай ичинде сынак өткөргүлө деп ректорго кат жөнөттүк. Эң башкысы азыр жаңы окуу жылы бул окуу жайында үзгүлтүккө учурабашы зарыл.

Азыркы учурда окуу жайдын эмгек жамааты экиге бөлүнүп калган абал пайда болду. Анткени сынактан өткөн окутуучулар менен өтпөй калгандардын ортосунда тирешүү орун алып, эки тарап тең нааразылык акциясына чыгууга даяр экенин айтышууда. Ректор Адамкулова окуу жайдын студенттери кескин азайып, ага ылайык ондогон мугалимдер кыскарууга дуушар болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

XS
SM
MD
LG