Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Борбор Азиядагы радикализм көйгөйү


Элен Тибо.
Элен Тибо.

Борбор Азиядагы диний маселелерди изилдеген окумуштуулардын тобу Эл аралык кризис тобунун (ICG) Борбор Азиядагы ислам радикализми тууралуу кезектеги баяндамасына байланыштуу кайрылуу жасады. The Diplomat басылмасында чыккан ачык катта окумуштуулар отчеттун айрым жерлери менен макул эместигин билдиришкен. Кол койгондордун бири, Астанадагы Назарбаев университетинин саясий илимдер жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн профессору Элен Тибо «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

Кайрылуунун авторлору Борбор Азиядагы дин жаатындагы өзгөрүүлөрдү аңдап-билүү маанилүү деп белгилешкен. Элен Тибо түрдүү изилдөө топторунун жыйынтыктары саясатты аныктоодо да колдонуларын белгилеп, өз сөзүн 25 жылдан бери Борбор Азия жумурияттарында дин чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр канчалык олуттуу деген маселеден баштады.

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

Элен Тибо: Ооба, өзгөрүүлөр болуп келатат. Диний жаңылануу жөнүндө айтып жатышат. Бирок бул термин да тиешелүү адабиятта көп талаш жаратууда. Динге болгон кызыгуу ал өлкөлөрдө өсүп жатат. Албетте, Түркмөнстанга изилдөөчүлөр көп бара албагандыктан, ал жактагы кырдаалды жакшы билбейбиз. Калктын бардык катмарында жаш- кары дебей, динге кызыккандар, дин туткандар көбөйүүдө. Ошол эле маалда Борбор Азияда секуляризм баалуулуктары күчтүү бойдон калууда. Элдин басымдуу бөлүгү мамлекет динден бөлүнүүгө тийиш деген саясий принципти өтө олуттуу кабыл алышат. Муну менен катар, мындайча айтканда, радикалдуураак топтордун пайда болгону да чындык. Андай топтор мурда жок болчу. Аларга көңүл буруу бүгүнкү күндө маанилүү болгону менен, бул феномен анча жайылган эмес, алар азчылыкты түзөт.

"Азаттык": Диний экстремисттердин катарына кошулгандардын көбү колунда жоктор, жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккандар, эмгек миграциясында жүргөндөр деп көп эле айтылып келет. Чындап эле жакырчылык менен радикалдашуунун түздөн-түз байланышы барбы?

Элен Тибо​: Кыргызстан менен Тажикстанда кедейчиликтин деңгээли жогору экени чын да. Мисалы, Сирия менен Иракка жөнөгөн борборазиялыктардын арасында мигранттар көп. Албетте, алар жакшы турмуштан бөтөн жерге иш издеп кетишкен жок. Алар баягы эле колунда жоктор. Муну менен кошо маанилүү жагдайды белгилей кетүү зарыл, алар жакырчылыктан эмес, обочолонуудан улам радикалдардын катарын толуктоодо. Мигранттардын Орусиядагы жашоосу оңой эместигин элестетсе болот. Иштөө шарттары оор, кемсинтүү учурлары көп, мигранттар өздөрүн экинчи сорттогу адамдар катары сезишет. Ошондой эле урук-туугандарынан алыста, коомдун сыртында калгандай болушат. Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” радикал тобуна кошулгандардын арасында мусулманчылыкты жаңы кабыл алган европалыктар бар. Алар да жогору айткан себептерден улам, социалдык обочодо калгандыктан экстремисттерди ээрчишет. Бардыгы эле колунда жоктор деп айтканга болбойт. Демек, жакырчылык менен бирге изоляцияны, адилетсиздикти да белгилей кетиш керек.

"Азаттык": Кайрылууда ошондой эле салттуу эмес топтор коркунуч жаратат деген ырастоого макул эместигиңиздерди билдирдиңиздер. Региондо дестабилдештирүүнүн булактары деп кайсы топторду атаса болот?

Элен Тибо​: Советтик доордогу адабиятта салттуу эмес ислам агымдары деп вахабилерди аташчу. Азыр болсо кырдаал өзгөрдү. Вахабилер жөнүндө дагы деле айтылып келет, бирок коркунуч катары салафилер каралууда. Казакстанда жакында аларга тыюу салынды. Ал агым расмий түрдө экстремисттик деп таанылган. Бирок бул жерде карама-каршылык пайда болууда. Адамдын салафи же салафи эместигин, салттуу эмес топту ким аныктайт? Аны кантип билсе болот? Бардык эле салафилер радикалдар эмес, бардыгы эле зордук-зомбулукту жакташпайт. Алар ошол зомбулук жактан алганда радикал эмес. Бирок тигил же бул өлкөдөгү коомдогу өзгөрүүлөр жагынан саясаты радикалдуу болушу мүмкүн.

"Азаттык": Кайрылууда постсоветтик Борбор Азиядагы секулярдык өкмөттөр менен диний уюмдардын тирешүүсү жөнүндө да учкай айтылат. Ошондой тирешүү дагы деле уланып жатабы?

Элен Тибо​: Ошондой деп ойлойм. Ал өлкөлөрдүн бийликтери айрым учурларда диний жаңыланууну секуляризмге коркунуч жараткан фактор катары билишет. Советтик доордон калган динди көзөмөлдөө көрүнүшү региондо дагы деле күчтүү. Өкмөттөр диний башкарууга көп кийлигишишет. Балким, тирешүү эмес, көбүрөөк кийлигишүү жөнүндө айтуу туура болмок. Динзарлар кандай кийиниш керек, эмне кылууга укуктуу, эмнелерге акысы жок. Мындайга Тажикстанда көп жылдардан бери күбө болуп келатабыз. Ал өлкөдө региондогу жападан жалгыз диний партияга да тыюу салышканын белгилей кетүү зарыл. Ал байистүү партия террордук уюмдардын тизмесине киргизилген. Алардын мамлекеттик төңкөрүш аракетине канчалык аралашканы, албетте, көп суроолорду жаратат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG