Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:09

Бакиевдин мүлкүн сатууга Сарпашев күнөөлүүбү?


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуш кылды. Мындай сунушка Бишкектеги Максим Бакиевге таандык имаратты камакка алуу боюнча сот чечимин аткарбаганы негиз болгон.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин Бишкектин чок ортосундагы бир гектардан ашык жерди ээлеген имаратынын сатылышы боюнча чырды Башкы прокуратура кызытты.

Бул орган Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алууну сунуштап, премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Башкы көзөмөл органдын жүйөсүндө, Сарпашев сот чечимин көзгө илбей, имаратты камактан чыгарууга буйрук берген:

- Прокурордук чара көрүүгө Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Сарпашевдин Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсү 45-45а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө арест салуу боюнча Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү негиз болду. Белгилеп кетчү нерсе, Мамлекеттик каттоо кызматы аталган чечимди кассациялык түрдө даттануу үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын атайын кабарлоо баракчасын алган. Мындан тышкары Т.Сарпашев жогорудагыдай көрсөтмө берип жаткан мезгилде Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы аталган аныктамасы Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасы менен токтотулган, - деп билдирди Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова.

Буга байланыштуу көзөмөл орган Тайырбек Сарпашевдин өзүнүн милдетин так аткарган эмес деп айыптап жатат.

Премьер-министр Башкы прокуратуранын сунушу боюнча кандай чечим кабыл алары белгисиз. Бул боюнча комментарий бере элек.

Бакиевдин жери жең ичинен сатылган

Бакиевдин жери жең ичинен сатылган

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштарына таандык делген, камакта турган мүлктөрдүн сатылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Ал эми Тайырбек Сарпашев дарегине айтылган сын пикирге ошол замат жооп кайтарды. Мамкаттоо жетекчиси бул маселе боюнча атайын маалымат жыйынын өткөрүп, түшүндүрмө берди. Сарпашевдин жүйөсүндө, Каттоо кызматы Максим Бакиевдики деген жер тилкесине байланыштуу иште мыйзам бузган эмес, соттун чечимин гана аткарган:

- Жерди камакка алуу тууралуу Бишкек шаардык соттун чечими 2-ноябрда кабыл алынган. Ал эми бизди ал тууралуу 28-декабрда кабардар кылышты. Эмне себептен биздин кызматка бул сот чечими тууралуу маалымат кеч берилгендиги териштирилиши зарыл.

Сарпашев ушул жагдайды териштирүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрыларын кошумчалады. Ошондой эле Тайырбек Сарпашев бул маселени атайын саясатташтырып, аны каралоого кызыкдар күчтөр бар деген божомолун да айтты:

- Мен айрым саясий күчтөрдүн Сарпашевди президенттик шайлоого чейин кызматтан кетирүүгө кызыкчылыгы бар деп айта алам. Алар Мамкаттоонун шайлоонун жүрүшүн өзгөртчү системасы бар деп жаңылыш ойлошот. Алар биометрикалык системанын ачык-айкындуулугунан жакшы кабардар болбогону үчүн ушундай туура эмес ойлорду ойлоп алышкан. Мен прокуратуранын сунушу боюнча өкмөт башчы менен жолугуп, позициябызды түшүндүрдүм. Мындан сырткары Башкы прокуратурага кайрылып, бул ишти дыкат карап чыгууну суранам.

Чыры көп жер

Максим Бакиевге таандык болгон бир гектардан ашык жердин сатылып кеткени быйыл жыл башында ачыкка чыккан. 18-январда Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштары Алексей Елисеев, Алексей Ширшовго таандык делген, камакта турган мүлктөр боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссия иште абдан көп күмөндүү жагдайлар бар экенин аныктап, укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу маселесин көтөрүп чыккан.

Комиссиянын маалыматы боюнча, Сарпашевдин буйругу менен камактан чыгарылган имарат былтыр дароо сатылып, үчүнчү кишилердин колуна өтүп кеткен.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Буга байланыштуу депутаттар мурдагы бийлик басып алган жерлерди колдон-колго өткөрүү аракети уланып жатканын айтышууда.

Комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокуратуранын өтүнүчүн жетишсиз деп эсептейт:

- Рейдерлик жол менен тартылып алынган Максим Бакиевдин 3 миллион долларга бааланган мүлкү Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын жетекчиси Сарпашевдин аралашуусу менен үчүнчү колго өтүп кеткен. Муну рейдерлик, мародерлук катары санасак болот. Ошондуктан, бул жерде Сарпашев кызматтан гана алынбастан, мыйзам алдында жооп бериши керек.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматына ылайык, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн буйругу менен жалпысынан Кыргызстан боюнча Бакиевдерге таандык 47 мүлк улутташтырылган. Бул мүлктөрдүн көпчүлүгү боюнча чыр чыгып, азыркы учурга чейин токтобой келет.

Апрел ыңкылабынан соң Улуттук коопсуздук комитетин башкарган генерал Кеңешбек Дүйшөбаев бул маселе боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгилейт:

- Ыңкылаптан соң биз баары болбосо да Бакиевдер мыйзамсыз жол менен тартып алган бир топ объекттерди элге кайтарганга аракет кылганбыз. Бирок ошол жумуш аягына чыкпай калганын моюнубузга алышыбыз керек. Эми коомчулуктун, элдин арты менен ал мүлктөр боюнча кандай мыйзамсыз иштер болгону белгилүү болуп жатат. Муну аягына чыгарышыбыз керек.

2010-жылы Башкы прокуратураны жетектеген Байтемир Ибраев "Азаттык" радиосуна берген маегинде Бакиевдерге байланыштуу жүздөн ашуун иш ачылганын, алардын дээрлик ар биринде мүлккө тиешелүү маселе бардыгын айтып берди. Мурдагы прокурор жети жылдан бери бул жаатта эмне болгонун өзүнчө иликтеп чыгууну сунуштайт.

Ибраев: Жети жылдан берки Бакиевдердин мүлкүн текшерүү керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00
Түз линк

Башкы прокуратура кызматтан алууну сунуштаган 49 жаштагы Тайырбек Сарпашев 2000-жылдардан тарта саясатта жүрөт. Ал Жогорку Кеңеште депутат, вице-спикер болсо, Апрел ыңкылабынан соң бийликчил Социал-демократтар партиясынын мүчөсү катары вице-премьер, биринчи вице-премьерликти аркалаган.

Бул жылдар аралыгында Сарпашевдин дарегине бир нече сын пикирлер айтылып, бирок саясатчы аларды четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG