Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Алеппо: алааматтан качкандардын азабы


Франция Сириянын Алеппо шаарындагы абалды талкуулоо үчүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууга чакырды. Соңку маалыматтарга ылайык, акыркы күндөрдөгү уруштардан улам калаада 16 миң адам жер которууга аргасыз болушту.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Мар Айро 29-ноябрда Сириянын Алеппо шаарында тынымсыз согуш аракеттери жүрүп, гуманитардык абал өтө оорлогон шартта “аскердик аракеттерди токтотуу" зарыл экендигин билдирди.

Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелер боюнча өкүлү Стефан О’Брайан Бейрутта 29-ноябрда “согуштук аракеттерди токтотуу үчүн жеринде бардык чараларды көрүүбүз керектигин” айтты. Ал акыркы 3-4 күндүн ичинде Алепподон 16 миңдей жайкын тургун чыгып кеткенин кошумчалады. Брайандын сөзүн анын кесиптеши Женс Лаерк да ырастады:

- Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү соңку күндөрү чабуулдардын күчөшү миңдеген жайкын тургундарды башка жакка орун которууга аргасыз кылды. Алгачкы баяндамаларга караганда 16 миңдей адам үй-жайын таштап кетишкен, алардын азыркы абалы белгисиз жана туруктуу эмес.

Алеппонун чыгыш тарабында дагы 250 миңдей адам калууда.
Алеппонун чыгыш тарабында дагы 250 миңдей адам калууда.

​Британияда жайгашкан Адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюмдун маалыматына ылайык, 15-ноябрда шаардын чыгыш бөлүгүндө өкмөттүк күчтөрдүн аба соккуларынан кеминде 247 адам мүрт кетти. Алардын 11и балдар. Азыр Алеппонун чыгыш бөлүгүндө ар кандай маалыматтар боюнча 250 миңдей тургун кала берүүдө.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Бетина Лучер жабыркаган элге жардамды күчөтүүгө үндөдү:

- Ок атышууну токтотуу боюнча иш жүргүзөлү. Бул акылсыздыкты токтотолу. Башынан көп азапты өткөрүп, абдан кыйналып жаткан элге жардам берели.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү 28-ноябрда калаанын чыгыш бөлүгүндөгү бир нече районду өз карамагына алышкан. Ушуну менен төрт жылдан бери козголоңчулардын колунда болуп келген шаардын чыгыш бөлүгүндөгү 12 район өкмөттүк күчтөргө өттү.

Батыш мамлекеттери өкмөттүк күчтөр орусиялык армиянын колдоосу менен жеңишке жетип жатканын билдирип келет. Кремль болсо бул айыптоолорду четке кагып, бул бир гана Сирия армиясынын күчү менен ишке ашып жатканын ырастоодо.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенковдун айтуусунда, акыркы күндөрү сириялык аскерлер Алеппонун чыгышындагы абалды түп-тамырынан өзгөртүштү. Ал аймакта акыркы жылдары тирүү калканыч катары колдонулуп келген 80 миңдей адам бошотулганын кошумчалады.

Алеппо 2011-жылы көтөрүлүш башталгандан бери Сирия оппозициясынын эң маанилүү таяныч пункту болуп келатат. Шаарды толук көзөмөлгө алуу өкмөт үчүн чоң жеңиш болуп калмакчы. Сириядагы согуш башталганына алты жыл аяк басты.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG