Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Абэ Трамп менен жолугууга ашыкты


Дональд Трамптын жана Синзо Абэнин келбетин кийгендер Токиодо. 29-октябрь, 2016-жыл.
Дональд Трамптын жана Синзо Абэнин келбетин кийгендер Токиодо. 29-октябрь, 2016-жыл.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп 17-ноябрда Нью-Йоркто Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ менен кездешти.

Баяндамачылар жолугушууга көбүнесе жапон тарап кызыкдар болгонун айтууда.

Жапон премьери Синзо Абэ Токиодон Нью-Йоркко жол тартар алдында АКШнын шайланган президенти менен тез жолугууга умтулушунун себептерин чечмелеп жатып, буларга токтолгон эле.

- Мага дүйнө лидерлери арасынан АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен эң биринчилерден болуп жолугуп жатканым чоң сыймык болуп турат. Мен АКШнын шайланган президенти менен бири-бирибизге ишенгидей мамиле куруп, өсүп – өнүгүү жана дүйнөдөгү тынчтык үчүн бирге иштегим келет.

Синзо Абэ Трампты шайлоодогу жеңишинен кийин телефон чалып куттуктаган саналуу дүйнө лидерлери арасында болгон.

Бирок, буга чейин АКШга быйыл сентябрга барган кезинде президенттикке эки талапкердин ичинен Демократиялык партиянын өкүлү Хиллари Клинтон менен гана кездешкен болчу.

Баяндамачылар муну Жапонияда шайлоодо Хиллари Клинтон жеңет деп ишенгенине байланыштырышкан.

Эми ал АКШнын шайланган президенти менен кездешкен алгачкы дүйнө лидери болду.

17-ноябрдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Трамп эч кандай коментарий жасаган жок.

Ал эми Абэ жолугушуудан кийин АКШнын шайланган президенти "мен бекем ишене ала турган лидер деген тыянакка келдим",- деп айтты.

Барак Обама жана Синзо Абэ. Хиросима, 27-май, 2016-жыл.
Барак Обама жана Синзо Абэ. Хиросима, 27-май, 2016-жыл.

Трамптын шайлоодогу жеңишинен кийин Европа өлкөлөрү сыяктуу эле АКШнын Чыгыш Азиядагы стратегиялык өнөктөштөрү - Жапония менен Түштүк Кореянын бийликтеринде пайда болгон тынчсыздануулары ириде коопсуздук чөйрөсүндө жатат.

Анткени, Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда АКШнын жалпысынан 80 миңдей аскери турган Жапония менен Түштүк Кореяга да коргонуу үчүн чыгымды өздөрү көбүрөөк жумшоого туура келерин эскерткен.

Коммунисттик Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан чочулаган, бирок ошол эле учурда байгер бул өлкөлөр өздөрү өзөктүк куралга ээ болсо да каршы эместигин ишара кылган.

Ага катар АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн жарымынан көбүнүн Тынч океандын түндүк –батышында такай туруусунун максатка ылайыктуулугунан күмөн санаган болчу.

Токиодо жашаган журналист жана баяндамачы Василий Головнин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Жапон аналитиктеринин олуттуулары Трамп Кошмо Штаттардын Азиялык союздаштарында өзөктүк курал болушуна көнүп, анчалык терең кетпейт, бирок коргонуу үчүн акчаны көбүрөөк талап кылары анык деп болжолдошууда. Атүгүл Трамптын коопсуздук боюнча жакын кеңешчилери бул тууралуу анын шайлоодогу жеңишинен кийин деле айтышкан. Трамптын айланасындагы адамдар сөз аскерий базалар жөнүндө гана жүрүп жатпаганын да ишара кылууда. Алар “биз силерди өзөктүк курал, өзөктүк чатыр менен калкалап турабыз жана бул үчүн да төлөө керек. Бизде өзөктүк куралдарды кармоо үчүн кеткен чыгым чоң, келгиле олтуруп, эсептешип, чыгымдын кайсыл үлүшү силерге туура келерин адилеттүү такташалы”,- деп жатышат. Менимче, сүйлөшүүлүөр абдан негиздүү жана узак болсо керек. Жапондор деле буга моралдык жактан даяр. Бирок өзүн алар акыр аягында биротоло ажырашуу болбойт деп сооротушууда. Себеби, жапондордун пикиринде АКШ аскерлеринин Чыгыш Азияда турушу Кошмо Штаттардын өзү үчүнда пайдалуу. Америка аскерлеринин Жапония менен Түштүк Кореядан кетиши Кытай акыркы кездери экспансиясын күчөтүп жаткан Чыгыш Азиянын сууларын ээнсиретип койот.

Вашингтон менен Токионун ортосунда коопсуздук боюнча 1960-жылы кол коюлган келишим бар. Ага ылайык, кокус Жапонияга кол салынса АКШ аны коргоого милдеттүү.

Синзо Абэ менен Дональд Трамптын жолугушуусу Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (APEC) 18-ноябрда Перуда башталуучу саммити алдына туш келди. Ал саммитке Орусия жана Кытай лидерлери катышмакчы.

Перуда Орусия жана Кытай кошулбаган Транс-Тынч океан өнөктөштүгү соода келишимине кол койгон он эки өлкөнүн лидерлеринин өзүнчө жолугушуусу да өтөт.

Бирок, ич ара соодадагы калган тоскоолдуктарды да жоюуну караган бул келишимдин парламенттерде ратификацияланып, күчкө кирүүсү күмөндүү болуп турат.

Дональд Трамптын шайлоодогу жеңишинен кийин Жапониянын биржасында да акциялар арзандаган. Токио, 9-ноябрь, 2016-жыл.
Дональд Трамптын шайлоодогу жеңишинен кийин Жапониянын биржасында да акциялар арзандаган. Токио, 9-ноябрь, 2016-жыл.

Анткени өнөктүк учурунда АКШдагы өндүрүштүк жумушчу орундарын калыбына келтирүүнү убада кылган Трамп аталган соода келишимге да караманча каршы көз караштарын айткан болчу.

Токиодо жашаган журналист жана баяндамачы Василий Головниндин пикиринде, премьер –министри АКШнын шайланган президенти менен жолугууга ашыккан Жапония аталган келишимдин иштөөсүнө абдан кызыкдар:

- Бул дагы жапон жетекчилиги үчүн жеңил эмес, сезимтал тема. Узак талкуулардан кийин Жапония Транс-Тынч океан өнөктөштүгү алар үчүн пайдалуу деген тыянакка келген. Жапон өкмөтү да бул аймактык интеграцияга басым жасап, оппозициянын каршылыгына карабай, келишимди парламенттин ратификациясынан өткөрүүдө. Андыктан жапон жетекчилиги, премьер Абэ мындай типтеги соода альянсы АКШга да пайдалуу экенине Трампты ынандырып, кол коюлган келишимди оңдоо жолу менен болсо да мунаса табууга жетишүүдөн үмүт үзбөй турат.

Кошмо Штаттар - Жапония үчүн Кытайдан кийинки экинчи ири соода өнөк, анын жылдык көлөмү азыр 200 миллиард доллардын тегерегинде.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG