Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Акунов: Бийлик пайдасыз демилге көтөрдү


Аалыбек Акунов.
Аалыбек Акунов.

Кыргызстанда бир катар саясатчылар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы бийлик менен тирешип жаткан кезде Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Аксыдагы “Үңкүр-Тоо - Өзбекстандын жери” деп билдирүү таратты.

Саясий талдоочу Аалыбек Акунов ушул жаатта “Азаттык” радиосу менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы саясатчылардын, жарандык коомдун биригүүсү бийликти ойлондуруп, демилгечилер Баш мыйзамды өзгөртүү долбоорунан баш тартышы мүмкүнбү?

Акунов: Андай болушу ыктымал, бирок эгемен Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында сегиз жолу Баш мыйзам өзгөртүлбөдүбү. Акаевдин тушунда деле, Бакиевдин учурунда да Конституцияны өзгөртпөш керектигин айтып, референдум өткөрүүгө каршы чыккан саясатчылар болгон. Азыркыдай эле талаш-тартыштар жүргөн. Ал кездери да оппозиция жана жарандык коом бир муштумга биригип, нааразылык айтып жүрүшкөн. Дооронбек Садырбаев, Салижан Жигитов сыяктуу алдыңкы саясатчылар канчалык кеп-кеңештерин беришкени менен бийлик аларды уккан эмес. Өз демилгесин коргоп, референдум менен максатына жетишкен.

Кыргыз бийлигинин тажрыйбасы көрсөтүп жаткандай, аткаминердин баары эле кызматка келгиче демократ болуп, максатына жеткенден соң демократияга далысын салып алат.

“Азаттык”: Демек, бул жолу да ошондой болот, деген ойдосузбу?

Акунов: Эгер тарыхый тажрыйбага кайрылып айта турган болсок, ушундай болушу ыктымал. Экинчиден, азыркы бийлик буга чейин да айрым билдирүүлөрдү жасап, анысы пайда алып келбей турган долбоор экени билингенден соң, демилгени артка кайтарып алган учурлары болгон. Мунусунда да балким ошентиши мүмкүн.

“Азаттык”: Конституцияны өзгөртүүгө каршы топтор күч алган сайын, бийлик да демилгени коргоого бар күчүн сарптап жатканы байкалууда. Ал тапта Өзбекстан менен чек ара маселеси чыңалып, Аксыда Үңкүр-Тоо талашынан улам абал курч турган кезде аткаминерлердин Конституция менен баш оорутуп жатканын кандай баалайсыз?

Акунов: Албетте, бул аябай начар көрүнүш. Үңкүр-Тоо көрүнүп турган көйгөй болууда. Андан башка да чечилиши зарыл маселелер турат. Алсак, Кумтөр проблемасы, Жогорку Нарын ГЭСинин курулушунун башталбай жатып токтоп калышы, тышкы саясаттагы көйгөйлөр, өкмөттүн таянган тоосу катары айтылып жаткан Орусияга артылган үмүттөр акталбай калды, Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткандагы пландар толук ишке ашпады. Ушул маселелерди чечүүнүн ордуна Конституция менен баш оорутуу – чекилик. Бийлик азыр пайдасыз демилгени көтөрүп жатат. Кыргыз бийлигинин тажрыйбасы көрсөтүп жаткандай, аткаминердин баары эле кызматка келгиче демократ болуп, максатына жеткенден соң демократияга далысын салып алат.

Алмазбек Атамбаев абал чыңалып турган кезде, балким өз пикирин билдирип, демилгени токтотуп койсо болот. Эгер ошентсе келаткан шайлоо алдында өзү да, анын бийлиги да аброй топтоп алмак.

“Азаттык”: Эки күн мурун Бишкекте өткөн жыйында президенттик аппараттын өкүлдөрү менен Конституцияны өзгөртүүгө каршы саясатчылар ортосунда бир топ кайым айтышуу болду. Демилге мынчалык олуттуу талаш-тартыш чыгып жаткан учурда президент да үн катышы керекпи? Анткени, азыркы мамлекет башчынын бийлигин кеңейтүү аракети болуп жатат деген сөздөр айтылып жатат.

Акунов: Акаевдин учурунда да Конституцияны өзгөртүү аракеттери жүрүп жатканда, биз “мамлекет башчынын мындан толук кабары жок, айланасындагылар эле жасап жатат, ошондуктан президентке абалды түшүндүрүш керек”, - деп ойлогонбуз. Көрсө, өлкө башчы баарын эле билип, көрүп турат экен. Алмазбек Атамбаев деле Баш мыйзам боюнча мурдараак оюн айткан. Азыркы абал чыңалып турган кезде, балким өз пикирин билдирип, демилгени токтотуп койсо болот. Эгер ошентсе келаткан шайлоо алдында өзү да, анын бийлиги да аброй топтоп алмак.

XS
SM
MD
LG