Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

Жогорку билим берүүгө арналган "Times Higher Education" басылмасы дүйнөдөгү жүз мыкты университеттин рейтингин жарыялады. "Өңүт" программасы мыкты окуу жайлардын сырын иликтейт.

Ага ылайык, эң мыкты университеттердин саны боюнча Кошмо Штаттар биринчи, Британия экинчи орунда турат. Экс-советтик өлкөлөрдөн бир да окуу жай жок.

Британиялык басылма университеттерге бааны окумуштуулар арасындагы кадыр-баркына жараша берген же алардын орду жогорку окуу жайларда 16 жылдан ашык иштеген жана кеминде 50 илимий эмгеги жарыяланган 17 554 окумуштуу-профессорлорду сурамжылоонун негизинде аныктаган.

Эң мыктылар: АКШнын Гарвард университети менен Массачусетс технологиялык институту, Англиянын Кембриж университети, Калифорниядагы Стэнфорд университети, Калифорниядагы Беркли университети жана Англиянын Оксфорд университети. Жалпылап алганда, дүйнөдөгү эң мыкты 100 окуу жайдын 44ү Кошмо Штаттардыкы, 10у Британияныкы.

АКШ университеттеринде даркан илимпоздор иштейт

Билим берүү боюнча илим доктору Дүйшөн Шаматов экс-советтик өлкөлөрдөн, атүгүл Орусиядан бир да университеттин “Дүйнөдөгү 100 мыкты окуу жайдын тизмесине” кошулбай калганын мыйзам ченемдүү көрүнүш деп санайт.

Дүйшөн Шаматов Йеменде чыгармачылык сапарда. 17-февраль, 2011.

Дүйшөн Шаматов Йеменде чыгармачылык сапарда. 17-февраль, 2011.

- Себеби Түндүк Америка, Европага катар Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндө билим берүү тармагы абдан өнүгүүдө.

Түштүк Кореяда жана Жапонияда алдыңкы тизмедеги ЖОЖдор бар. Анын себеби: биринчиден, ЖОЖдордогу окутуучу-профессорлордун сапаты бийик; экинчиден, аларда дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүнөн келген күчтүү студенттерди тандап алганга мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, АКШнын эң мыкты деген 44 университетине дүйнөнүн ар кайсы жагынан эң мыкты студенттер келет. Ошого жараша бүтүрүүчүлөр да жакшы жумушка орношо алышат. Үчүнчүдөн, илимий изилдөө иштеринин сапаты мыкты университеттерде жогору. Анткени аларда залкар профессорлор, Нобель сыйлыгынын лауреаттары иштешет. Алар билимдин сапатына чоң салым кошушат.



Дүйшөн Шаматов өзү аспирантураны Канаданын атактуу Торонто университетинде окуп, илимдин доктору диссертациясын же Батышта айтылгандай - PhDни ошо жерде жактаган. Торонто университети “Таймс” түзгөн дүйнөдөгү мыкты жогорку окуу жайлардын тизмесинде 16-орунда турат.

АКШнын Юта университетинде сабак берген илим доктору Бакыт Абдрисаев Батыш университеттеринин 100 жылдап калыптанган кадыр-баркы бар экенин айтып, чынында алар финансылык жактан жакшы каржыланганын, акча илимий изилдөөлөрдү кенен жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берерине токтолду.

Москвадагы атактуу Ломоносов университети былтыр “Таймстын” тизмесинде 33-орунду алган болчу. Экс-советтик мейкиндиктеги атактуу университеттин 100 мыктыга кошулбай калуусун Ломоносов университетинин ректору Виктор Садовничий рейтингдин жаңы методологиясына байланыштуу болсо керек деп түшүндүрөт. Ошол эле учурда академик Садовничий окуу жайдын илимий кадыр-баркынын төмөндөп кетүүсү акыркы жыйырма жылда университет илимий изилдөөлөр үчүн жетишсиз финансылык көмөк алганын айтат.

Маалымат үчүн: АКШнын университеттеринде азыр Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын 70 проценти иштейт; дүйнөдөгү мыкты делген илимий-техникалык эмгектердин 30 проценти жана эң көп шилтеме жасалган илимий публикациялардын 40 проценттен көбү АКШда жарыяланат.

Экс-советтик ЖОЖдордун кемчилиги эмнеде?

“Таймс” түзгөн мыкты 100 университеттен Москва мамлекеттик университетинин чыгып калуусун кыргыз илимпозу Алтай Бөрүбаев критерийдин кемчилигинен жана кандайдыр бир саясий оюндардан көрөт.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

- Критерий бир жактуу каралган. Бул жерде да “саясат жыттанып” тургансыйт. Себеби былтыр 33-орунда турган Москва мамлекеттик университети быйыл 100 эң мыктынын тизмесине кирбей калуусу мүмкүн эмес. Бир жыл ичинде Ломоносов атындагы университетте илимий изилдөө төмөндөп кетти, же билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетти дегендин өзү - абсурд.

Академик Бөрүбаевдин пикирине кыргыз парламентинин мүчөсү Равшан Жээнбеков кошулбайт:

- “Рейтинг чыгарууда саясат бар” деген туура эмес көз караш. АКШнын университеттери теориялык жактан да, практикалык жактан да дүйнөдө эң мыкты. Муну ЖОЖдорго илим-билимдин сапаты жагынан баа берген журналдардын, илимий борборлордун изилдөөлөрү эмес, практика да көрсөтүүдө. Мисалы, Орусиянын ЖОЖдоруна дүйнө жаштары аз барышат да, Батыштын, өзгөчө, АКШнын ЖОЖдоруна көп барышат. Себеби аларда сапаттуу, дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде конвертация болчу (таанылган) дипломдор берилет.



Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин (Высшая школа экономики) проректору Сергей Рощин орусиялык окуу жайлардын "Таймс" түзгөн 100 мыкты университеттин катарына кирбей калганына таң калбайт. “Ал үчүн чыныгы академиялык ийгилик, илимий ачылыштар, эл аралык сыйлыктар, жарыяланган эмгектерге шилтемелердин көп болушу абзел. А биз азырынча аны менен мактана албайбыз”, - дейт Сергей Рощин "Комсомольская правда" гезитине курган маегинде.

Математика илимдеринин доктору Алтай Бөрүбаев окумуштуулардын чет өлкөлөргө кетүүсү да Орусиянын, жалпы эле пост-советтик мейкиндиктин университеттеринде илимдин сапатына тескери таасир этти дейт:

- Мында бир топ факторлор бар. Биринчиден, акчанын төмөндүгү; Экинчиден, иштөө шарты төмөн: лабораториялар жок жана башка көйгөйлөр бар.

Батыш университеттеринде акчага баа алуу мүмкүнбү?

Равшан Жээнбеков экс-советтик өлкөлөрдөгү, анын ичинде университеттердеги коррупция да окуунун сапатына тескери таасир эткенине көңүл бурду.

- Тилекке каршы Орусияда мурда жакшы ЖОЖдор болгон. Бирок 1990-жылдардан кийин коррупция Кыргызстандагыдай эле Орусиянын билим берүү тармагын талкалап кетти. Мен АКШда окуп жүргөндө өзүмдүн курсташтарыма, мугалимдериме: "бизде зачетту, экзаменде бааны сатып алат. Силерде кимдир бирөө акча берип, баа алышы мүмкүнбү?” деп сурасам, алар бул суроону түшүнүшкөн да жок.

Равшан Жээнбеков 2009-жылы Массачусетс технологиялык университетинин магистратурасын бүткөн. Бул институт “Таймстын” изилдөөсү боюнча азыр дүйнөдөгү экинчи мыкты жогорку окуу жай деп саналат.

Гүлжан Арслан кызы Британиянын эле эмес, дүйнөнүн мыкты окуу жайларынан эсептелген Оксфорд университетин жана Лондон экономикалык мектебин-университетти бүткөн. Бул эки окуу жайда экзаменден акча төлөп өтүп кетүү такыр эле мүмкүн эмес. "Анын үстүнө жакшы ЖОЖго конкурс да чоң", - деди ал “Азаттыкка” курган маегинде.

Нуржигит Кадырбеков да Американын жана Жапониянын жогорку билим берүү системасы менен тааныш. "Батыш университеттерине акча төлөсө эле ала берет деген кеп чындыкка сыйбайт. Курстук иш Батыш өлкөлөрүндө Кыргызстандын университеттериндегидей берилген теманы илимий эмгектерден көчүрүп алуу эмес; студент теманы изилдеп чыгып, ал боюнча бүтүм жасоо", - дейт Н.Кадырбеков.

Гүлжан Арслан кызынын айтышынча, британ университеттеринде курстук иш же эссени китептен көчүрүп алганга жол берилбейт:


Оксфорд университети

Оксфорд университети

- Көчүргөнгө мүмкүн болбойт. Анткени мугалимдер баарыбыздын ишибизди кылдат текшерет. Эгер көчүрүп алганың билинип калса, аябай жаман баа берилет. Анан университеттен чыгарып салат.

Кыргызстандын университеттеринде окуунун сапаты начарлап, студенттерге талаптын төмөндөп кетүүсүнө, талдоочулардын айтышынча, 1990-жылдары окуу жайлардын филиалдарын шаар дегендин баарында ача берүү да чоң залакасын тийгизген.

Мыкты университеттердин студенттерди тандап алганы, абитуриенттер арасында жакшы университетке өтүү үчүн конкурс күчтүү экени эзелтеден калыптанган салт. Гүлжан Британиянын университеттерине, анын ичинде өзү аяктаган Оксфорд университетине өтүүгө сынак өтө чоңдугун белгилейт. Ал Оксфорд университетине тапшырып жатканда, бир орунга 8-9 абитуриент ат салышкан.

Окутуучулук жана окуунун сапаты

Нуржигит Кадырбековдун байкашынча, АКШ жана Жапонияда университеттердин окутуучулары арасында атаандаштык күчтүү жана илимий иштерге талап абдан жогору; коррупциянын жоктугу да окуунун сапатына, демек университеттин кадыр-баркына таасир этет.

Сайтама университетинин профессору Юшинори Кобаяши роботторго арналган көргөзмөдө робот менен конокторго шоколад таратып жүрөт. Токио. 29-июль, 2010

Сайтама университетинин профессору Юшинори Кобаяши роботторго арналган көргөзмөдө робот менен конокторго шоколад таратып жүрөт. Токио. 29-июль, 2010

- Окутуучулук өтө жооптуу кесип. Кыргызстанда ЖОЖду бүткөндөр, кээде жумуш таппай калгандар деле университетте мугалим болуп иштей берет. АКШ, Жапония жана башка өнүккөн өлкөлөрдө окутуучу болуш үчүн сөзсүз түрдө PhD же докторлук диссертация жактоо зарыл. Бизде илимий даражаны сырттан окуп жүрүп деле алып жатышпайбы, иликтөөчү болуп. Батышта сөзсүз университетке (аспирантурага) кирип, окуп, иштеп, кайсы бир тема боюнча диссертация жактайсың. Анда да темага тиешелүү жерге барып, материал топтоп келип, изилдөөсүн жактап, такшалып адис болуп чыгып жатпайбы! Экинчиден, аларда коррупция жок.

Нуржигит Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Кийин АКШ Мамлекеттик департаментинин жаш окумуштууларды алмашуу программасы боюнча Канзас мамлекеттик университетинде бир жыл билимин өркүндөткөн. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүрүп, өкмөттүк программа боюнча конкурстук негизде тандалып, Жапонияда Кобэ университетинин магистратурасын мамлекетти башкаруу жана эл аралык мамилелер боюнча аяктаган.

Мыкты 100 окуу жайдын катарында Жапония жана Нидерландиядан бештен университет бар.

Азиядан Кытайдын, Гонконгдун, Түштүк Кореянын, Тайвандын, Сингапурдун университеттери бар. Ошондой эле Түркиянын Жакынкы Чыгыш техникалык университети жана Израил университети илимпоздор чөйрөсүндө кадыр-барктуу саналат. Бирок Араб дүйнөсүнөн бир да окуу жай жок.

“Таймстын” изилдөөсүндө Батыш университеттери акырындап Чыгыш университеттери менен орун бөлүшө баштаганы айтылат. Изилдөөнүн редактору Филл Бэтинин айтышынча: “Мыкты кадыр-баркка жетүү көптөгөн жылдарды, атүгүл кылымдарды талап кылат. Бүгүнкү маалыматка бай жана карым-катнаш күчтүү дүйнөдө университеттер атаандаштыктан сыртта калып, мурдагы тарыхына ишенип отурбоосу керек. Жаңы күчтүү университеттер пайда болуп жаткандыктан, университеттин начар жактары тез эле байкалып, көпчүлүккө угулат”.

Кыргызстандын университеттеринде окуунун сапатын жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек?

“Менин оюмча, мамлекетибизде ушул тапта жүрүп жаткан процесстер билим берүү тармагын оңдогонго шарт түзүүдө. ЖОЖдордо окутуунун сапатын оңдоо үчүн эки нерсе маанилүү: 1) чыныгы атаандаштык; 2) эркиндик. Анан өкмөт ЖОЖдорду материалдык-техникалык жактан жетээрлик камсыздаса, биздеги билим берүүнүн сапатын туура жолго салганга мүмкүн болот”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков.

Дүйшөн Шаматовдун оюнча, Кыргызстандын университеттери дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларын үлгү тутуп, аларга теңелгенге умтулуусу шарт. “Сапаттуу билим - өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Сапаттуу билим Кыргызстандын келечеги үчүн да маанилүү”, - дейт жаш окумуштуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Алтай Бөрүбаев ал жетектеген комиссиянын элегинен өтпөй калган иштер жылдан жылга көп болуп баратканына токтолду:

- Былтыр эки докторлук, жети кандидаттык диссертацияны артка кайтардык. Калгандары “кулап калбагандай болуп” өтүүдө. (Илимий даражаны ЖОЖдор жана Илимдер академиясы даярдайт эмеспи). Бул алардагы аспирант-докторлордун сапаты төмөндөп кеткенин көрсөтүп турат. “Быйыл анти-плагиат” дегенди киргиздик. Бир айда 100 эмгек текшерилди. Анын 20сы диссертацияны көчүрүп алганы аныкталды. Алардын 10у бекитилген жок. Калганын эксперттер кароодо. Өзгөчө гуманитардык илимдерде, юриспруденцияда, филологияда, философияда кызылдай эле көчүрүп жазуулар.

Академик Бөрүбаев илимий иштердин же илимий кадрлардын сапатын жакшыртууга анти-плагиат системасынын киргизилиши жакшы өбөлгө түзөт деп ишенет.



Кыргызстанда кайсы университеттер эл арасында өтө популярдуу? Окуу жайлардын кайсынысы мыкты деген изилдөө жүргүзүлөбү? Бул жөнүндө Заирбек Бактыбаевдин баяндамасын угуңуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG