Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук университетинин профессору Асылбек Чекеев жакында Прагада өткөн дүйнөлүк форумга катышты. Ал биз менен болгон маегинде өзү 32 жылдан бери иштеген КУУдагы жагдай, математиканы окутуу тармагындагы абал тууралуу ой бөлүштү.

Чекеев: Биз Прагада катышкан жыйын 12-топологиялык симпозиум деп аталат. Беш жылда бир өтөөрүн эске алганда, мындай симпозиумдар 60 жылдан бери өтүп келатканын билебиз. Мындай жыйындарда дүйнө жүзүнөн топология тармагында иштеп жаткан илимпоздор чогулуп, өз жетишкендиктери менен бөлүшүп, кийинки өнүгүү жолдорун талкуулап аныкташат. Баарыбыз көп жылдардан бери бири-бирибизди тааныйбыз, көп маселелерди талкуулап, сагынычты жазабыз дегендей.

"Азаттык": Ошондо ар башка өлкөлөрдөн келген кесиптештериңиз менен баарлашып отуруп, Кыргызстанда математика илими кандай акыбалда деп айтаар элеңиз?

Чекеев: Негизинен Кыргызстан Борбор Азияда айрыкча математиканын эки тармагы боюнча, интегро-дифференциалдык теңдемелер жана топология жагынан жетишкендиктери жаман эмес. Илимди өнүктүрүү иши оңой эмес. Менин бул дүйнөлүк симпозиумга келишим деле жеңил болгон жок. Математиканын дүйнөлүк жетишкендиктери, өнүгүү жолдору талкууланган жыйындарга барып-келүү деле биз үчүн чоң проблема.

"Азаттык": 1984-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин математика факультетинде иштеп келатасыз. Далай жыл декан да болдуңуз. Башка да жогорку окуу жайларда сабак берет экенсиз. Азыркы студенттердин, аларга математика сабагын окутуунун деңгээли, сапаты кандай болуп атат?

Кыргыз улуттук университети

Кыргыз улуттук университети

Чекеев: Ачык эле айтуу керек, сапат маселеси жылдан жылга төмөндөп баратат. Математиканы окутуу ишин жомоктогудай эле сыйкырдуу таякчаны тийгизип оңдоп коюу мүмкүн эмес. Бул көп жылдык системалык иш. Азыр университетке окуйм деп келген студенттердин деңгээли өтө төмөн. Биздин факультетке келгенде жогорку математика, аналитикалык геометрия, сызыктуу алгебра, дагы башка татаал сабактар окутулат. Даярдыгы абдан начар балдар үчүн бул сабактар таптакыр татаалдашып, далайы окуй албай калып калышат. Мектеп мугалимдери математика сабагы жаңы окутуу программаларында кескин кыскарганын айтып жатышат. Акыркы 10 жылда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн сапаты жылдан жылга абдан начарлап баратканы бизге көзгө сайгандай эле көрүнүп турат.

"Азаттык": Жана бир кызыктуу ойду окуп калдым. Математика илиминин негиздерин жакшылап өздөштүрмөйүнчө, айлана-чөйрөдөгү кубулуштарды, дегеле жашоо-турмуштун маңызын түшүнүү мүмкүн эмес деген. Анан бизде мектепте математиканы окутуу азайып баратса...

Чекеев: Бул туура эле ой. Маркс менен Энгельс жазгандай, математика аркылуу табияттагы бардык объектилердин сандык мүнөздөмөсүн салыштырып түшүнүү абдан маанилүү. Байыркы грек философтору Аристотель, Пифагор жана башкалар математика илимин мыкты өздөштүргөн. Математика логигалуу ой жүгүртүүнүн негизи эмеспи, грек тилинен которгондо "чыныгы илим" дегенди туюндурат. Кээде ар башка факультетте окуган студенттер сурап калышат бизге жогорку математиканын эмне кереги бар деп, мен ошондой учурда "силер өзүңөр билбейсиңер, туйбайсыңар. Бирок математиканы окуу аркылуу силердин мээңерде ойлонуунун башкача модели пайда болот. Кийин кандай болбосун турмуштук маселедеби, чарбалык иштеби, алгоритм, же чечим чыгарганга логикалуу, аналитикалык ой жүгүртүүнүн жардамы зор болот" деп кайталап келатам.

"Азаттык": Бир кезде Улуттук университетте мехмат, же механико-математика факультети деп аталчу. Азыр заман талабына жараша математика: информатика жана кибернетика факультети деп аталат экен. Бир кезде силердин факультет математиктерди даярдоо жагынан флагман же алдыңкы ЖОЖ эле, азыр деле ошондойбу?

Биздин факультетке келгенде жогорку математика, аналитикалык геометрия, сызыктуу алгебра, дагы башка татаал сабактар окутулат. Даярдыгы абдан начар балдар үчүн бул сабактар таптакыр татаалдашып, далайы окуй албай калып калышат.

Чекеев: Таза математиктерди биздин факультет гана даярдайт. Арабаев университети, ОшМУ математика сабагынан мугалимдерди чыгарышат. Биз илимдин ушул тармагын өздөштүрүп, андан ары өнүктүрө турган окумуштууларды даярдашыбыз керек эле. Азыр андай болбой жатат, анткени мамлекет менен келишимге кол койгон студенттер окушат, алар окууну бүткөндө өкмөт кайда жөнөтсө, милдеттүү түрдө ошол жакка барып математика сабагынан мугалим болуп иштеши керек.

"Азаттык": Батышта азыр бизнестин түрүнүн баары информатика, математикалык талдоо, математикалык пландоосуз өнүгө албайт. Сиз айткан колдонмо математика, компьютердик илимдер, микробиология, микрофизика өңдүү адистиктер абдан жогору бааланат, талап да күчтүү аларга. Ошол кесип ээлери керек болсо башкалардан бай жашайт. Кыргызстанда жашаган биздин замандаштарга ушундай түшүнүк, аң-сезим жайылып баратабы?

Чекеев: Өзүмдүн тажрыйбамдан айтсам, эң мыкты окуган балдар, кыздар Кыргызстанда калышпайт. Жыл сайын окууга тапшыруу жаңыдан башталганда, биздин факультетке тапшыргандар саны бир орунга 5-10 абитуриент болот. Азыр аларда тандоо мүмкүнчүлүгү бар экен, анан биринчи турдан кийин университеттин окуу шарттарын, керек болсо имараттын ичиндеги жагдайды, материалдык базасын карашат. Анан ары ойлонуп, бери ойлонуп көбү башка жаңыраак, жакшыраак шарттары бар жерге кетип калып атышат. Улуттук университет ал жагынан алдыда деп айта албайбыз азырынча.

"Азаттык": Кыргыз улуттук университети бир кезде өлкөдөгү эң алдыңкы окуу жайы, материалдык базасы башкалардан кыйла күчтүү жай эле. Баары жаңыдан башталып атканда башка жогорку окуу жайлар астында далай артыкчылыктарга ээ эле. Азыр эми бир топ алдыңкы жогорку окуу жайлардан артта калды, ичинде баары эски бойдон калгандай сезилет. Эмне үчүн ушундай болуп калды? Кайрадан алдыңкы окуу жайына айлануу мүмкүнчүлүгү барбы?

Чекеев: Көп нерсени азыр деле биздин университетте болуп аткан окуялар менен байланыштыргым келет. Мисалы, жаңы ректор келгенден бери университетке түшкөн каражаттын баары бир бухгалтерияга түшүп, эң алгачкы кадамдары эле болгон акча каражатты окуу жайын өнүктүрүүгө жумшайлы деген аракеттен башталды. Мугалимдердин, анын ичинде жаш окутуучулардын да айлыктары кыйла көтөрүлдү. Чет жактардагы эл аралык окуу жайлары менен байланышы бар жетекчибиз азыр бир топ жакшы аракеттерди жасап жатат, ушул багытта иштер алдыга жыла берсе, бир топ жетишкендиктер, өзгөрүүлөр болот деп үмүттөнөм. Бизге да чет мамлекеттердин элчиликтери, эл аралык уюмдар менен иштешүү, долбоор жазып аракеттенүү жактарын киргизип атат. Ачыгын эле айтыш керек, биздин университетте көп жылдан бери жаңылануу иштери жасалбай, чор басып кеткендей эле болгон. Ал чорду кетирип, кырып-жышып жаңылантуу абдан оор иш. Эскичил күчтөр далай тоскоолдук кылып атышат азыр деле, жаңычыл күчтөр канчалык кыйын болбосун аларды жеңе алат деген үмүтүм бар.

"Азаттык": Кыргызстандын экономикасы көп жагынан чабал, ирденип көтөрүлө албай келатат. Кумтөргө окшогон ири долбоорлор боюнча келишимдерди түзгөн маалда өзүбүздүн кыйын адистерибиз жок эле, ошонун да кесепети тийди деп калышат. Азыр, же жакынкы келечекте өлкө экономикасын көтөрүп кете ала турган адистерди чыгара алабызбы?

Чекеев: Заманбап, эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдаш үчүн биздин студенттерди, мугалимдерди чет жактардагы университеттерге жиберип, эл аралык стандарттарды, экономикалык жана башка илимдердин жетишкендиктерине сугарыш керек. Биздин университеттеги азыркы жаңычыл күчтөрдүн, жаңы жетекчиликтин да ниети ошондой. Ал максатыбызга канчалык жете алабыз, аны убакыт көрсөтөр. Үмүтүбүз чоң.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG