Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Улуттук университеттеги сынак чыры


Нааразылыкка чыккан окутуучулар.
Нааразылыкка чыккан окутуучулар.

Кыргыз Улуттук университетинин айрым окутуучулары нааразылык акциясына чыгышты. Алар окуу жайдагы мугалимдерди тандоо боюнча сынак адилетсиз өтүп, жетекчиликке жакпаган мугалимдер атайылап кулатылганын билдирүүдө.

29-июнда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдында 20дан ашуун адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Алар окуу жайда болуп өткөн окутуучуларды конкурстук негизде тандоо жараянынын жыйынтыгына нааразы болушту.

Акцияга чыккандардын бири, сынактан кулатылган педагогикалык факультеттин мурдагы деканы Рахат Сулайманова конкурс адилетсиз өтүп, жетекчиликтин сөзүнөн чыкпаган окутуучулар гана жогорку упайларга ээ болуп жатканын билдирди:

- Биздин кафедра боюнча алты штаттык бирдикке жети адам талапкерлигин койгон. Арасында доценттик наамы барлардан экөөбүз гана болчубуз. Доценттиги да, кандидаттыгы да бар, рейтинг баллы эң жогору болуп туруп, мен кечээ күнкү окумуштуулар кеңешинде сынактан өтпөй калдым. Мага ректор сөз бербей койду. Кеңештин чечими кайра каралбасын деп айтты.

КУУнун окутуучулары сынак шартына нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Пикетчилер окуу жайдын жетекчилиги, анын ичинде ректор айрым кызматкерлерди негизсиз куугунтуктап жатканын айтышты. Ошондуктан сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Сынактын максаты

Университет жетекчилиги болсо нааразы тараптын дооматтарын четке кагууда. Ректораттын жүйөсүндө, университеттеги конкурс окутуучулардын сапатын жогорулатууга багытталганын жана талаптарга төп келбегендер сынактан кулатылды.

Окуу жайдын коомчулук менен байланыш боюнча координатору Жолдошбек Бузурманкуловдун айтымында, конкурстук комиссияга окуу жай жетекчилиги менен катар жарандык коомдун өкүлдөрү кирип, ачык-айкын өткөрүлдү:

- Нааразы болгондордун айткандары туура эмес. Сынакты өткөрүүдө комиссияга окуу жайдын бардык факультеттеринин жетекчилиги, башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү мүчө болгон. Анын жыйынтыгын бир эле ректор же проректор кабыл алган жок. Конкурстан кулагандар өздөрүнүн билим деңгээлинин жогорулатпай, эч кандай илимий эмгек жазбай жүрүп алып, эми кулаганда нааразы болуп чыкканы туура эмес.

Улуттук университеттин башкы имараты
Улуттук университеттин башкы имараты

Ал эми конкурсттук комиссиясынын мүчөсү болгон Бектурсун Байсабаев окуу жай жетекчилигинин мугалимдер арасында тандоо өткөрүү зарылчылыгын мындайча түшүндүрдү:

- Быйыл окуу жайда керексиз, бири-бирин кайталаган адистиктерди жоюу жараяны болуп жатат. Анын алкагында сегиз миңге жакын студент аз кабыл алынат. Мунун негизинде биз окутуучулук жамаатты да карап чыгып, биздин талапка жооп бербеген окутуучуларды кыскартууну пландаганбыз. Ошондуктан атайын талаптар иштелип чыгып, сынак өтүп жатат. Ким жогору упай алса өтөт, албагандардын жумуш орду каралат. Сынакка башка окуу жайдан деле мугалимдер катышты. Мында кайсы бир адамга карата кугуунтуктоо жок.

Реформа талап кылган университет

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өлкөдөгү эң алгач түзүлгөн жана ири окуу жайлардын бири. Анда учурда 30 миңге жакын студент билим алат.

Акыркы жылдары Советтер союзу учурунда билим берүүнүн флагманы аталган университеттин айланасында чыр токтобой келатат. Өткөн жылдары ректорду шайлоо боюнча чыр чыгып, бир жылдан ашык окуу жай жетекчиси дайындалбай турган.

Мындан улам адистер окуу жайды реформалап, билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек дейт билим берүү жаатындагы адис Алмазбек Акматалиев:

- Мындай жагдай ректорду шайлоодон башталып, бул процесс окуу жай жамаатына таасирин тийгизди. Мунун баары университетти реформалоо зарылдыгын көрсөтүүдө. Ошондуктан окуу жай өзгөрүүлөргө барып, кадыр-баркын көтөрүшү керек.

Өткөн жылдары Европалык илимий-өндүрүштүк палата дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардагы билимдин сапаты боюнча иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы алдыңкы делген университеттердин катарына Борбор Азиядагы Америка университети, Кыргыз-түрк “Манас”, Кыргыз-орус славян университети сыяктуу башка өлкөлөр каржылаган окуу жайлар кирген.

Ал эми өлкөдөгү негизги мамлекеттик окуу жай өз жамаатындагы талаштарга чекит кое албай келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG